Айсулуу Давранбекова: Мекенди сүйүү – ага кызмат кылуу

«Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү» конкурсуна №2 дилбаян

Бул дилбаян жазуу сынагына катышуума “РухЭш” сайтынын уюштуруучуларынын өспүрүмдөрдү өз эне тилибизди мыкты билип, аны баалап-барктоого, өнүктүрүүгө, жашоодогу жогорку баалуулуктарды аңдап билүү, ал баалуулуктарга жетүүгө шыктандырганы түрткү болду десем жаңылышпайм. Ошондой эле, бул дилбаянымды демөөрчү Абдывахап Нурбаев жана “РухЭш” сайтынын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен баштоону чечтим.

Мекен – бул ар бир адамдын туулуп-өскөн жери жана жашаган турагы экендиги ар бирибизге эле белгилүү. «Мекен», «Ата Мекен» деген аялуу сезим дайыма адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, бул эки касиеттүү сөз биздин сезимибизде ажырагыс байланышта турганы бекеринен эмес болсо керек. Биздин өлкө, мекенибиз – дүйнөдөгү эң кооз жана берекелүү жер. Ата-бабаларыбыз кыргыз жерин мекендеп жашап келишкен. Сырттан келген душмандар элибизди катуу чаап, талап-тоноп, ар кайсы жактарга тентитип, туш-тарапка таратканда, Манас атабыз бөлөк элге, айрыкча душмандарга тебелеп-тепсетпестен чачылган элин жыйнап, кайрадан Ала-Тообузга көчүрүп келип, эли-жерин ички жана сырткы душмандардан коргоп келишкен. Ата-бабаларыбыз мекенибиздин баалуу жер-суусун душмандарга тепсетпеш үчүн, жан аябай салгылашып, эч ойлонбостон өз  жандарын курман кылышкан. Бул аманатты коргоо, аны сүйүү, өз жерине кызмат кылуу, анын өнүгүүсүнө салым кошуу – ар бир жарандын милдети деп билем.

Ата-бабаларыбыздын көзүнүн карегиндей сактап келген аманатына, алардын мурастарына кыянаттык кылбашыбыз керек. Тескерисинче, алардын баскан жолдорун, тарыхын таанып, каада-салт жана үрп-адаттарынын жакшы жактарын, адептүүлүк, ыймандуулук, чынчылдык сапаттарын жашообузга сиңирип жашасак, өз жанын аябастан, улутун жана жерин сактап калган ата-бабаларыбыздын руханий санжыраларын татыктуу улаган болор элек. Өз тарыхын билбеген, аны сыйлабаган элдин келечеги жок деп айтышат. Элибиздин тарыхын жакшы билип, аны унутпайлы. Ата-бабаларыбыздын Ата-Журт, эне тилибиз үчүн баштарынан кыйын, азаптуу күндөрдү өткөргөндүктөрүн  дайыма эске алып жүрөлү. Биздин күндө ушундай кооз жаратылышы, өзөн-суулары, көздүн жоосун алган жайыттары, токойлору, жыттуу арча, түркүн түстүү, кызыл-тазыл гүлдөрү бар, чет элдиктер суктанган бейиштей жерде  төрөлүп, ушул жерди мекендеп калганыбызга биз чексиз ыраазы болушубуз керек жана анын баасын билишибиз шарт!

Менин оюмча, мекенди сүйүү кичинекей үй-бүлөдө жакшы тарбия алуудан башталат. Анткени, үй-бүлө да кичинекей мамлекет. Ошол кичинекей мамлекетти жакшы ата-эне башкарып, уул-кызына асыл сапаттарды үйрөтүүчү мыкты үлгү болуп, татыктуу тарбия берсе, ал эми, уул-кызы ата-энени үлгү тутуп, алардын берген тарбиясын өзүнө сиңирип, тыюу салгандан тыйылып, өнүгүүчү жерден өсүп-өнсө, анда алар келечеги бар, мекенин сүйгөн, элин сүйгөн мыкты инсандар болушуна мен толук ишенем.

Мекенди сүйүү бул – “Мен Мекенимди сүйөм!” деген куру сөз эмес. Мекенимди сүйөм деп, башка улуттун маданиятына кирип  алуу жарабайт. Менин көз карашым боюнча, Мекенди сүйүү – ага кызмат кылуу. Биз мекенибизди сүйөрүбүздү кантип билдиребиз? Биринчи кезекте, өз жерибиздин келечеги үчүн эмгек кылуубуз абзел. Ооба, азыркы учурда деле эмгек кылган адамдар абдан көп. Бирок өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, Мекен үчүн эмгектенгендерди табуу өтө кыйын. Андан кийинкиси, мекендин өнүгүүсүнө колунан келген салымын кошуусу керек. Анткени, мекендин өнүгүүсү – андагы жашаган адамдарга көз каранды. Эч качан кимдир бирөө сырттан келип биздин өлкөбүздү өнүктүрбөйт. Сырттан жардам берип жаткан сыяктуу көрүнгөндөрдүн баарынын өзүнчө  кызыкчылыгы бар. Аларды биздин өлкөнүн өнүгүүсү кызыктырбайт деп ойлойм. Мекен биздин колубузда. Биз гана анын өнүгүүсү үчүн күйүп-бышабыз.

«Туулган жердин топурагы алтын» деген баалуу макал бар элибизде. Аталарыбыз мекенин сактап, биздин колубузга өткөрүп берди. Эми аны сактап, келечек муунга өткөрүп берүү биздин милдетибиз. Өз эли-жеринин келечегине кайдыгер карабаган ар бир инсан, өз өлкөсү үчүн кызмат кылууга милдеттүү деп эсептейм. Ар бирибиз колубуздан келишинче кызмат кылууга эмгектенсек, мекендин өнүгүүсү жана сакталуусу толук мүмкүн экендигине ишенем! Башка өлкөлөргө суктанып, биздин өлкөдө жашоо татаал деп кол шилтеп сыртка кете берсек, анда биз өз өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн ой жүгүртпөй, ата-бабаларыбыздын мээнетине кол шилтеген болобуз.

Мекенби же кичи мекенби, анын өнүгүүсү үчүн ар бир жаран жоопкерчиликтүү болушу керек. Мен окуучумун, жаш өспүрүммүн жана эл катары, менин да мекендин өнүгүүсүнө келтире турган мисалдарым жана түшүнүгүм бар. Эң жөнөкөй мисалдардын бири, коомдогу тазалыкты сактоо жана жайылтуу. Тазалык ыймандан демекчи, коомдук жайларда таштандыларды көрүнгөн жерге таштап, отургучтарга буту менен чыгып, булгап жаткан адамдарды токтото албагандыгыбызга капаланам. Ошондой эле, аларга көз жумуп өтүп кеткен адамдарды көрсөм зээним кейийт. Өлкөбүздө канчалаган башка улуттун элдери жашашат. Алардын терс көз карашына, ой-пикирлерине көз жумуп кое албайм. Ошол эле учурда, жалгыз колумдан эч нерсе келбегендигине кейип кетем. Биз өзүбүз өлөбүздү таза сактай албасак, башка улуттун элдерине баары бир эмеспи? Өз тилибиздин баркын билүү жана чет  тилдерде орунсуз сүйлөбөө. Тил билген эң жакшы дечи, бирок, кыргызча сүйлөсө боло турган жерлерде обу жок орусча сүйлөгөн сапат мага өтө эле жакпайт. Жаштарды өз тилинде сүйлөөгө, аны урматтоого чакырыт элем. Себеби, мен түрктөрдүн Европага киргенине карабастан, алардын өз мамлекетинде орусча же англисче сүйлөгөнүн такыр көргөн эмесмин. Бул да болсо өз тилинин урматын жайына коюу деп билем. Жалкоолонбой билим алуу, изденүү, терең ой жүгүртүү, келечекке максат коюу жана ага умтулуу. Билимдүү болуу – мамлекетти өнүктүрүүнүн ачкычы деп ойлойм. Бир гана мектепти эмес, чоң окуу жайларды да өз күчүбүз менен жакшы окуп, ар тараптан илимдүү- билимдүү болушубуз зарыл. Пара бербөө жана албоо. Себеби, пара берүү аркылуу көздөгөн максатка жетүү – өз мекенин талкалоо менен бирдей. Жогоруда айтылган мисалдар мен үчүн орчундуу болуп саналат. Ар бир чоң ийгилик, өнүгүү кичине нерседен башталат деп ойлойм. Адамда ыймандуулук, адилеттүүлүк, айкөлдүк, сабырдуулук, адамгерчилик, жароокерлик сыяктуу негизги сапаттардын болуусу зарыл экендигин түшүндүм. Анткени бул асыл сапаттар жок болсо, аракетибиз жок болсо, кайдыгерлик болсо, биз өз өлкөбүздүн астында жарандык милдеттерибизди аткара албайбыз жана  өнүктүрө албайбыз.

Өз мекенин сүйүү, аны коргоо, анын өнүгүүсүнө салым кошуу же салым кошууга аракеттенүү – менин, силердин милдетибиз. Биз мектепте окуйбуз, билим алып, билимдүү болуш үчүн, бизде бардык шарттар жетиштүү. Мектепти бүтүп, окууну улантууга же иштөөгө, каалаган жерге барып эс алууга укугубуз бар. Мунун баарын бизге Мекен тартуулады. Андыктан, татыктуу билим алып, мен кыялданган кардиолог  кесибинин ээси болуп, адамдардын жүрөгүн дарылап, бир эле өз кесибиме байланбастан, мамлекетимдин өнүгүүсүнө ар тараптан салым кошууга жөндөмдүү болсом экен деп тилейм. Токтогул Сатылганов атабыздын ырында:

“Жакшы адам белгиси,
Эл камы үчүн күйүнөт.
Жаман адам белгиси,
Өз камы үчүн жүгүрөт” – дегендей, жаман атка конбой, асыл сапаттардын ээси болгон жөнөкөй адам катарында, өз  мекенимди сүйүп, анын астында өз милдеттеримди аткара алсам деген аруу тилектериме жеткирсин Жаратканым!

Бишкек шаары, Чүй облусу, Биринчи Май району, Мурас-Ордо жаңы  конушу, участок 13/55, Озерный жалпы билим берүү орто мектеби, 8-б класс

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз