Акбермет Эрмекова: Эркиндик – бул башкалардын эркиндигин сыйлоо

«Жарандык милдетөлкөнү сүйүү» конкурсуна №1 дилбаян

Кудурети улук Эгем Адам ата менен Обо энени жайлуу бейиштен кууган соң, аларга мекен кылып Жерди тапшырды. Бул биздин атабыз менен энебиздин Аллах берген аманаты, экинчи жагынан ырыскысы болду. Адам атанын тукуму уланып, анын балдары бүгүнкү күндө 7,8 млрд калкты түздү жана алар улуттарга бөлүнүп, өздөрүнө энчиленип берилген жерди мекен тутуп жашап келишет. Ошолордун арасында ата-бабам канын берип сактаган биздин энчибиз дүйнө картасынан чекиттей болуп орун алса да, өз эркиндигибизди жоготпой, өлкөбүзгө ээ болуп, улут экендигибизди сактап келе жаткан кыргыз элим бар.

Кыргызстан – ата-бабам жанын кылычтын кынына, найзанын мизине коюп сактаган, ар бир өлкөбүздүн жаранынын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган, алтын топурактуу орун-очогу. Бул мекен бирде чөйчөккѳ куйган суудай тарып, кумга сиңген суудай жок болуп келсе, бирде аймагы чыгышта Курыкандарга чейин, түштүктө Тибетке чейин, түштүк-батышта Жети-Сууга чейин созулуп жаткан улуу дөөлөт болуп турган. Бүгүнкү күндө аскасы асман тиреген өлкѳбүздүн аянты 199,9 миң км2 түзүп, Евразия материгинин мелүүн алкагында жайгашкан. Өз эркиндигибизге 1991-жылы 31-августта жетип, өнүгүүнүн туура жолун издеп, көптөгөн тоскоолдуктарга жолугуп, алардан сабак алып келебиз. Ар бир эле мамлекет өнүгүүнүн туура багытын тапканга чейин көӊүл көтөргөн ийгиликтер менен бирге эле ката, кемчиликтерди да кетирет. Мен азыр ошол биздин жаӊы, жаркын келечек куруубузга бут тоскон кемчиликтерибиз тууралуу сөз кылайын деп жатам. Бул менен биз өз кемчиликтерибизди билип, аны оӊдоо үчүн бүт аракеттерибизди жумшарыбызга ишенем.

Бүгүнкү учурдагы кемчиликтерибиздин баш сабында эркиндикти тушунбѳстүгүбүз турат. Учурда биз өзүбүздү демократиялуу, эркин өлкөбүз деп сыймыктанабыз, бирок баарыбыз эле эркиндик эмне экендигин жакшы түшүнө бербейбиз. Эркиндик бул биздин ар бирибиздин эркин экендигибизди билдирүү менен бирге башкалардын да эркиндигин, укугун сыйлоо дегенди түшүндүрөт. Мисал менен түшүндүрүп көрөлү. Бир шаар көчөсүн алалы, ал жерде толо эл. Бири үнүн катуу чыгарып телефондо сүйлөшүп келе жатат, экинчиси какырынып-түкүрүнүп тамекисин соруп олтурат, башкасы көптөн көрбѳгѳн курбусу менен кыйкырып көрүшүп, өзүн эмоцияга алдырып жиберди, ошол эле учурда дал ошол жолдон музыкасын катуу коюп алган айдоочу алдындагысына сигнал берип жатат. Биз ушул нерсени эркиндик деп түшүнсөк болобу? Анткени ар кимиси өз укугун пайдаланып, өз эркиндигин колдонуп жатат. Бирок булардын ар бири эркиндиктин болуусунун эӊ маанилүү шарты – башкалардын эркиндигин сыйлоону унутуп салышты. Кемчиликтүү эркиндик эркиндик катары эсептелбейт. Демек биз бул катаны жоюу үчүн аны (эркиндикти) калктын калың катмарына туура түшүндүрүшүбүз керек. Бул нерсени түшүндүрүүнү мектеп курагынан баштап үйдѳ да, мектепте да колго алсак жакшы болмок. Мисал үчүн түндѳ ыйлап жаткан балага энеси: «Балам, сен эстүү баласың, сен чоң ата, чоң энеңди жакшы көрѳсүң да, алар азыр уктап жатышат, алар биздин жакындарыбыз. Алардын тынчын албаганыбыз оң болот» – деп башкалардын эркиндигин сыйлоону уйрѳтсө болот. Мектепте да мугалим ар бир балага эркиндик эмне экендигин туура түшүндүрүп жеткирсе жана аны күндөлүк жашоосунда колдонуусун көзөмөлгө алса бул маселени чечебиз деген ойдомун.

Экинчи маселе бул билим берүү системасында. Өзүбүздүн эле күндөлүк окуу күндѳрүбүзгө көӊүл бура турган болсок, сабак жүрүп жаткан учурда уктап, мугалимге көӊүл бурбай олтурган окуучуларды кездештиребиз. Мунун башкы себеби бүгүнкү билим берүү системабыздын учурга туура келбегендиги. Карап көрө турган болсок сабактар СССР учурундагы системалар менен өтөт, ошол учурдагы имараттар пайдаланылат, ар бир беш жылда жаңыланып турмак түгүл предметтик китептер жетишпейт, таңкыстыгы байкалат. Менин оюмча, бул маселени эскирген, муктаждыктарга жооп бербеген системаларды, окуу куралдарын, жабдыктарын учурдун талабына жооп бере тургандарына алмаштырсак жое алабыз. Биз келечек муундарды учурдун талабына ылайык, сапаттуу окуу жабдыктары менен камсыздасак, ошол нерселердин кадырын окуучулар билип, мугалимдер ѳз иштерин жоопкерчилик менен аткарышса, билим берүүсүндөгү тоскоолдуктар жок болот деген ойдомун. Дагы бир нерсе, дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль алуучу окуучуларды даярдай турган атайын курс ар бир мектепте болсо жакшы болмок, анткени ар бир окуучунун шык жөндөмүнө карап, аларды профессионалдар даярдаса, ийгилик жараткан балдар көп болмок.

Үчүнчү маселе ата-энелердин балдарына тарбия бербестен, көңүл кош мамиле кылып, «алар тарбияны мектептен алат» деп мугалимдин моюнуна жүктөп койгондугунда, ата-энелердин мугалимдер менен тыгыз байланышпагандыгында жатат. Баланы ата-эне материалдык эле жактан камсыздап коюп, ага таалим-тарбия бербесе, баласына 15 мүнѳт бөлө албаса, ата-эненин мээриминен ажыраган бала кантип бизге келечегибизди куруп бермек, мээрим көрбөгөн бала кантип башкаларга кам көрсүн. Менин оюмча, бул эң курч маселелердин бири. Биологиялык гана жактан ата-эне болбостон чыныгы ата-эне болуу – бул чоң жумуш. Ар бир баласын чоң суммадагы акча талап кылган мектепке берип, аны бүт материалдык жактан камсыздап, өзүн ата-энелик парзымды жакшы аткарып жатам деген ата-эне балдарга берген ата-эненин мурасы бул табия экендигин түшүнүшсө болмок. Бул үчүн ата-энелерге үй-бүлө курууну туура пландоону, балдарга туура тарбия берүүнү, алар менен тил табышууну үйрөтүүчү курстар ачылып, иш-чаралар өткөрүлсө жакшы болмок.

Дагы бир маселе, бешиктен бели чыга элек баладан баштап ак сакалдуу карыяларга чейин саясат жөнүндө сүйлөшүп, башкаруучуларыбызды талкуулап аларды жамандап олтуруп, өздөрүнүн алтындай убактысын текке кетиргендиги. Биз ар бирибиз саясат менен жашап, өз жумушубузду унутуп койсок, качан өнүгөбүз деп ойлонуп, бирок аракет жасабай койсок, анда мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн ким аракет жасайт? Мамлекет башкаруучулар – калктын күзгүлѳрү. Калк сүт болсо, башкаруучулар анын каймагы. Демек калк кандай болсо, башкаруучу да дал ошондой. Ошондуктан ар бир жаран бирөөгө күнөөнү койбой, өзүн күнөөлүү эсептесин, ката кылышты дебестен катаны жоёлу дешсе, ошондо гана өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөт.

Ар бир өлкөнүн түзүүчүсү, анын бирдиктери – калк, б. а. ар бир жараны. Демек мамлекетибиздин өнүгүүсү ар бир жаранга көз каранды. Жарандар өздөрүнүн жарандык милдетин аткарып, кемчиликтерин жойсо гана өлкөбүз өнүгүп, гүлдөп, өсөт. Ар бир өлкөбүздүн жаранынын мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн жасаган аракети, менин оюм боюнча, өлкөбүзгѳ болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Анткени сүйүү айтылбайт жасаган иш-аракеттери менен билинет.

Нурлан кызы Айзат, Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы, А. Парпиев мектеп-гимназиясы, 10-класс

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз