
«Ою жатык, тили жетик муун үчүн» аталышындагы балдар адабияты боюнча конкурсубуз жыйынтыкталды. Аталган конкурс боюнча 24 чыгарма жарамдуу деп табылып, алардын ичинен калыстар курамынын чечими менен 1-орунга татыктуу чыгарма жок деген бүтүмгө токтолдук. Андыктан экинчи жана үчүнчү орунга татыктуу деген чыгармалар төмөндөгү авторлорго ыйгарылды:
2-орундун жеңүүчүлүгүнө эки автор белгиленди
№11 Нурайым Шаршенбаева – “Мышык менен чычкан” аттуу жомогу;
№ 24 Абдыкерим Муратов – “Ысык-Көл жомоктору”.
3-орундун жеңүүчүлүгүнө төрт автор белгиленди
№1 Таир Аширбай – “Тилмеч козу” ыр топтому;
№17 Кубанычбек Аркабаев – “Малдын тили” ырлар топтому;
№21 Рахат Аманова – “Кылдырек” аңгемеси;
№23 Абдыкерим Муратов – “Адам досторун жана кастарын кантип тапты?” аттуу жомогу...
Жеңүүчүлөр үчүн байгелердин көлөмү
2-орундун жеңүүчүлөрүнө 30 000 (отуз миң) сом тең бөлүнүп берилет
3-орундун жеңүүчүлөрүнө 20 000 (жыйырма миң) сом 5 000 сомдон бөлүнөт.
Балдар адабияты боюнча калыстар курамынын чечимин береги шилтемеден толугу менен көрө аласыз>>>>
Ыраазычылык
«РухЭш» сайты келечекте ою жатык, тили жетик муунду тарбиялоо максатында балдар адабияты боюнча конкурска демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясына терең ыраазычылык билдирет! О.э. өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө гана басым жасабастан, келечек муунга көркөм-мураска калар улуттук адабиятыбыздын бүгүнкү абалына кайдыгер карабаган бизнес чөйрөсүндөгү мекенчил ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө жалпы улуттук адабияттын өкүлдөрүнүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Конкурстун жалпы катышуучуларынын тизмеги
№1 Таир Аширбай – “Тилмеч козу” ыр топтому.
№2 Миргүл Бечелова – “Жазгы таңда” ыр.
№3 Токтосун Самудинов – “Түгөнбөгөн суроолор” ырлар топтому.
№4 Айдарбек Сарманбетов – “Кыргыз болом!” аңгеме.
№5 Сулайман Рысбаев – “Килем” аңгеме.
№6 Сулайман Рысбаев – “Каниет кылган – бактылуу” аңгеме.
№7 Рысбай Абдыраимов – “Келме кезек” жомок.
№8 Бактыгүл Чыныбаева – “Мышык” аңгеме.
№9 Нурайым Шаршенбаева – “Эки дос” жомок.
№10 Нурайым Шаршенбаева – “Ойчул” жомок.
№11 Нурайым Шаршенбаева – “Мышык менен чычкан” жомок.
№12 Жыргал Сокурова – “Биле жүр” ырлар.
№13 Тайир Аширбай – “Бөбөк кыш” поэма.
№14 Ысмайыл Кадыров – “Булар кимдер?” ырлар топтому.
№15 Айдай Тилебалдыева – “Уйкучу ханзаада” жомок.
№16 Кубанычбек Аркабаев – Жаңылмачтар.
№17 Кубанычбек Аркабаев – “Малдын тили” ырлар топтому.
№18 Кубанычбек Аркабаев – “Жалкоо кумурска” тамсил.
№19 Кундуз Маматова – “Чоң ата менен небере” ыр.
№20 Кубанычбек Аркабаев – “Биздин көчө” аңгеме.
№21 Рахат Аманова – “Кылдырек” аңгеме.
№22 Кубанычбек Аркабаев – “Эсеп билбеген бала” аңгеме.
№23 Абдыкерим Муратов – “Адам досторун жана кастарын кантип тапты?” жомок.
№ 24 Абдыкерим Муратов – “Ысык-Көл жомоктору”.
P. S. Конкурс жеңүүчүлөрүнүн байгелери 2020-жылдын 15-октябрында тапшырылат!