МУРСАЛИЕВА БЕГИМАЙ: ПАТРИОТТУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

«Айтматовдон алган сабагым»  конкурсуна

«Эгер Ата Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо анын баасы сокур тыйынга татыбас эле». Мен бул сөздөрдү 9-классымда уккам, анда энөө, эч нерсени түшүнбөгөн баламынбы билбейм, айтор көп деле маани берип түшүнгөн эмесмин. Мен муну кайдан түшүнмөк элем, башка мамлекетке чыгып көрбөсөм, чыкмак кайдан, ал тургай өзүбүздүн борбор калаабыз Бишкекте бир жумадай жүрүп калсам эле бук болуп айылымды сагынып кетип калчумун.

Көрсө Ата Журтка киндик кан тамган мекенге болгон сүйүү жаңы төрөлүп, ыңаа деген үн чыгарып ошол жактын абасы менен дем ала баштагандан тартып, бул дүйнөдөн кайтканга чейин каның менен кошо ойноп жүрөр нерсе тура. Башка мамлекетке чыгып Ата Журтум жердин бир тарабында, мен башка тарабында тургандагы сезимге чыдап жашай албайм деп ойлочумун.

Бир күнү «РухЭш» сайтынан Ата Журт деген эссе окуп калдым, ошондо автордун кусалыгы сагынычы бир саамга менин жан дүйнөмдү бороон чапкын кылып кетти. Бул эмне деген шумдук, мен Ата Журтумдан алыс эмесмин го, Ата Журттун эле коюнундамын го, анда эмнеге менде бул сагынуу сезими болуп жатат?

Ошол убакта айланамды карадым, ойлондум. Көрсө жаңы учууга талпынып жаткан сары ооз темир канат балапандай бийиктиктен алысты карап бир чети кубанып турсам,бир чети куласам эмне болот, куласам эмне, экинчи бул уяны, бул бийик тоолордун чокусун көрбөй каламбы деген коркунуч жан дүйнөмдү ээлеп турган экен. Мен азыр бул коркунучту жокко чыгарып, канаттарымды түзөп, бул жалган дүйнөнүн ачуусун да таттуусун да, жеңишин дагы жеңилүүсүн дагы тата билүүгө камданып жаткан учурум.

Ушул учурда мен Ч. Айтматовдун бул учкул сөздү эмнеге айткандыгын түшүп турам. Чыңгыз атабыз дагы Ата Мекенге болгон сагынычы чоң болгондугунан айтса керек да. Ал кыргыздын, Кыргызстандын бийик болуусу үчүн, улуу  болуусу үчүн чет жакта жүргөндө киндик кан тамган жерге болгон кусалыгын ушул сөз менен чыгарууну эп көрсө керек.

Эгерде бизде мындай сагынуу Ата Журтту улуу тутуу сезими болбосо анда Мекен дагы болмок эмес. Ар бир кыргыздын атуулу, жараны анын ичинде мен дагы, мекенимдин бийик болуусу үчүн өз айылымды, балким Кыргызстанымды таштап атам көрбөгөн жерде иштеп же окуп калаттырбыз. Ошол кезде жумшактыкка жол бербей Ата Мекенимдин гүлдөп өсүүсү үчүн бул сагынычты чоң вазийпа милдет катары көрөм.

Айтматовдун бул учкул сөзүнөн алган чоң сабагым патриоттук болду. Мен чыныгы патриоттук мекенге болгон сүйүү кандай болорун түшүндүм, жана менин өзүм менен тең, мен менен катарлаш замандаштарыма айтаарым: патриоттук бул сенин Кыргызстан деген жазуусу бар кийим кийип коюуң эмес, же Кыргызстанды түндүк-түштүк кылып бөлүп коюу эмес. Чыныгы патриоттук – бул Кыргызстанды бир бүтүндүк кылып, өнүгүүсү-өсүүсү үчүн кылып жаткан тырмактай болсо дагы эмгегибиз. Ошондуктан мекенди Айтматов сүйгөндөй сүйөлү.

Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр өрөөнү, Тунук айылы, Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Мурсалиева Бегимай

Комментарий калтырыңыз