О`Шакир: Шайлоо өнөктүгүндөгү жамааттык түркөйлүк

“Узак убакыттар бою карандай калп менен пайдасыз нерселерге кулак түрүү жүрөктү ууктуруп тынат. Кимде-ким бүтүндөй өмүрүн майнапсыз жашагысы келбесе, жүрөгүн уу кептерге чылабасын”.
Абдулла ибн Хубайк

Жамааттык түркөйлүк таажывирусунан коркунучтуу кесел. Таажывирусу келет, кетет. Кутулабыз андан. А кулк-мүнөзүбүзгө терең сиңип кеткен түркөйлүгүбүздөн кутулар бекенбиз?!

Башканы кеп кылбайлы, баарынан да 4-октябрга белгиленген шайлоо жыйынтыгына чейинки жамааттык түркөйлүгүбүз суу үстүндөгү ыкыр-чыкырдай калкып чыкканын көрүп атабыз...

6-чакырылыштагы парламент курамындагыларды элдин көрөйүн деген көзү жок, бирок ага карабай эле бул жолку шайлоо өнөктүгүндө баарына каршы добуш берүү демилгеси күндөн күнгө күчөп барат. Макул, баарына каршы добуш берип, битке өчөшүп – көйнөгүбүздү өрттөйлү. Мындан ким утат?! Баарына каршы добуш бергенибиздин логикасы барбы?

Чимкирик ЖоКе дагы отурсун дейли, мөөнөтү узарып... А алдыда кычыраган кышка аткаруу бийлигинин даярдыгы кандай? Себеби пандемиядан кийин өлкө казынасы ташжалак болуп, аткаруу бийлиги карайлап туру. Экономикалык сокку оңдурбас абалга кептеди өкмөтүбүздү. Мындайда бийлик курамы тезинен алмашып, коалициялык жаңы өкмөт чукулдан ишке киришмейин, өлкөдө социалдык-экономикалык абалыбыз ыдырап кыйрасынбы дагы?! Баарына каршы добуш берүү – эмнени каалаган топтордун демилгеси?! Кыргызстандын биротоло очорулган ордунан көтөрүлбөгөнүн каалагандардынбы?..

Агер мамлекеттик саясатыбыз түп тамырынан өзгөрүүсүн кааласак, бизде азыр бир гана жол туру: парламенттин сапаттык курамын бекемдей турган саясый партияларга ишеним артып, добушубузду оппозициялык маанайдагы партияларга берүү. Ал эми бийликке ыктаган “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан” шекилдүү саясый топторго элибиз бул жолу да алдана турган болсо, анык кокуй алдыда. Андыктан баарына каршы добуш бергенибиз маанилүү эмес, мүмкүн болсо бийликчил партияларга добуш бербөө чакырыгын көтөрөлү!

Жеке пикиримди эч кимге таңуулагым жок, бирок пикиримди ачык айткым бар: аласал абалдагы кыргыз бийлигинин чарбасын оңдой турган күчтөр азыр “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Республика”, “Реформа” (башкасы болбосо кантели!) сыяктуу партиялар экенин – алардын шайлоодогу тизмесине көз жүгүртүп, платформалары менен таанышып – байкоо салганыбыз ийги.

Мындай кескин бүтүмдөгү ойду батыл айтканымдын себеби: “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан” аттуу партиялардан шайлоого аттангандардын тизмегине сергек ой менен көз жүгүрткөн киши, жакасын уучтайт. Алардын дээрлик көпчүлүгүнөн үч көчкөндөй көңүлү кайткан эл, алардан дагы эмнени күтсө болот? Мамлекеттин түбүнө жеткенинби?!

Ансыз да соңку жылдары Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулук демократиялык курсту тандаган өлкө катары тааныбай калды. Арийне, өлкөбүздү кландык башкаруу жолуна салгандар дал ошол жогоруда аталган бийликчил партия курамындагы саясатчылар экенин айрымдарынын саясый ишмердигинен улам ачык-айкын көрүп келатабыз. Айрымдары Россиянын мыйзам долбоорлорунун көчүрмөсүн токуй салып, кыргыз бийлиги Кремлдин ишараты менен башкарылууда. Аныгында, кыргыз бийлигинин саяпкерлери – Кремлде отургандар!

Образдуу айтканда, жайдак аттын токулгасы, тизгин-чылбыры, ээри – Россияныкы, чабандеси болсо өзүбүздүн бийликке ыктаган саясый топтордун өкүлдөрү.

Андыктан, саясый атсалышта оппозициячыл маанайдагы партиялар арбыныраак мандатка ээ болушун Россия бийлиги эч качан каалабайт. Себеби Борбор Азиядагы парламенттик башкаруу бийлигин тандаган Кыргызстанга өз таасирин тез эле жоготорун билген Кремль төбөлдөрү “Кыргызстан”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу саясый топтор аркылуу гана шайлоого аттанган өздөй-көздөй чабандестер мандатка көбүрөк ээ болушун каалайт. Ансыз кыргыз бийлигине саяпкер боло албайт. Тымызын колдоо көрсөтүп, Президент Сооронбай Жээнбековго ыктаган саясый топторго көбүрөк артыкчылык буюруп турган кезең...

Жеке божомолумда: кокус оппозициячыл маанайдагы “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Реформа”, “Республика” партиялары парламенттен көбүрөк мандатка ээ болуп калар болсо, коалициялык өкмөт курамын түзүү мүмкүнчүлүгү дал ушул күчтөргө тийет да, либералдык баалуулуктардын таасири өсөт. Мындай коалициялык курам президентти жана аткаруу бийлигин такалап, Кремль төбөлдөрүнө тоң моюндук кылган Жогорку Кеңешке айланат. Демек, Россиянын кызыкчылыгы менен токулган заң-закүндөр өтпөй, Кыргызстан кайрадан демократиялык багытын улантары Путинизм саясатына ыңгайсыз башкарууну калыптайт. Кыргызстан өз алдынча дүйнөлүк дипломатия жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө жетишет.

Арийне, учурда оппозициялык маанайдагы шайлоого аттанган күчтөр өз ара тилектештик менен бийликчил партияларга каршы күрөш жүргүзгөнү ийги. Караламан калк да өз добушун кайсы күчтөргө берүүнү эс-акылы менен чечиши керек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз