
АҢГЕМЕ
– Баягы шуркуя дагы келиптир. Берчүсүн берип кетти.
– Кайсы шуркуяны айтасың?
– Ар кимдин ичи-койнуна кирип жүргөн немечи...
– А... ал бизге да келип, берчүсүн берди, адатынча куру убадаларга тойгузуп кетти дагы.
– Бу жолу башка партиянын атынан келиптир го?
– Анын эмнесине таңгаласың? Нике жаңырткансып... шайлоо сайын эле партия алмаштырып жүрбөйбү ал.
– Ооба десең. Эми билип аттык беле анысын.
– Эл менен жолугушууда андан өткөн кичипейил, андан өткөн тууганчыл жок деле.
– Айтпа. Эл арасынан бала көтөргөн киши көрсө эле чап жабышат.
– Тим эле бөлөк-бөтөндүн баласын колдон ала коюп, чопулдатып өпкүлөп ийгеничи.
– Кечээ менин неберемди да колумдан ала коюп өпкүлөп, асманга чимирилте көтөргөнүн айт. Балмуздак алып же деп миң сом карматса болобу анан...
– Аны айтасың, биз менен жолугушууга келгенде да алдынан чуркап чыккан ар бир балага миң сомдон карматпадыбы.
– Мектеп деректиринин небересине беш миң сом карматты деп атышат.
– Ой аның көп, балага анча акчанын эмне кереги бар дешсе, чөнтөгүмдө майда калбаптыр, мейли ала берсин дептир го.
– Аныкы ошол эмеспи, элге кимдин сөзү өтүмдүү болсо, анын небере-чөбүрөсүнө келгенде чөнтөгүндө майда акча калбайт.
– Эп айтасың. Сен экөөбүзгө окшогон кара тамандын балдарына келгенде эле чөнтөгүндөгү акчалар майда болуп чыгат десең.
– Шайлоо үгүтү келгенде эле элдин баласына эбедейи эзилген ушунуну көрдүм.
– Анан эле депутаттыкка жеткенден кийин кеңкейип киши тааныбай калганычы...
– Бу жолу да эл алдында үч бүгүлүп жүгүнсө, дегеле андан өткөн жакшы киши жок.
– Жүзү курусунчу ушу шуркуянын. Башка эмне кеп силер жакта?
– Биз жакта деле сенин шуркуяңдын берешендигин кеп кылган киши.
– Ай эмне деп атасың, бет тырмаак?! Менин эмес, сенин шуркуяң ал!
– Бет тырмаган мен бекенмин же сенби?! Шуркуяны жерге-сууга тийгизбей үгүттөгөн сен эмей ким эле?
– Опе-еей... бетим! Көлөкөдөй ээрчишип жүрбөдүңөр беле өзүңөр. Ошол шуркуяңды үгүттөп жүрүп, айыл ынтымагын так сен буздуң. Капкаяктагы немени таап келип бизге...
– Кудайды карап сүйлөсөң боло ай, жүзү кара! Сен таап келгениңди билебиз аны. Ал шуркуяңды менден өтүп сен үгүттөп жүрбөдүң беле!
– Менин эмес, сенин шуркуяң ал.
– Менин да, сенин да шуркуяң ал. Ал эбак элдин шуркуясына айланып кеткен.