«Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?» китебинин бет ачары

Ушул жылдын аяк оона айынын он бири, саат 14:30да “Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?” китебинин бет ачары болот.

Иш-чара “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Bugupress маалымат агенттиги тарабынан уюшулду.

Аталган китеп ата-энелерге, мугалимдерге, тарбиячыларга багытталган. Китепте балдардын 2 жаштан тарта чиймелеп, сүрөт тарта баштаары жана ал сүрөттөр кандай маанини түшүндүрөрү тууралуу илимий маалыматтар берилген. Китепти илимпоздор илимий материал катары да колдонсо болот.

Китептин түп нускасы түрк тилинде. Автору Илхами Саваш. Кыргыз тилине Айсулуу Койчубек кызы жана Кызжибек Чаткалбай кызы которгон.

Долбоор жетекчиси Жаныбек Абидетегин: “Баланы тарбиялоодон мурун алардын жан дүйнөсүн, психологиясын, жөндөмүн билип алуу абзел. Бул китеп ата-энелер, мугалимдер, тарбиячылар үчүн балдарын таанууда, алардын жан дүйнөсүн, кыялын, шыгын, мүмкүнчүлүгүн билүүдө жол көрсөткүч болуп берет”,- дейт.

Белгилей кетсек, Bugupress маалымат агенттиги буга чейин “Грузия кантип реформа жасай алды”, “Кылычсыз самурай” китептерин кыргыз тилинде басып чыгарган.

Каалоочулар үчүн иш-чара өтөр жердин дареги: Фрунзе көчөсү 387

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз