Конкурска: Тагдыр (№7)

АҢГЕМЕ

Качанкы баткактан тургузулган эски үйдүн морунан түтүн булоолойт.  Кыштын экинчи айына аяк баскан.  Үйдүн терезесиндеги жарыктан балдарына артын салып алып, ойлуу от жагып отурган, чачын али ак аралай элек аялды, анан анын сол тарабындагы темир керебетте жаткан эркек адамды кѳрѳсүӊ.  Келечектен үмүтүн үзүп, турмуштун кайсы эшигин каккылаарын билбей калганбы,  айтор, ортодогу жымжырттыкты бузуп, биринин үстүнѳ бири минип, чурулдашып ойноп жаткан балдарына, ар жакта жаӊыдан жѳргѳлѳйүн деп жаткан кызына деле кайыл, бир жерди теше тиктейт. Тимеле сыртта ышкырган ызгаар суук, ушул аялдын ичине байырлап алгандай.  

– Апа, сүт ташыды, апа, сүт ташып атат... 

Мына ушул чурулдаган үндѳн кантип секирип туруп, качанкы сыры ыргып бүткѳн кыпкызыл оттун үстүндѳгү сүттү кантип колу менен алып жибергенин да байкаган жок.  Балдарына ысык сүттѳп чайын берип жатып, качанкы ѳзүнѳ куйган чайдын эбак муздап калганын байкады.  Бирок анын дегеле наар алгысы жок...   

Балдарын кучагына кысты да,  кыштын узун түнүндѳ уйкуга кетти.  Кѳпкѳ уктай алган жок...  Ичинен үнсүз ойго жаткан күйѳѳсүн аяды.  Сүйлѳшѳргѳ сѳз калган жок.  Адам дегениӊ тирүүлүктѳн үмүт үзбѳйт тура.  Ѳмүрлүк жолдошунун дегеле, бүткүл адамзатынын бул жалган жашоого түбѳлүктүү түркүк боло албасын билсе дагы, дагы ѳмүр сүрүшүн, дагы жашай турушун бу кудуреттүү күчтүү Кудайдан, Жараткандан күнүгѳ тиледи, Кудай оору берсе шыпаасын кошо берет деген качанкы бул сѳзгѳ бүгүн дагы үмүт артып олтурат.  Ооба, бирок акыр аягы дабасы табылбаган оору экендиги аныкталып, колубуздан келбейт деп ак халатчандар чыгарып берип койбодубу.  

 Азырчы, азыр мына ушул күйѳѳсүнүн эртеӊкисин ойлоп, күйѳѳсүнүн эле эмес, жылуу жуурканда жаткан чиедей беш баласынын тагдырына санааркап, бул эки адамдын ою бир жерден чыгып, үн-сѳзсүз эле сүйлѳшүп, түйшѳлүп жатышпайбы.  Ооба, бул эки бѳлѳк жыныстан бүткѳн аял-эркек бири-бирине карама-каршы жаралган адам пендеси болсо дагы, алар бүгүн бир бүтүн.  Кокус жаза тайып бул оору акыры мени алып кетер болсо, сыртынан үлбүрѳк кѳрүнгѳн бу балдарынын энесине ѳтѳ эле оор болуп каларын, азыр деле тирүү адам катары жашап жатканы менен, кыймылсыз тирүүнүн ѳлүгү экенин эстегенде, заманасы куурулуп, бу учу кыйырсыз кеӊ дүйнѳӊдүн ичи бир адамды ѳз кучагына батыра албаган бир тар дүйнѳ сезилип кетет.

Ойлогон ойдун учу кыйырсыз, аягы жок.  Күнүгѳ окшош таӊ атат.  Аялы адатынча  бүгүн да туруп алып, балдарды ойготуп албайын деп, акырын тыбыт жоолугун салынып, короодогу эки уйун сааганы жѳнѳдү. Бу беш баланын апасынын күнүмдүк жашоосу мына ушинтип башталып, анан чыкыя кийинип алып, үйдѳгү түйшүктү, санааны таштап, бир колуна качанкы күйѳѳсү иштеп жүрүп, атайын арнап сатып алып келген сумкасын кѳтѳрѳт да, экинчи колуна чыбыкты алып, уйларды бадага айдап жѳнѳйт.  Андан ары айылдын үстүндѳ жайгашкан мектебине, окуучуларына сапар тартат.

Ооба, бир адам ооруп жатса эле, турмуш токтоп калмак беле.  Жаралышы ушундай болгон баардык жандуунун жаны бир эмес экен да.  Бүгүн күн адаттагысына караганда жылуурак.  Качанкы жааган карлар эрип, күнѳстѳп отурган чал-кемпирлер, жегенге бир нерсе таап алчудай болуп, эки буту менен карды тытмалаган тооктор, эптеп тумшугума бир нерсе илинип калабы дегенсип, күнүмдүк убактылуу азыгы, тирилүүгү үчүн жашоонун бул айлампасында ѳмүрү бүтүп, суусу түгѳнгѳнгө чейин далбас урат эмеспи.  Ооба, акылы жок айбандан, акылы бар бу адамыӊ да качанкыга чейин азык издеп, дагы качанкыга чейин күн кѳрѳт болду экен... 

Дегеле атасы бүгүн башкача... Жуунуп-тазаланып, балдары менен эркелешип, ѳзүн колго алганбы, айтор, аялы менен да кѳпкѳ сүйлѳшүп, бир дастаркондо чай ичти.  Аялы кудуӊдап:

– Жакшы болуп калган го...  биз менен аралашып, дегеле ылайым ушундай болсо экен деп ичинен сүйүнүп, жонунда артылып турган турмуштун түйшүгүнѳн кыйла жеӊилдегендей ѳзүн жеӊил сезип жатты.

Аӊгычакты эле атасы:

– Эшикке ойноп келгилечи,  жылуу кийинтип койчу, күн сонун болуп турат, – деп калды.  

Баары тим эле чурулдашат.

– Апа, менин топум каякта?

– Апа, мен да эшикке чыгайынчы деп, чоӊ-кичинесин кийинтип, биринен-бири ѳтүп жарышып, чурулдап эле калышты.

Бирок алар бул жашоонун бир кѳз ирмемде ѳзгѳрүлѳрүн же кѳз ачып-жумганча аалам астын-үстүн болуп дүйнѳ тыптыйпыл жок болуп кетерин, бизди жараткан кудурети күчтүү кудайдын күчүн азыр алар али тааный элек.  

Эшикке чыгып кайра келгендин ортосунда темир керебеттин үстү бош калып, ушул тагдыр келерин күн мурунтан сезсе дагы, ишенгиси келбей, жалгыздыкка моюн сунбай, балдарына түшүндүрүшкѳ чолосу жетпей, буркурап-бостоп ыйлап жаткан энесин карап калышты.

Ооба, буга чейин деле турмуштун түйшүгүн жалгыз тартып келбеди беле, бирок ал үчүн күйѳѳсүнүн карааны чоӊ табылга, тирѳѳч эмес беле...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз