«Жаңы жагдайдагы Казакстан: иш-аракеттер мезгили»

Казакстан Республикасы Парламентинин Сенат жана Мажилис палаталарынын 1-сентябрдагы биргелешкен отурумунда Президент Касым-Жомарт Токаев өлкө элине «Жаңы жагдайдагы Казакстан: иш-аракеттертер мезгили» аттуу Кайрылуусун жолдоду.

Кайрылууда өлкөнүн алдыдагы өнүгүү стратегиясы баяндалган. Атап айтканда, анда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу, жаңы заман талаптарына ылайык экономикалык өнүгүү, өнөр жайдын мүмкүнчүлүгүн арттыруу, айыл чарба тармагын, транспорт-логистика коммплексин, чакан жана орто бизнести, каржы секторун жана аймактарды өнүктүрүү, ошондой эле элдин социалдык абалын жакшыртуу, билим берүүнүн жетиштүүлүгүн, саламаттыкты сактоо боюнча тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, өлкөдөгү демографиялык абалга көңүл буруу, балдардын укуктары менен коопсуздугун камсыз кылуу, укук коргоо жана сот системасын реформалоо, мамлекеттин жарандарга кызмат көрсөтүүсүндө жаңы стандарттарга өтүү, өлкөнү санариптештирүүнү тездетүү маселелери камтылган.Төмөндө алардын айрымдарына токтолобуз.

Пандемияга каршы күрөш

Пандемия учурунда өзгөчө туруктуулуктун жана чоң жоопкерчиликтин жаркын үлгүсүн көрсөтүшкөн дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине, ыктыярчыларга, ишкерлерге жана кырдаалга кайдыгер карабаган бардык жарандарга ыраазычылык билдирген мамлекет башчысы өлкөдө социалдык-экономикалык туруктуулукту, жумуш орундарын жана кирешелерди сактоо алдыдагы негизги милдеттердин бири экендигин, кризиске каршы ыкчам иш-чаралардын эки комплекси кабыл алынганын айтып, учур сынагы казакстандыктардан үзгүлтүксүз аракетти, мыкты күч-жигерди жана күжүрмөн эмгекти талап кыла  тургандыгын билдирди.

Эске салсак, жаз жана жай айларында Казакстанда 4,5 миллиондон ашык убактылуу жумушсуз адамдарга 42 500 теңге өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн. Ага 450 миллиард теңгеден ашык каражат сарпталган. Миллиондон ашык адам азык-түлүк жана үй тиричилик буюмдарын алышкан.

К.Токаев белгилегендей, азыркы убакытта пандемияга каршы күрөшүүнүн жаңы комплекстүү программасы иштелип жатат. Ал жакын күндөрдө даяр болмокчу. Мамлекет социалдык чөйрөдөгү жана экономиканы колдоого багытталган бардык милдеттенмелерди аткарат. Бул үчүн Улуттук фонддон 1 триллион теңге бөлүнгөн. Социалдык төлөмдөрдү индексациялоо улантылууда. Бул багытта 2023-жылга чейин 1 триллион теңгеден ашык каражат бөлүү мерчемделүүдө.

Мамлекетти башкаруунун жаңы үлгүсү

Тунгуч Президент – Эл башчы Нурсултан Назарбаев пайдубалын түптөгөн Улут планы жана Беш институционалдык реформа өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги багыт болууга тийиш. «Жаңы дүйнөлүк тартип калыптанып жаткан учурда, биз реформаларга жаңы дем беришибиз керек»,- дейт К.Токаев.

Бул өңүттө Казакстандын Президенти мамлекетти башкаруунун жаңы моделин сунуштады.

«Мен Президентке түз баш ийген Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигин түзүүнү чечтим. Эми ал мамлекеттик пландаштыруу тутумунун борбору болот. Агенттик тарабынан иштелип чыккан реформалар конкреттүү, реалдуу жана эң башкысы, бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болушу керек. Тез өзгөрүлүп жаткан кырдаалды баалоодо объективдүүлүктү жогорулатуу үчүн Статистика боюнча комитет Агенттикке өткөрүлүп берилет.

Реформалар боюнча Жогорку Президенттик кеңеш түзүлүп жатат, анын чечимдери акыркы чечим болуп калат.

Пандемия жана мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгүнүн алыстан жумуш  иштөөгө өтүшү мамлекеттик аппаратты кыскартууга болорун жана кыскартуу керектигин көрсөттү. Мамлекеттик аппаратты жана квазимемлекеттик сектордун кызматкерлерин кыскартуу мөөнөтүн тездетүүнү тапшырам. Быйыл аларды 10%, кийинки жылы дагы 15% кыскартуу керек. Ошентип, биз 2021-жылы чиновниктерди 25% кыскартуу маселесин чечебиз», - деди К.Токаев.

Экономиканы өнүктүрүү

Казакстандын алдында турган эң маанилүү милдет - бул анын өнөр жайдагы дараметин толук ачып берүү. Бул жааттагы ийгиликтерге карабастан, биз ички рыноктун потенциалын толук колдоно элекпиз, кайра иштетилген товарлардын болжол менен үчтөн экиси чет өлкөлөрдөн импорттолот. Улуттук экономиканын өзүн-өзү стратегиялык жактан камсыз кылуу үчүн кара жана түстүү металлургияда, нефтехимия, автомобиль жана машина куруу, курулуш материалдарын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана башка тармактарда жаңы иштерди тезинен баштоо керек.

Сапаттуу жаңы улуттук индустрияны өнүктүрүү модернизацияланган мыйзам базасын талап кылат.

Жыл аягына чейин "Өнөр жай саясаты жөнүндө" бирдиктүү Мыйзам иштелип чыгышы керек, анда өндүрүш тармагынын негизги принциптери, максаттары жана милдеттери аныкталат.

Стратегиялык долбоорлор үчүн накта гранттарды, жеңилдетилген каржылоону, жарым-жартылай кепилдиктерди жана экспортту колдоо механизмдерин камсыз кылуу каралышы керек. Инвесторлордун капиталдык чыгымдарынын бир бөлүгүн салык милдеттенмелеринин ордун толтуруу менен калыбына келтирүүгө болот.

Мамлекеттен, квазимемлекеттик секторлордон жана жер казынасын пайдалануучулардан кепилденген сатып алууларды камсыз кылуу маанилүү.

Негизги маселе – долбоорду ишке ашыруу үчүн мыйзамдык шарттардын туруктуулугу.

Мамлекет менен инвесторлордун ортосундагы келишимдерди оңдоо үчүн жаңы ыкма - стратегиялык инвестициялык келишим киргизилет. Бул демилгени жыл аягына чейин экономиканы калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбооруна ылайык ишке ашыруу керек. Стратегиялык макулдашууларга киргизиле турган долбоорлордун өзөгүн Өкмөт 2021-жылдын апрелине чейин түзмөкчү. Системалык чечим кайра иштетүүчү ишканалардын ата мекендик чийки заттарга жеткиликтүү баада толук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну талап кылат.

Өкмөткө жылдын аягына чейин Казакстандын өндүрүш тармактарын чийки зат менен толук жүктөөнү камсыз кылуу үчүн жөнгө салуучу механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды.

Жөнгө салынган сатып алуу өнөр жайдын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Алардын көлөмү болжол менен 15 триллион теңгени же ИДПнын бештен бир бөлүгүн түзөт. Өкмөттүн жана акимдердин милдети - бул мүмкүнчүлүктү максималдуу пайдалануу.

Президенттин тапшырмасы боюнча, мамлекеттик органдардын сатып алуулар тутумун өркүндөтүүчү жаңы мыйзам кабыл алынды. Бирок, улуттук компаниялар тарабынан сатып алуулар дагы деле ачык-айкын эмес жана катардагы ишкерлерге жеткиликсиз.

Жылдын аягына чейин квазимемлекеттик сектордун бардык сатып алууларын камтыган бирдиктүү мыйзам иштеп чыгуу тапшырылды. Бардык жөнгө салынган сатып алуулар мүмкүн болушунча ачык-айкын жана бирдиктүү сатып алуулар терезеси аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Импорттолгон арзан жана сапатсыз товарлар ата мекендик катары өтүп, сатып алуулар конкурстарында жеңишке жетишкен учурлар аз эмес. Жыл аягына чейин өкмөт “Атамекен” улуттук палатасы менен биргеликте жергиликтүү камтылууну көбөйтүү боюнча конкреттүү сунуштарды даярдайт.

Тармактагы жалпы милдет - беш жылдын ичинде кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүштү кеминде 1,5 эсеге көбөйтүү

Президент К.Токаевдин айтымында, өнүккөн айыл чарбасыз атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүү мүмкүн эмес.
Өлкөдө эт, мөмө-жемиштер, жашылчалар, кант, дан өсүмдүктөрү, май өсүмдүктөрү, сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча 7 ири экосистеманы түзүүгө болот. Балык чарбасы көңүл бурууга татыктуу. Ири долбоорлор негизги ролду ээлеши керек

Өкмөткө, бизнес менен биргеликте, беш жылдык мөөнөткө Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн сапаттуу жаңы Улуттук долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Негизги милдет: социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарлары менен өлкөнү камсыздоо; миллиондогон айыл тургундарынын кирешелерин туруктуу өстүрүү; эмгек өндүрүмдүүлүгүн эки жарым эсеге жогорулатуу; айыл чарба продукцияларын экспорттоону эки эсе көбөйтүү.

Транспорттук-логистикалык комплексти өнүктүрүү актуалдуу маселе бойдон калууда. Милдет - 2025-жылга чейин 24 миң чакырым жолду, башкача айтканда, республиканын бардык жолдорун реконструкциялоо жана камсыз кылуу.

Чакан жана орто бизнес оор мезгилди башынан өткөрүп жатышат, чындыгында, пандемиянын негизги оорчулугун алар көтөрүштү.

Улуттук банк эң көп жабыр тарткан тармактардагы чакан жана орто бизнес үчүн жүгүртүү капиталын толуктоо боюнча атайын программаны ишке ашырууда. Буга чейин ал ушул жылы ишин аяктайт деп болжолдонгон. Учурдагы кризистик шартта, бул программа 2021-жылдын аягына чейин узартылат. Бул максаттар үчүн кошумча 200 миллиард теңге бөлүнүп, программанын жалпы көлөмү 800 миллиард теңгеге жеткирилиши керек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз