Рахат Аманова: Мишканын ити

АҢГЕМЕ

Мишка чоң атасына куюп койгондой окшош: сары чийкил, коңкойгон бүркүт тумшук, арыкчырайынан келген шыңга бойлуу бала. Көргөндүн баары: “Чоң атасынын эле өзү! Копия экен!”- дей беришет. Ошо орус түспөл үчүн Мишка атыгып кеткен. Негедир ушул жакта сары, коңко мурун балдарды оруска окшотуп, Мишка деп атаган жайылып кетиптир. Орус түспөл балдар кыргызда төрөлуп турат эмеспи, алардын баарын тегиз “сары” дешет. Сары Мишкалардын  катары көбөйүп, айрымдары эбак чоң киши болуп калган  үчүн азыр аларды “белгиси” менен  айырмалап айтышат: көр Мишка, узун Мишка, кодо Мишка, Мишка түгөт ж.б. деп.

Бул Мишканы чоң атасы менен энеси багып алган, тогузга эми чыкты, мектепке барат. Али кичинекей бала үчүн кошумча “желим ат” жабыша элек. Өйүз-бүйүз  жарларда жайгашкан  айылдарды ортодогу сай менен дарыя бөлүп, анан бир кууш көпүрө бириктирип турат. Мектеп маңдайдагы коңшу айылда, бул айылдын балдары чогуу  барып-келип окушат.

Түштө мектепке жөнөгөн Мишканы көпүрөдөн өткөнгө чейин ити ээрчип барып, кайра ошо жерден күтүп алган адаты бар. Итинин аты – Жолборс. Ал кадимки эле кыргыздын короочу ит тукумунан чыккан таза кандуусу. Кыргыздын короочу иттери өтө сак, аябай акылдуу, сөөлөттүү анан төрөпейил келет эмеспи. Сарала түспөл кара темгилдүү Жолборс нагыз ошондой кыргыздын короочу итинен болчу.

Мишка менен Жолборс экөөнүн жаны бир. Энеси күлүп айтмакчы: “Бир аяктан аш ичип, бир төшөккө жатпаганы эле болбосо, экөөнүн жаны бирге!”. Энеси дайыма күлүп ушинтип айтат, ал сөзү чын. Небереси менен Жолборстун өтө жакындыгынан, алтургай, кемпир-чал чочулап, экөөнү эки жакка бөлбөйт дагы эле. Кусадан бала деле, ити деле ооруп калгыдай. Өткөндө небересин коңшу айылда жашаган ата-апасына айылчылатып  жөнөтүштү. Ит бир күн эч нерсе жебей жатып, анан эртеси эрте менен атылган октой секирип туруп, учуп жөнөдү.

Жар башынан Жолборстун коңшу айылга кеткенин карап турган кемпир-чал, Мишканы ити менен экинчи бөлбөйбүз деп макулдашкан эле. Былтыр жайлоодо небересинин аруусу кармап калып араң өзүнө келтирип төшөккө жаткырган эне, бир маалда иттин кирип келип баланын жанына жатып алганын көрдү. Кемпир көрө сала “чык”, “кет” деп тап берсе, каакымдын паригин үйлөгөндөй көрбөгөн Жолборс, төрөпейилдигине салып, башын көтөрүп: “Бала ооруп атат… Акырын?..” - дегендей акылдуу көздөрү менен карап койду. Бая эле оозунан ак көбүк агып, титиреп, өзүн жоготуп, кемпир-чалдын эсин эки чыгарган небереси көзүн ачып, итин көрүп, мойнунан кучактаган боюнча жылмайып уйкуга кирди. Баласынын ушинтип аруусу (эпилепсия) кармай берген үчүн эси чыгып, айласы кеткен уул-келини  апкеп берген эле. Анткени энеси кыргызчылык менен ырым-жырым жасап: чийди түтөтүп, кызыл-тазыл чүпүрөк менен ооруну “бууп” ж.б. миң алакет жасап, догдурлар «айыкпайт, опурталдуу» деген оорунун эпкинин кыйла кайтарып салган болчу.

Чалы эшиктен кирип келип, жанаша жатып мемиреп уктап жаткан ит менен небересин көргөндө кемпири: “Тим кой!.. Унчукпа! Акырын сүйлө...”- дегендей ишарат берди. Эртеси эрте менен Мишка куландан соо так секирип күлүп туруп, Жолборс экөө боз үйдөн жүгүргөн боюнча оюн салып, атып чыгып кетишти. Түнү менен чийге пахтаны ороп, майлап, күйгүзүп шам жагып келме келтирип, небересинин ден соолугун Кудайдан тилеп, жакасын уучтап отурган кемпир-чал шыбырап сүйлөп, бутунун учу менен басып, кирип-чыгып темир очоктун боюнда кирпик какпай чыгышкан эле. Балага туулгандан жармашкан бу илдеттин мойнун буруп, адаштырып коюш үчүн да кемпир-чал небересинин атын өзгөртүп Мишка деп алышкан.

Ошо боюнча дагы он күн аралыгында эки жолу баланын аруусу кармаган  сайын ит жыла басып үйгө кирип, жанына жатып жүрүп, Мишка оорудан таптаза айыгып кеткен. Көптү көргөн карылар анын себебин түшүнүштү. Акылдуу ит ооруну өзүнө өткөрүп, бирок жаны бышык болгон үчүн  тоготкон жок деп жоромолдоп коюшту. “Иттин жаны бекем”,“Ит жандуу жаны бышык”, “Ит адамдын досу” деген сөздөр бекер айтылган эмес да деп, Жолборско берер ашын таппай, байкуш карылар да, ата-апасы да баланы Кайыптан кайра тапкандай басса-турса Кудайга ыраазычылыгын айтып жүрүшкөн кези эле.

Мектеби алыс болгондуктан, кышындасы эрте эле каш карайып, караңгы кирип калган маалда бала сабактан кайтат. Андайда чал-кемпир анча кыжаалат болушпайт, анткени үйдү айланчыктап жүргөн Жолборс түштөн кийин бала келер маалда жыгач кашаанын илмегин тумшугу менен өйдө түртүп, атырыла тик жардан ылдый түшкөн бойдон сай жол менен чуркап жөнөйт. Анан бир аздан кийин жолду катар балдар болуп кар урушмай ойноп, алыс жолдо сайдын суугуна үшүй түшкөн энтеңдеген Мишка менен аны жандап келген Жолборс көрүнөт. Экөө жарышып чуркап келгенге энтиккен небересин кагылып-согулуп тосуп алган кемпир-чал Жолборско да кире беришке төшөнчү салып беришчү.

Итти эшикке таштап койгонго көңүлдөрү кыйбайт, кышы менен анын орду ошо бут чечкен сөөрүсү бар далис. Жолборс эгерим шыйпаңдап жагынып, же бирдемеден коркуп сестенип каңшылап кача турган, же бейчеки арсылдап үрө берер ит эмес эле. Көрбөгөндү көрүп көзү ачык болуп калганы менен, эгерим “көрдүм”, “билем” деп бирдеме айтпаган бир мүнөз карыя, Жолборсту өзүнө окшотуп “сырттаным” деп койчу.

Күздүн жылуу бир күнү баланын эсинде өмүр бою калды.Чоң атасы менен энесиникине айылчылап келген алты жашар карындашын Мишка  ойнотуп аткан. Акылдуу Жолборс сөөрүгө чыгып кетпей, балдардын көңүлү менен болуп, карап коюп жатат. Ийик ийрип отурган энеси жыгач кашаанын эшигин ачып кирип келаткан кобурду тыңшап, эшикти ачып, бир карап эле балдарына коркуп кеткен үнү менен ымдады:

– Мишкабай бекит!.. Жолборсту бекит дейм!.. Ит атар..- деп. Учуп турган Мишка итин сөөрүнүн капталындагы эшикти ачып, астына киргизип жибергенге үлгүрдү. Аңгыча капыл-тапыл кирип келген ит атарлар эне менен амандашып, улуурагы өктөм унчукту:

– Эне, итиңер каякта?!

– Итпи?.. О итти наркы айылга балам алып кеткен эле... Ит жок! Каяктагы ит?..- деп өмүрүндө калп сүйлөп көрбөгөн кемпирдин ээктери титиреп, өзүнүн айласыз айткан жалган сөзүнө өзү какап, бирок анысына да кайыл эптеп итти сактап калыш үчүн жан далбастай көздөрүн ирмегилейт.

Ар ким өз ишинин устасы эмеспи. Айылма айыл түрө кыдырып, канча жылдан бери түмөн иттин түрүн атып көнгөн ит атарлар жөн коймокпу? Экөө тең ит атып жүрүп, өздөрү кудум ит сыяктуу жытчыл болуп, кылт эткенди сезип, билип калган ишинин адистери болчу. Жашыраагы мыскылдагансып мыйыгынан күлүп кемпирге карады:

– Эне, мына, итиңердин жаткан орду турбайбы? Азыр эле туруптур бу жерден! Бул жакка беките койгон турбайсыңарбы! - сөөрүнүн эшигин ачып, анда унчукпай жаткан Жолборсту көрсөттү. Жанатан билбей кетип калышат ко деп турган Мишка чыңырып жиберди:

– Тийбе итиме! Жолборско тийбе дейм! Эне-е, мен атамы чакырып келейин! Сиз Жолборсту кармап туруңуз, эне!..- чоң атасын чакырганы эшикке атып чыгып кетти. Ит атарлар энесин тоготпой атканын көргөн бала, чоң атасына ишенип чуркады. Карыя  жардан ылдый сайга түшүп, эшегине эки фляганы артып суудан келаткан.

Ит атарлар сөзгө келбей Жолборстун мойнуна кайыш каргыны салып, жол жакка жетелеп жөнөштү. Кемпирдин айтпаганы калбай, небере кызын бир колу менен жетелеп ээрчип алган.

– Эми ушу бир итти тим эле койбойсуңарбы, а балам? Йе, айланайын, сөз укпай эмне болуп калгансыңар аа?.. Ботом, ушунча да таш боор болосуңарбы, балам?.. Куудай төрт чачы калган башымы салбыратып, жалдыратып?.. Ыя, балам, бу Мишканин ити эле да?.. Итин атып койсоңор бала эмне болот?..- ээрчип суранган кемпирдин сөзүнө экөө “чым” деп койгон жок.

Мындай көрүнүш кадыресе болуп, буларга көнүмүш болуп калгандай. Канчасы ушинтип суранат дейсиң! Баарын уга берсе анда бирине-бири атаандашып, эртең эле совхоздун конторуна же селсеветке арызданып барар. Анан эр болсоң айыптан кутулуп көр!

– Ээ, эне, эмне эле суранасыз?! Өкүмөт оору чыгат, ит-мышыкты калтырбай аткыла деп атпайбы?! Биз эмне кылалы?! - улуурагы корс этип бир тийди.

Баятан бери буларды сөзгө келеби деп катуу тийбей “балам” деп жалына сүйлөп ээрчип бараткан кемпирдин эми жаак эттери титиреп, көздөрү ачуулуу чакчайып алкынып коё берди:

– Ок, караңгы десе! Караңгы! Ок, наалаты десе!.. Имне Бережнүп үйдөгү жакшына итти ат дептирби, а?! Өкүмат жолбун иттерди аткыла десе керек эле, а?!.. Оо, караңгы, наалатылар! Адамды ушунча жалдыратып какшатасыңарбы, аа?! Караңгы турбайсыңарбы! Караңгылар, аа!.. Наалаты десе!..

Жолборс болсо кадимки сырттан сөөлөтүнөн жазбай, жүнү жалтылдап, ары-бери  булкунуп да койбой, чоочуркап үрүп да койбой, кериле басып унчукпай келди.

Ушинтип ээрчишип жол боюндагы эки ача столбанын жанына  келгиче кошуна-колоңдор ызы-чууну угуп үйлөрүнөн чыгып келип калышкан эле. Столбанын жанына келгендер “тим эле койгулачы” деп суранышса болбой, ит атар каргыны столбага арта байлап, Жолборско мылтыгын кезеди. Жолборс болсо унчукпай чокчоюп отуруп, кемпирдин жанындагы кызды карайт. Кымындай коркуу жок көздөрү менен кичинекей кыздан көзүн албайт. Балким, акыркы ирмемде Мишканы таппай, карындашын жакынсып турду бейм? Дал ошол убакта: “Жолбо-о-орс!. Эне-е!.. Жолбо-орс!..” деп чымын-куюн түшүп жүгүрүп келаткан Мишка көрүндү. Артынан колунда камчысы бар чоң атасы арышын кере басып ашыгып келатыптыр.

“Та-арс” этип катар  атылган мылтыктын үнүнө “каңк” эткен Жолборстун ачуу үнү чыгып, түйүлүп барып кулап түштү… Кемпирдин этегин кармап турган кыз: “Эне-е-е!.. Жолбо-орс! Жолбо-о-орс..” деп чыңырып ыйлап кирди. Кемпирдин үнү кардыгып, ак чачтары жоолугунун учунан сербейип көрүнүп, жаны күйүп кашайганы  кеткен турпатынан билинип: “Оо, какмарлар! Ушу кантип болсун?!. Ушундай кантип таш боор болсун?!.” дей берди. Күйүгүп чуркап жетип келген Мишка жерде кансырап жаткан Жолборсту бир карап, ишенбегендей энесин бир карап, анан үнүнүн болушунча:

– Жолбо-орс! Жолбо-о-орс дейм?!. Жолбо-орсс! -  деп чыңырып жиберди. Бала жер-сууну бузуп ыйлап, ит атарларга карап: – Ээээ- э-энннңң!.. Атып койдуңарбы?!. Эээ-э-эннңң... Жолборс дейм!?. Жолбоорс?! Ээ-э-нннңң…- деген боюнча балбалактаган жеңи менен токтобой аккан жашын сүртүп, үңүлдөп төш жакка чуркады. Аңгыча келип калган карыя көзүнөн чаары чыгып, сакалы титиреп, үнү кардыга сөгүп-сөздөп каарып кирди.

– Аа... акмактарым... аай! Атаңдын оозунурайын кем акылдар аа!.. Мыкаачылар!.. Бооруңар таштан беле?! Бу бир ооз жалынганда ойлонот да адам деген!.. Оо, убалдан коркпогон мыкаачылар! – деген карыянын ачуу үнү, чыңырып ыйлап төшкө качып бараткан баланын үнү, энесинин этегине башын катып чырылдап ыйлаган наристе кыздын үнү, ак чачтары сербейип жоолугунун учунан көрүнгөн эненин кардыккан үнү, жарданып карап турган улуу-кичүүнүн наалат айткан үнү заматта нес кылып койгондой, мындайды күтпөгөн ит атарлар басар изин таппай калгандай турган ордунда теңселип калышты.

Мурда дайыма ээлери жалдыраса болбой, кулак кагып койбой иттерди атып басып кетип калчу аягы азыр шилтенбей турду. Көпчүлүктүн ачуу аралаш сөзүнөн, көзүнөн өткөн уу болбойт! Азыр ит атарлар өмүрүндө биринчи жолу ачуу сөздөргө уугуп турган сүлдөрүн сүдүрөп араң басып баратышты. Бир чайкам уу жутуп алгандай ачуу сөзгө уугуп, көңүлдөрү айныды. Дөңгө чыкканда жашы улуусу аркасына кылчайып караса, төшкө чуркап кеткен баласынын аркасынан чоң атасы бараткан экен. Кемпир ыйлаган кыздын колунан жетелеп, араң илкип үй жагына жөнөптүр. Ойлонбой ок атып алганы бир үйгө мынчалык алаамат саларын башында аңдабаган ит атардын улуусу шеригин кетирип жиберип, дөңсөөдө отуруп, ойлуу телмирип тамекисин бурулдатып кыйлага чейин отурду...

Бир жумадан кийин баланын сабакта экенин билген ит атарлар кемпир-чалдын үйүнө келишти. Аларды «келгиле» деп суз кабыл алган кемпир баары бир үйгө киргизип астыларына нан боорсок, чөбөгө, сары май, айран катык жылуу атала койду.Ал-жай суршып болгондон кийин улуусу сөз баштады.

– Аба, өткөндө айып иш кылдык. Өкүмөттүн иши деп жүрүп, адам сыягынан чыгып калыптырбыз... Кечирим сурап келдик эле... Энем экөөң кечирип койгула бизди?.. Сураштырып жүрүп, жакшы иттин тукуму деп, мынабу күчүктү апкедик... Балага берип коюңуздар, - деген экөөнө карыя бир тиктеп алып, акырын унчукту:

– Кечирбей имне, балам, кечирбей имне? Силерди кечирбей биз каякка барат элек? Өзүбүздүн эле баласыңар! Балам, бирок экинчи ойлонуп иш кылгыла: милдетиң миң болсо да, сабылып, суранып турганга бир карап койгула?!. Илгери эрепересия дегенде силерге окшогондор милдетим дебей адамгерчелик кылса... канча адам камалбай, канчасы атылбай калмак... Ээ, эми аны айтканда. Эсиме түшүп кетпедиби... Бирди-жарым кайтчу жерден кайтып жүргүлө, балдарым, кармаган жерден сындыра бербей! Кийин өкүнүчү оор болот мындайдын, - деди.

Убакыт учкан куштай өтүп, эки жылдан кийин тоо этегиндеги он беш үйлүү айылды аралап баягы ит атарлар келатышкан. Аңгыча төш жактан: «Жолборс! Жолборс! Ал, ме! Ме дейм!» - деген баланын үнүн угуп калышты. Күн нуруна агала, караласы бар сары жүндөрү жалтылдаган ит менен бою өсө түшкөн бала карындашы экөө ойноп атышыптыр. Төштүн эгини орулган кенен этегинде оюн салып жүргөн үчөөнү көргөн ит атарлар баягы дөңсө жерге отуруп, улуусу тамекисин тутандырды.

Жолборсу менен ойноп аткан Мишканы, сербейген карындашын, берекеси төгүлгөн күздүн кучагына бөлөнгөн алакандай  айылды, заңкайган тоолорду, жылуу теребелди карап экөө унчукпай отурду. Улуусу баятан: «Тирүүлүктө тирүү жанды тирүү жан жайраган токтойт бекен?..» деген миң түркүн ойго термелип отурган эле. Анан бир маалда улуурагы балдар жакты дагы бир карап алып, көзүнө сарыгып келген жашын сүртүп, үнү кардыга:

– Жүр, кетели,- деди.

Жашыраагы да мылтыгын жерден ылдый болуп алганча көз жашын көрсөтпөй сүртүп алып жөнөп кетишти. Көз жашы эмнеге акканын бир гана өздөрү билет болчу...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз