Пол Виллард: Эски телефон (конкурска №6)

(Болгон окуянын негизинде жазылган аңгеме)

Мен кичинекей кезде биздин үй-бүлө районубузда биринчилерден болуп үйгө телефон орнотушту. Сыпсыйда жылмаланган эмен жашиги ылдыйкы тепкичтер турган орундагы дубалга орнотулуп турганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Жаркыраган трубка жашиктин үстүнө орнотулган. Ал тургай 105 номери да эсимде. Мен өтө кичинекей болгонум үчүн телефонго жетчү эмесмин, бирок апам бирөөлөр менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда суктануу менен карачумун. Бир күнү апам мени өйдө көтөрүп, алыста иштери менен жүргөн атам менен сүйлөш деп калды. Керемет! Андан кийин бул сыйкырдуу жашиктин ичинде бир сүйкүмдүү, жароокер адам жашаарын билдим. Анын аты «Маалыматчы эжеке» эле жана ал билбеген эчтеке жок болчу. Апам андан кимдир-бирөөлөрдүн номерлерин сурап, анан биздин саат токтоп калганда так убакыттан бери айтып берчү.

Менин бул сыйкырдуу жашик менен алгачкы жолу сүйлөшүүм бир жолу апам кошуналардын үйүнө кеткен маалда болду. Жертөлөдөгү жашикте салынган жабдыктар менен ойноп жатып бир манжамды балка менен жанчып алдым. Урулган манжа сыздатып оорутуп, бирок кыйкырып ыйлап чуу салгандан пайда жок, анткени үйдө жалгыз элем. Ооруган манжамды соруп, үйдү тегеренип чуркап жүрө бердим, акыры тепкичтер турган орунга келдим. Телефон! Заматта конок бөлмөдөн отургучту таап чыктым да, телефондун алдына коё салдым. Отургучка чыгып, трубканы алдым да, аны кулагыма такадым.

- Маалыматчы, эжеке, - дедим башымдан жогору турган жашикти карап.

Бир аз убакыттан соң:

- Маалымат, - деген туптунук үн кулагыма угулду.

- Мен манжамды жанчып алдым, - дедим ыйлактап. Көздөрүмдөн мөлт-мөлт жаш ыргыды.

- Апаң үйдөбү? - деген суроо келди.

- Үйдө менден бөлөк эч ким жок, -  дедим каканактап.

- Канап жатабы?

- Жок, - дедим. – Балка менен жанча уруп алдым.

- Муздаткычты ача аласыңбы, балакай? - деди жароокер үн.

- Албетте, ача алам.

- Анда ачкын да андан бир аз муз кесегин алып, ооруган манжага бас. Муз кесеги ооруну басат. Музду басканда этият кыл, - деди ал кабатыр үнү менен. – Анан ыйлабагын. Баары жакшы болот, балакай.

Ошондон тартып мен аны менен ынак болуп кеттим. Мен андан география сабагынан жардам сураганымда ал мага Филадельфия кайда жайгашкандыгы, кийин мен эр жеткенде барып изилдөөлөрдү жүргүзгөн кереметтүү Ориноко дайрасы кай жерлерди аралап агарын баяндап берди. Арифметика сабагынан эсеп чыгарууга жардамын берип, мен бир күн алдын кармап алган сүйүктүү жаныбарым – момолой тыйын чычканга көп жер-жемиш жана жаңгак беришимди айтты.    

Бир жолу биздин үйдөгү сүйүктүү  чымчык – канарейка өлүп калды. Мен күйүтүмдү ичке ката албастан, «Маалыматчы эжекеге» дагы чалып, бул кайгылуу окуяны айтып бердим. Ал мени кунт коюп укту да, чоң адам катары кичинекей менин көңүлүмдү жубатып, бир нерселерди айтып берди. Бирок буга көңүлүм тынчыбады эч. Кандайча кубулжуган түркүн-түркүн үнү менен сайрап берип, бүткүл үй-бүлөнүн көңүлүн алган паранда бир күн тоголок барик жүнгө айланып, капас ичинде буттарын асманга каратып жатып калат? Бул баяным ага да оор таасир этти окшойт, бир убакта акырын үнү менен мени жоошутуп:

- Пол, созолонто ырдап, күү чала турган башка да керемет дүйнө болот, ушуну такыр эсиңден чыгарба, - деди.

Муну укканда бир аз көңүлүм жай ала түштү.

Кийинки жолу телефондон дагы чалдым.

- Маалымат, - деген тааныш үн чыкты.

- Fix сөзү кантип жазылат, айтып коёсузбу эжеке?

- F-I-X.

Дал ошол көз ирмемде кичинекей эжем менин үрөйүмдү учуруп, буга кутургандай кубанып, тепкичтен ажаандай кыйкырып, мен жакка секирди:

- Вау-уу!

Мен буйтаганга үлгүрбөй, телефондун трубкасын кармаган бойдон отургучтан кулап, телефон трубкасы жашиктен үзүлүп кетти. Буга эжем экөөбүздүн үрөйүбүз учту – трубканы тыңшасак «Маалыматчы эжекенин» дайыны жок. Мен жулунган трубканы кармаган бойдон кулаганымда «Маалыматчы эжекени» эч кандай коюп кеткен жок элем. Бир нече мүнөттөн соң эшиктен бейтааныш адам кирип келди.

- Мен монтёрмун. Ылдый жакта иштеп жатсам, оператор силердин телефонуңарда бир кырсык болду деп кабарлады.

Ал менин колумдан жулунган трубканы алды.

- Эмне болду?

Мен ага баарын айтып бердим.

- Жарайт. Муну азыр бир-эки мүнөттө оңдой салабыз.

Ал телефон жашигинин ичин ачып, өткөргүчтөрдү жана катушкаларды жылаңачтап, кабыл алгычтын шнурун чубап, кичинекей отверкасы менен нымтырап олтурду. Бир аз убакытка илгичти өйдө-ылдый баскылап, анан телефондон бирөө менен сүйлөшө кетти:

- Кандайсың? Бул мен – Пит. 105 номеринде баары жайында. Балакайдын эжекеси ал телефондон сүйлөшүп жатканда үстүнө секирип, ал трубканы жула кулаптыр.

Ал трубканы ордуна коюп, мага жылмая карап, башымдан сылап, сыртка кетти.

Мунун баары тынч океан аймагынын түндүк-батыш тарабындагы кичинекей шаарчада болгон эле. Мен тогузга толгонумда, биз ал жерден Бостон шаарына көчүп кеттик. Баягы насаатчы эжекемди эстегенде кусалыгым артып баратты. Эски жыгач жашиктин ичиндеги «Маалыматчы эжеке» кызматы биздин жаңы үйдөгү кичинекей үстөлдө жайгашкан жаңы телефон менен такыр эле жалгашпай койду. Албетте, мен өспүрүм куракка келип калган кезде да, баягы кичинекей кездеги эскерүүлөрүм менде күнү-күнүнкүдөй эсимде калды; менде кабатыр сезимдер пайда болуп, айласыздан карайлап калганымда, ишенимдүү насаатчым – «Маалыматчы эжекеге» чалып, ишенимдүү жоопторду алып жүргөнүм көп-көп эсиме түшөт. Кичинекей балакайдын ар бир сунушун кунт коюп угуп, мага өз убагында керектүү да, пайдалуу да маалыматтарды берип жүргөн «Маалыматчы эжекенин» эмгегин ошондо гана баалап, ошондо гана анын баркына жеттим.  

Бир аз жылдар өтүп, мен колледжге кайтып бараткан жолдо учак Сиэтл шаарына коно турган болуп калды. Экинчи учакка олтуруу үчүн жарым саат гана убактым бар эле. Анын он беш мүнөтүн азыр ушул шаарда жашап, турмушка чыгып, бактылуу энелик доорду сүрүп жаткан, баягы эжем менен телефон аркылуу баарлашуу менен өттү. Андан кийин эчтекени ойлонбостон, балалыгым өткөн шаардагы «Маалыматчы эжеке» кызматына кандайча чалып жибергенимди өзүм да билбейм. Таң калыштуусу, баягы мен кичинекей кездеги жагымдуу үн дагы жооп берди:

- Маалымат.

Мен эмне дешимди билбей калдым да, анан:

- Fix сөзү кантип жазылат, айтып коёсузбу, эжеке? – деп сурап жибергенимди өзүм да аңдабай калдым.

Ал бир топко үнсүз туруп калды да, кийин:

- Манжаң азыр жакшы болуп калса керек деп ойлойм? - деди «Маалыматчы эжеке».

- Сиз азыр деле иштейсизби? – күлүп жибердим. – Билесизби, бала кезимде мен үчүн Сиздин чоң ордуңуз бар эле?..

- Сен билесиңби? – деп жооп берди ал. – Мага бул жашоодо бала жытын жыттоо бактысын буюрган эмес экен. Өмүр бою бала көрбөдүм. Ошого мен келесоо эжекеңе сен балакайдын жоодураган, балдай ширин сөздөрүн угуп туруунун өзү зор бакыт болгон.

- Мен сизди эч качан келесоого теңебейм, эжекеси. Антип ойлоого акым да жок. Анын ордуна сизди кийин да көп-көп эстеп жүрдүм, кийин семестр бүткөндө кайтып келатып эжеме тие кетем да, ошондо сизге дагы чаламын деп айттым.

- Албетте, чырагым, - деп жооп берди ал. – Оператордон Салли эже деп сурагын, чалып калсаң.

- Саламатта калыңыз, Салли эже.

«Маалыматчы эжекенин» өз аты бар экени мага кызыктай угулду.

- Эгерде момолой тыйын чычкандарды көрүп калсам, аларга жер-жемиш менен жаңгакты көп жегиле деп айтам.

- Ошондой кыл, - деп жооп берди ал.

- Анан Сизге жакынкы күндөрү кереметтүү Ориноко дарыясын да көрүп келүү бактысын  насип этсин. Жарайбы эже, жакшы калыңыз.

Үч айдан соң мен кайрадан Сиэтл аба майданына келип кондум. Баягы сөзүмдү эстеп, «Маалыматчы эжеке» кызматына чалдым. Бул сапар бейтааныш үн жооп берди:

- Маалымат.

- Салли эже менен сүйлөшүү мүмкүн бекен?

- Сиз анын таанышы болосузбу?

- Ооба, - дедим, - Эски таанышым эле.

- Өкүнүчтүү, акыркы жылдары Салли катуу ооруп, бул жерге кээде гана келип иштеп калган. Ал беш жума мурда дүйнөдөн өтүп кетти.

Мен трубканы койгонго чейин ал дагы сурап жиберди:

- Токтой туруңузчу. Сиз Виллард эмессизби?

- Ооба, бул – мен.

- Жакшы. Салли кат жазып, калтырып кеткен эле. Аягында сиздин ысымыңыз жазылып жүрөт.

- Эмне деген кат? – деп сурадым, иштин жагдайын туюп турсам да.

- Алло, угуп жатасызбы?

- Угуп жатам, айта бериңиз.

- Мынакей окуп берейин: «Пол, мен созолонто ырдап, күү чала турган башка дүйнөгө кеттим. Сен аны түшүнөсүң»

Операторго бул аманатты жеткиргени үчүн ыраазычылыгымды айтып, трубканы ордуна койдум. Мен Салли эже эмнени айтканын толук түшүндүм.

1966-жыл.

Англис тилинен которгон Кубантай Эрназаров

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз