Садриддин Айни: Микробдор (конкурска №4)

Дүйнөнү каптаган таажывирусу учурунда илгери Орто Азия элдери түрдүү эпидемияларга каршы кандай күрөшкөн деген суроо кээ бир жарандарды кызытыруусу мүмкүн.   Андай бурадарлар, мисалы, Тажик совет адабиятынын негиздөөчүсү, мурдакы Тажик ССР Илимдер академиясынын биринчи президенти, академик Садриддин Айнинин автобиографиялык үч томдугуна кайрылса болот. Жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери XIX кылымдын соңундагы Бухара эмирлигинде кандай жүргүзүлгөнүн жана маанилүү иш-чарага Бухара аалымдары жасаган мамиле жөнүндө С.Айнинин “Бухара” үчилтигинен которулган төмөнкү аңгемеден билсек болот. Илимпоз-жазуучунун аталган үч томдугу француз, чех, поляк, орус, украин, урду жана башка дүйнө тилдерине которулган.

АҢГЕМЕ

Бухарада жыл сайын ар кандай оорунун кесепетинен көптөгөн адамдар өлүп, элге мүшкүл жана  кайгы-капа алып келчү. Бул балакет орус дарыгерлеринин көз жаздымында калбады.

Бухарадагы элди эмдөө-дарылоонун абалы менен таанышуу үчүн 1825-жылы жайында Петербургдан врачтардын комиссиясы келди. Комиссия курамында бактериологдор жана белгилүү орус врачтары бар экен.

Обол алар шаардын ичин жана атрабын кыдырып чыгышты. Жыты кеңилжээр жарган кушканаларды, чирип бараткан саздарды, агындылар топтолгон чуңкурларды, суусу киргилт авыз-көлмөлөрдү,  асты чопо өстөндөрдү, суусу кир арыктарды көрүштү.  Базардагы чайхана-шашлыкканаларда, буурчак бышырып же балык кууруп саткан күркөлөрдө, малдын башын жана килкилдек бышырчу жайларда болушту. Аттарчилердин жана көчөдө түрдүү даам-татымдарды саткан соодагерлердин идиш-аяктарын кылдат карап көрүштү.

Комиссия түрдүү ооруу-сыркоонун булагын жок кылуу үчүн Бухаранын бийликтерин тамак-аш соодасын кайра уюштурууга чакырды. Анын сунушуна ылайык, арыктар, өстөндөр, авыздар, агындылар топтолчу чуңкурлар тазаланып,  шаар ичиндеги жана сырытындагы саздарды кургатуу үчүн жаңы өстөндөр казылып, мал союлчу кушканалар шаар сыртына көчүрүлүү жана көчөдөгү соодага тыйуу салынуу керек эле.

Эмирликтин өкүмдарларына орустардын сунушу машакаттуу жана чыгымы көптөй көрүнсө, аны ишке ашыргандан мурда мусулман диниятчыларга уруксат сурап кайрылмай адаттары бар болчу. Минткен себеби: бухаралык амалкеч уламалар ар кандай жаңы жөрөлгөлөргө каршы чыгышып, уруксат беришпей коюшар эле. Бул жолу да уламалар орус комиссиясынын сунуштарына кашайып каршы чыгышты.

Муну уккан врачтар илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында сунуш кылынган иш-чаралар коркунучтуу оору-сыркоолордун алдын алуу үчүн зарурат экенин далилдеп көрсөтүүнү чечишти. Шаардык кеселканада лаборатория жасашып, өстөндөрдөн, авыздардан, көлдөрдөн суу, ошондой эле чайхананалардан тамак-аштын үлгүлөрүн, касапканалардан эт жана малдын канын алып келишти.

Врачтар баары даяр болгондон кийин Бухара эмирине кайрылып, ооруга түрткү болчу бациллдер менен бактериялардын жашоосун микроскоп аркылуу көрсөтүү үчүн ооруканага чоң аалымдар менен уламаларды жиберүүнү суранышты. Комиссия бухаралык аалымдардын арасында Ахмад Дониш, Абдул Мажид Зуфунун жана Молдо Икрамча сыяктуу даңазасы орустарга жеткен адамдар сөзсүз болсун деп өтүнгөн. Эмир өтүнүчтү аткарды.

Ага карабай, эмир береги топко өздөрүнүн катаалдыгы, такыбасынуучулугу жана түркөйлүгү менен белгилүү Абдуррахман-махдум Рафторду, Киём-махдумду жана Жунбул-махдумду кошо жиберди. Бул адамдар маселенин чоо-жайын түшүнбөй жана мазмунун билбей эле ажылдап кыйкырып, талашканды жакшы көрүшчү. Аларга тирек болсун үчүн кем акыл Букротту да кошкон экен. Аны шаарлыктардын улуу-кичүүсү шылдыңдап, Гиппократ деп аташаар эле. Букрот өзүн дарыгер жана философ деп эсептечү.

Ахмед Дониш ооруп жүргөндүктөн, жыйынга келбеди. Орус врачтардын кандай сунушуна болбосун каршы чыгууга алдын ала даярдалган түркөйлөргө Зуфнун менен Икрамча гана каршы турушту.

Врачтар уламалардын алдына мироскопту коюп, Бухаранын суусу менен тамак-ашынын курамында эмне барын көрүүнү сунуш этишти. Албетте, тиги же бул бактерия кандай ооруга шыкак болору утуру түшүндүрүлүп жатты.

Зуфнун менен Икрамча өз жүйөдалилдери менен орус врачтар жыйнаган материалдарды толуктап, тастыкташты.

Төрт улама береги экөө орустардын сөзүн кубаттаганын көрөр замат ызылдап жиберишти:

 - Макул эмеспиз! Биз суудан коркпойбуз, бизди кудай сактайт! Биз өз динибизди сатпайбыз. Биз жалгыз гана кудайга ишенебиз. Кудай өзү каалаганда ооруу жиберет; өзү каалаганда күч-кубат берип, оорудан айыктырат. Мындай апсундарга[1] биз ишенсек болбойт, айнектин артынан тирүү кылып көрсөткөн нерсеңерге биз ишенбейбиз, алданбайбыз дагы.

Орус аалымдары тажикче айтылган сөздөрдү түшүнүшпөдү. Котормочу аларга түркөйлөрдүн сөзүн оодарып бергенден кийин, врачтар изилдөөсүн токтотуп, ооздорунан шилекейлери чачырап кыйкырып жаткан бухаралыктарды таңыркап карап калышты.

Күтүүсүздөн эле Бухаранын жанагы төрт аалымы буттарындагы булгаары кепичтерин чечип алышып, кепичтерин аркы-терки булгалап, бийликтин өкүлү катары аларды коштоп жүргөн  ордонун амалдарына атырылып жөнөштү.

Жасоолдук мансабын жышааналаган таягын колунда каадалуу кармаган оор басырык амалдар четте үн чыгарбай турган. Билимсиз наадандар ага жулунуп, жабыла кыйкырып киришти:

- Сен бизди бул жерге  эмнеге алып келдиң? Туура жолдон чыгарып, динибизден азгырсын дедиңби?

Бул убакта оорукананын тегерегине Бухаранын башкаруучулары тарабынын жиберилген медресенин дамылдалары жана окуучулары чогулуп калган эле. Алар бири биринен озунуп, бири бирин козутуп, биринен экинчиси өтүп ээлигип, кыйкырып да, тилденип да жатышты. Алардын не сөзүн, не эмне айтканын түшүнүү мүмкүн эмес. Бирок аларды ооруканага киргизишкен жок.

Врачтар шаарда козголоң башталып, кандайдыр кара күчтөр аракетке келгенин көрүшүп, жумушун токтотушту жана бухаралык аалымдардын өкүлдөрү кете берсе болорун түшүндүрүштү.

Бирок төрт наадан кетпеди. Алар Петербургдан келген врачтар комиссиясынын жетекчисине кайрылып:

- Эй, төрө! Биздин диний ишибиздин мага тиешеси жок деген тил кат бер же бизди ушу жерде өлтүр! - деп ажылдашты.

Акыр аягында ордонун даражасы улук эки амалдари келип,  төртөөнө ооруканадан чыгып кетүүнү сунуш этишти. “Чымчыктын тилин чымчык түшүнөт” болуп, ошо замат бухаралык уламалардын ооздору жабылып, ооруканадан чыгып кетишти. Ооруканадагы ызы-чуу да басылды.

Орус окумуштуулар азыр эле мурдатан даярдалган оюнду көрүшкөнүн түшүнүштү. Алар Орус мамлекетинин Бухара хандыгындагы өкүлдүгүнө кайрылып, врачтар комиссиясына жасалган тоскоолдуктарды кайра болтурбоону суранышты.

Өкүл Бухара бийлигине кайрылды. Бирок бийлик төрт уламасынын адепсиз жүрүм-турумуна ачуулангандай түр көрсөтүп, аларды шаардан айдап чыгуу менен чектелди. Көп өтпөй төртөө шаарга кайтарылып, ар бирине жылуу жумшак жана кирешелүү кызмат берилди. Төрттөө медреседе  устат  болуп иштеп калышты.

Уламалар өз ишин бүткөрдү: алар макул келбеди жана тополоң чыгып кетмек деген шылтоого жамынып, Бухаранын ыплас жайларын тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбеди. Бийликтин жалгыз жасаган иши: мал союлчу жыгач кушкана Намазгохтун дарбазасынын сыртына, шаарды курчаган коргондун сырт жагына курулду. Бул иштен Бухара бийлиги бир тыйын да чыгаша тартпады, тескерисинче, аз эмес киреше берчү жайлуу болду. Кушкана эмирге таандык деп эсептелгендиктен, ар бир союлган мал үчүн казынага белгилүү өлчөмдө пул чегерилчү. Кушканадан бир жылда түшкөн киреше, аны курууга жана шаар ичиндеги касапканаларды көчүрүүгө кеткен чыгымдарды толук жапты. Жаңы кушкананы кармоого казынадан эч кандай каражат сарпталбады, бирок казынага киреше токтобой түшүп жатты.

Ага карабай, кээси касапканаларды шаар сыртына көчүрүүнү – Бухара хандыгын башкаруу орустардын колуна өткөнүнүн далили катары көрсөтүүгө далалат кылышты.

Казы болууну көксөгөн бир караңгы молдо касапканалар шаар сыртына көчүрүлө турганын угуп:

- Өзүңөр айткылачы, кандай жаман иш болду. Падыша эки жыл күтө турганда, мен казы болуп, келечегимдин камын жеп алмакмын. Эми падыша баарын өз колуна алып коёт, мен болсо өмүр бою жокчулуктан кутулбайм. Эмне кылайын? Билбейм, эмне кылам? Аттиң! - деп ар кимге даттанып жүрдү.

Касапканалар көчүрүлөт деген кеп-сөз эл арасында айтыла баштаганда, азилкечтер бухаралыктардын оорукана жанындагы ызы-чуусун “микроб тополоңу” деп аташты. Хайрат[2] ошондо мындай деди:

- Бул түркөйлөр жана элди карактаган өкүмдарлар – биздин эң зыяндуу микробубуз. Орустар бизге жардам берүүнү каалашкан эле, бирок ишти тескери жагынан башташты.  Алар бизге адегенде ыймансыздык оорусун элге жугузган өтө зыяндуу адамдардан тазаланганга жардамдашсын. Ошондо бизге башка оору-сыркоолор менен күрөшүү жеңил болот.

Которгон Амирбек Азам уулу

[1] Апсун – сыйкыр, фокус.

[2] Хайрат – адабий лакап аты. Садриддин Айни менен медреседе бир мезгилде окуган апыз жигит. Өз аты Мухаммад Сиддик (1878-1902). Араб, орус тилдерин жакшы билген. Айрым ырлары сакталып калган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз