«Айтматовдон алган сабагым» дилбаян конкурсунун 1-турунун жыйынтыгы

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев демилгелеп, «РухЭш» сайты жогорку класстардын окуучулары арасында жүргүзүп жаткан республикалык дилбаян конкурсунун 1-туру кубантарлык натыйжа менен жыйынтыкталды. Омоктуу ойлорду жазган 63 катышуучунун (дилбаяны көркөм талапка жооп берет деп жарыялангандар) 25и калыстар тобунун жогорку бааларын алышты.

Кымбаттуу катышуучулар! Конкурска катышкан ар бириңерди кайсы бир деңгээлде жеңүүчү деп таанысак болот. Анткени адабият окудуңар, ойлонуп-толгондуңар, аздыр-көптүр эмгек кылдыңар. Ушунун өзү ийгиликтин, коом үчүн жасалган пайданын алгачкы кадамдары. Дилбаян конкурсуна катышкан ар бир окуучуга ак жол, албан ийгиликтерди каалайбыз!

Калыстар тобунун баасы менен төмөндөгү катышуучулар 2-турга өткөрүлдү. Азыркы өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2-туру качан өткөрүлө турганы белгисиз болууда. Өзгөчө кырдаал мөөнөтү бүткөн мезгилде тактап кабарлайбыз.

  1. Нурдинова Диора. Ош, №21 Пушкин атындагы мектеп-гимназия
  2. Закиралиева Зарина. Ош, №50 П. Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназия
  3. Ахадова Фатима. Ош, №22 С. Шарипов атындагы мектеп-гимназия
  4. Жаныш уулу Каныбек. Ош, №35 Ж. Атабаев атындагы мектеп-гимназия
  5. Алтынбек кызы Айдай. Ош, №50 П. Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназия
  6. Уланбекова Сирена. Ош, №52 мектеп-лицей
  7. Адылбекова Айназик. Ош, №27 мектеп
  8. Мырзажанова Элина. Ош, №31 Курманжан датка мектеби
  9. Ракматуллаев Абдурашит. Ош, №50 П. Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназия
  10. Акпарали кызы Бактыгүл. Баткен, Бужум
  11. Нурланбек кызы Гаухар. Жалал-Абад, Чаткал, Курулуш
  12. Нурбекова Гүлдана. Жалал-Абад, Аксы, Кум
  13. Шукурбек кызы Саипжамал. Баткен, Кадамжай, Кереге таш  
  14. Бактыбек к. Нурия. Ош, Кара-Суу, Кызыл абад
  15. Иминова Хуснида. Ош, №19 Т. Г. Шевченко атындагы мектеп
  16. Мунарбек уулу Айтбек. Нарын, М. Субакожоев атындагы лицей
  17. Тилебалдыева Бермет. Кемин, №3 Насыр Давлесов атындагы орто мектеп
  18. Тилебалдыев Тилек. Кемин, №3 Насыр Давлесов атындагы орто мектеп
  19. Карагулов Акылбек. Ысык-Көл, Балыкчы, №4 гимназия
  20. Нурланбекова Дилшат, Талас, Кара буура, Шекер
  21. Жекшалиев Тагай, Ысык-Көл, Тамчы
  22. Иличбекова Айгерим, Ысык-Көл, Балыкчы, №4 гимназия
  23. Жолдошбек уулу Бектур, Нарын, Эчки башы
  24. Акималиев Бекзат, Нарын, Ак талаа, Кош дөбө
  25. Кожоева Ырысгүл, Бишкек

Азырынча уюштуруу тобунун атынан 2-турга өткөн катышуучуларды куттуктайбыз!

Комментарий калтырыңыз