Акча жана акмактык шайлоодо утуп чыгууга чоң мүмкүнчүлүк берет

  • Демократиялык шайлоолор – бул демек, эл өз кожоюндарын өз эрки менен шайлоосу.
    (В.Зубков)
  • Демократиялык шайлоолор лотерея сыяктуу: биринчиден, баары катыша албайт, экинчиден, бийликке абийирдүү адамды шайлоо мүмкүндүгү лотереядан көп акча утуп алуу сыяктуу эле өтө аз.
    (В.Зубков)
  • Жогорку кызматтагы адамдардын отчётторун кабыл алуу жана аларды шайлоо – абдан маанилүү иш.
    (Аристотель – б.з.ч. 384-322)
  • Бардыгын башкаруучу адам калың элдин арасынан тандалуусу керек.
    (Плиний, римдик жазуучу)
  • Шайлоочулар добуш берүүгө мүмкүндүк алышканда гана алар өздөрүнүн сарсанаа ойлоруна караганда үмүттөрү үчүн көбүрөк добуш беришет.
    (Рон Браун)
  • Добуш берүү – демократиянын ыйык сыры.
    (Теодор Хесберг)
  • Бүткүл элдик тандоо укугунан мыкты тандоонун кепилдигин көргөндөр жаңылышат. Бүткүл элдик тандоо укугунун көптөгөн артыкчылыктары бар, мыкты тандоо кепилдигинен башка...
    (Алексис Токвиль)
  • Бийликке шайлоо жолу менен келүүгө караганда мурастоо жолу менен мыкты башкаруучу келүү мүмкүндүгү жогору...
    (Наполеон)
  • Ар бир адам жаңылууга укуктуу, ал эми бул укугунан пайдаланышы үчүн, шайлоолор өткөрүлөт.
    (Э.Маккензи)
  • Эгерде шайлоолор жашоону өзгөртүп жибере алса, анда аларды өткөрүүгө тыюу салынмак.
    (Анархисттердин урааны)
  • Мыкты дарыгер дайыма өзүнүн бейтаптарын ойлогон сыяктуу, саясатчы да дайым шайлоо тууралуу ойлойт.
    (Григорий Явлинский)
  • Дайым эле элдин баарын алдай бербеш керек, анын зарылдыгы да жок: төрт жылда бир жолу алдап коюу жетиштүү.
    (Э.Маккензи)
  • Саясат ушунчалык кымбат иш болуп калды дейсиң, атүгүл шайлоолордон утулуп калуу да көптөгөн каражатты талап кылат.
    (Боб Эдуардс)
  • Добуш берүү окуялардын андан ары өнүгүшүн чечүүчү адамдарды аныктайт.
    (Жорж Уилл)
  • Добушубузду берүү менен, биз андан кийин ал добушубуздан айрылабыз: бул логикага да ылайык келет.
    (Ежи Лещинский)
  • Талапкерлердин жүздөрүнө карап, алардын арасынан бирөөсү гана жеңип чыгарына кубан. Шайлоолор менен үйлөнүү тоюнан кийин каалаганыңа сейрек жетесиң.
    (Уилл Роджерс)
  • Адатта ар бир шайлоодон кийин үмүтсүздүк пайда болот.
    (Владимир Зуев)
  • Шайлоо бюллетени – октон күчтүү.
    (Авраам Линкольн)
  • Жаман бийликти добуш бербеген жакшы жарандар шайлашат.
    (Жорж Жин)
  • Ашууда ат алмаштырбайт.
    (Авраам Линкольн)
  • Ашууда ат алмаштырбайт, ал эми эшектерди алмаштырса болот жана алмаштырып туруу керек.
    (Александр Лебедь)
  • Электорат – бир жолу колдонулуучу эл.
    (Акрам Муртазаев)
  • Шайлоолордун жыйынтыгы кубандырбайт, бирок процесстин өзүнөн ыракат алууга бизге ким тоскоол болуп жатыптыр?
    (Виктор Корнилов)
  • Акча жана акмактык шайлоодо утуп чыгууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
    (Кароль Бунш)
  • Биз шайлаган адамдарыбыздан акылдуураакпыз.
    (Михаил Жванецкий)
  • Биз өзүбүздүн талапкерлерибизден жакшы нерсе күтпөйбүз, бирок үмүт кылабыз.
    (Дэвид Бродер)
  • Эч качан согуш убагындагыдай, мергенчиликтен кийин жана шайлоо алдындагыдай калп айтышпайт.
    (Отто фон Бисмарк)
  • Бардык тилде 10 миңге жакын керексиз сөздөр бар жана алардын көпчүлүгүн шайлоо алдындагы платформа жазарда колдонууга болот. Талапкер болгусу келбеген депутат – начар депутат.
    (Сергей Скотников)

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Кыргызбайдын сандыгынан

    Шайлоо бүлетени октон күчтүү, поктон сасык. Шайлоо ириген элди биротоло чиритет Шайлоого барам деп шымсыз калыптыр. Шайлоо жокто майлоо жок. Шайлоого барсаң шамшарыңды ала жүр. Шайлоо келгенде шалтурук да өзүн акылдуу сезет. Бүлөтөндү биякка - кесмени кулакка. Өлбөгөн жан шайлоого жетет. Шайлоо - эшек баткактан өткөнчө. Бакылдаган талапкерди депутат болгондо көрөбүз. Шайлоо байга - жут, кара таманга - кут. Элди алдагың келсе шайлоого (депутаттыкка) аттан. Бизнесимди өнүктүрөм десең, парламентке бар. Шайлоонун атасы - акча, энеси - добуш. Боозуган депутат айым спикерди коркутат.

Комментарий калтырыңыз