Жан дүйнөсү бай адам, тагдырдан көп үмүт этпейт

  • 24.08.2020
  • 4124

Артур Шопенгауэр (1788-1860) – немис философу жана математиги, аны жер шарында жашаган философтордун ичинен эң көрүнүктүүсү жана улуу ойчул деп эсептешет.

Ал бай ак сөөктүн үй-бүлөсүндө туулуп-өсүп эң мыкты билим алган. 1918-жылы ал өзүнүн бүт дүйнөгө белгилүү “Тынчтык – бул эрк жана түшүнүү”аттуу философиялык китебин жарыкка чыгарган. Бул эмгек Имманиуил Канттан кийин философияда жаңы доорду ачкан деп эсептешет.

Анын философиялык мектебин дүйнөнү пессимистик көз карашта сүрөттөө деп билишет. Кийинчерээк адистер аны философиялык пессимизм деп атай башташкан.

Шопенгауэрдин философиялык теориялары бул багытта жаңы баракты ачып эле тим болбостон, Лев Толстой,Фридрих Ницше, Рихард Вагнер, Альберт Эйнштейн, Зигмунд Фрейд, Хорхе Луис Борхес, Карл Юнг жана башка дүйнөлүк атагы бар ойчул-акылман адамдарга чоң таасирин тийгизкен.

Бул сөзүбүздүн далили катары анын төмөндөгү акылман ойлорун сунуш кылып турабыз.

*     *     *

Адамзат бактысынын эки душманы бар – оору жана зеригүү.

*     *     *

Зеригүү өз акыл-эсин байытып, күч-кубатын өстүрүү жөнүндө ойлобой, сезимдери жана коомдук иштерден башка жыргалчылыктар бар экенин этибарга албай жүргөндөр үчүн сөзсүз боло турган нерсе.

*     *     *

Ички дүйнөнүн көңдөйлүгү зеригүүнүн чыныгы булагы катары кызмат кылат, ал адамды өз акылы менен жан-дүйнөсүн бир аз да болсо кыймылга келтириш үчүн дайыма сырткы себептердин артынан түшкөнгө түртөт.

*     *     *

Адамдар тагдыр деп атаган нерсе, чындыгында алар жасаган жосунсуз жоруктарынын жыйындысын туюндурат.

*     *     *

Адам – эч себепсиз, башкаларга зыяндуу иштерди жасаган жападан жалгыз жаныбар.

*     *     *

Жаратылыштан же дагы бир кокустуктардан көргөн азап-тозок, эч качан башка бир адамдын жасаган кордугунан ашып түшпөйт.

*     *     *

Ар бир адамдын жакыны – анын кемчиликтерин көргөзүп турган күзгү; бирок адам мындай учурда күзгүдөн өзүн көрүп алып тааныбай үргөн ит сыяктуу мамиле кылат.

*     *     *

Жаман ойлор жана натыйжасыз аракеттер акырындап адамдын жүзүнө, өзгөчө көздөрүнө өз мөөрүн басат.

*     *     *

Адам башкалардан өзүндө болгон нерселерди гана көрөт, анткени ал аны өзүнүн акыл-эси жетишинче эле түшүнө алат.

*     *     *

Эгерде улгайып калган адам өзүнүн жашы жөнүндө кандайдыр бир өзгөчө нерсе катары айта баштаса, демек анын андан башка мактанып айтаар эч нерсеси жок.

*     *     *

Адам жашап турган дүйнө эң биринчи ал адам аны кандай түшүнөт, башкача айтканда анын мээсинин касиетине байланыштуу: мээнин кабыл алуусуна  жараша дүйнө бирде көңүлсүз, кунарсыз болсо, бирде ар кандай окуяларга бай, кызык жана маңыздуу болуп көрүнөт.

*     *     *

Адамдардын бири-бирине жакындыгы коомго болгон сүйүүсүнөн эмес, а алардын жалгыздыктан коркуусунан келип чыгат.

*     *     *

Адам өзүнүн “Мен” деген сезиминин баалуулугуна жараша жалгыздыктан качат, чыдайт же аны жакшы көрөт.

*     *     *

Ким адамдардын пикирине өзгөчө көңүл бурса, анын аларга ашыкча урмат кылып жатканы деп бил.

*     *     *

Башкалардын биздин жашообуз тууралуу пикири адатта адам жаратылышынын алсыздыгына байланыштуу аябай жогору бааланат, чындыгында бир аз ойлонуу көрсөткөндөй, ал пикирдин биздин бактыбыз үчүн анча деле мааниси жок.

*     *     *

Ар бир эле адамды укса болот, бирок баары менен эле сүйлөшө берүүнүн кажети жок.

*     *     *

Көпчүлүк адамдар өз алдынча ойлоно алышпайт, а бирөөлөргө ишенип ээрчип жүрүшөт, жана акыл-эске эмес, бийликке баш ийишет.

*     *     *

Жаштардын көз карашында жашоо бул таптакыр бүтпөй турган келечек; карыган адамдын көз карашында жашоо – эң кыска, тез өтүп кеткен убакыт.

*     *     *

Үйлөнүү – бул укугуңдун эки эсе азайып, а милдетиңдин эки эсе көбөйүшү.

*     *     *

Моюнга алышыбыз керек: адамдарды достук, сүйүү жана үй-бүлөлүк турмуш канчалык жакын кылбасын, адам жакшылыкты чын дили менен өзүнө, анан балким балдарына гана каалайт.

*     *     *

Шарт баарына бирдей болгон күндө да, адамдар ар кандай дүйнөдө жашашат.

*     *     *

Биз колубузда турган нерселер жөнүндө көбүнчө ойлонбойбуз, бирок бизде жок нерселер тууралуу жан-алыбыз калбай тынчсызданабыз.

*     *     *

Акча – бул адамдын абстрактуу бактысы; кимде ким конкреттүү адамдык бакыттан ыракат ала албаса, ал өзүн биротоло акчага багындырып берет.

*     *     *

Жан дүйнөсү бай адам, тагдырдан көп үмүт этпейт.

*     *     *

Өзүңдөн таба албаган бакытты, сырттан табуу дегеле мүмкүн эмес.

*     *     *

Жөнөкөй адам убакытты кантип өткөзүүнү ойлонсо, таланттуу адам аны кетирбей пайдаланып калышты ойлойт.

*     *     *

Бактыбыздын ондон тогузу ден-соолугубузга байланыштуу. Эң акылсыздык – башка бир бакыт үчүн ден-соолукту курмандыкка чалуу.

*     *     *

Ден-соолук башка байлыктардан ушунчалык жогору турат, чындап келгенде ден-соолугу мыкты кайырчы, оорулуу падышадан алда канча бактылуу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз