Нурлан кызы Аяна: Өзүбүздү өнүктүрүүдөн баштайлы

“Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү” дилбаян конкурсуна №4 дилбаян

Туулган жердин топурагы алтын. Ар бир адам өз мекенинде ээн-эркин жүрсө кандай жакшы болмок. Жашоодо ар кандай учурлар кездешет экен. Мекендештерибиз өлкөдөн чыгып иштеп, жан багып, үй-бүлө багыштын айласын издеп жашоого аргасыз. “Колдогу бар алтындын баркы жок” дегендей, өлкөдөн чыкканда гана мекенибиздин баркын билет экенбиз.

Өлкөнү сүйүү бул – ар бир жарандын милдети. Баардыгыбыз өлкөбүздүн өнүгүп өсүп, алдыңкы мамлекеттерден болуусун каалайбыз. Бирок өлкөнүн өнүгүшүнө ар бир жаран салымын кошо бербейт. “Мен кыргызмын” деген жарандын баары аракет кылса, алдыга жылат белек дейм. Мисалга алсак, чет өлкөдөн башка улуттун жарандары бир кыргызды жаман иш кылып жатканын көрүп калса, “бул бала жаман бала экен” дебейт да, ал чет өлкөлүк жаран “кыргыздар жаман экен” деп айтат. Ошондуктан ар бир кыргыз өлкөсүн сүйсө, өнүгүшүнө салым кошом десе, өзүнөн баштаса жакшы болот эле. Мейли чоң нерсе кылбасын, жок дегенде көчөлөргө таштанды ыргытпасын, улууларды урматтап, кичүүлөргө жардам көрсөтсүн. Мындай көрүнүш кандай жагымдуу көрүнүш болмок. Бир нерсе болсо эле жаштарды күнөөлөп, “азыркы жаштар бузулду” деп чыгабыз. Чындыгында мындай көрүнүшкө жаштарды тарбиялаган улуу муун күнөөлүү болуп жүрбөсүн.

Кыргызстан – бул менин менин мекеним, туулуп өскөн жерим. Тарыхы терең, топурагы алтын, ар бир тамчы суусу касиеттүү, ар бир ташы баалуу. Ата-бабаларыбыз өлкөбүздүн ар бир кадамы үчүн, чек арабыздын ар бир карышы үчүн кашык каны калганча күрөшүп келишкен. Урпактары үчүн түгөнгүс байлык, каада-салт, үрп-адаттарды калтырып кетишкен. Балдарым үчүн деп, Кыргызстандын улуту, тили, туусу, герби, гимни, эгемендүүлүгү, суверендүүлүгү деп канчалаган чыгаан инсандар өтүп кетти. Ата-бабаларыбыздын эмгегин көккө сапырбай сактап калалы. Өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан Манас атабыздан, Курманжан Датка энебизден, Чыңгыз Айтматовдой кыргыздын чыгаан уулдарынан үлгү алалы.

Исхак атабыз айткандай, “сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”. Өлкөбүз жаман деп айтпаймын. Мекенибиздин желегин дүйнөгө желбиреткен спортчуларыбыз, маданият кызматкерлерибиз, патриот саясатчыларыбыз, баатырларыбыз бар. Мен сыймыктанам. Албетте бул мактана кетчү нерсе. “Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпакчан көрсөң кыргыз деп бил” дегендей, көп элде жок өзүбүздүн улуттук кийимдерибиз бар. Жер жүзүндө калкынын саны бизден көп болсо да, эгемендүүлүккө жетпей, жерине ээ боло албай, каада-салтын сактай албай жүргөндөр көп. Аларга салыштырмалуу, кайсыл жакта болбосун “Мен кыргызмын – Мекеним Кыргызстан” деп, эч кемсинбей, көкүрөк кагып айта алабыз.

Өлкөбүздү, Мекенибизди, Кыргызстаныбызды сүйөлү. Өлкөнү сүйүү бул кичи мекенибизди – “үй-бүлөбүздү” сүйүүдөн башталат. Ата-энебизди, ага-инилерибизди, эже-сиңдилерибизди сыйлайлы. Кыргызстандын келечеги алдыда экенине, кең мамлекет болоруна ишенели. Эч качан башчыларыбызды күнөөлөп отура бербей, кемчиликтерди өзүбүздөн издейли. Бекер эле үрө берген иттей болуп, ар кимге даттанып, өз жашообузду жамандай бербейли. Андан көрө алдыга максат коюп, умтулалы. Башкалар башкарып кете электе өзүбүздү өзүбүз башкарганга үйрөнөлү. Баардыгыбыз өлкөнү өнүктүрүүнүн үстүндө бололу.

Дал ушул өлкөдө төрөлүп, ушул өлкөнүн үстүндө басып, абасын жыттап, суусун ичип жүргөнүмө жаратканга миң мертебе ыраазымын. Менин ата-тегим ушул жерди мекендеген, буюрса келечектеги балдарым ушул жердин кулуну болушат. Мекениме канча жакшылык кылсам дагы, кандай кооз сөздөрдү арнасам дагы аздык кылат. Менин өлкөмө бир да өлкө тең келе албайт. Мекеним деп төмөнкү ыр саптарын арнадым:

Сен үчүн даярмын баарына

“Мекеним” деп согуп турат жүрөгүм,

Жытың жыттап, сууңду ичип жүрөмүн.

Туулган жер, өскөн жер турбайбы

Сыймыктанып мактанчу ыр саптары.

 

Өлкөм деп канчалаган баатырыбыз

Кан төктү, кашык канын аябай.

Аларга биздин айтарыбыз,

Унутпайбыз биз силерди, жыл санабай.

 

Өлкөм үчүн жаным керек убакта

Даярмын мен, сен үчүн жаным курман.

Эгер жатсам, бөтөн элдин абагында

Сатпаймын, сени мен, эч унутпа!

Өлкөбүз өнүгүп өсө берсин, ар бир жарандын жүрөгү “КЫРГЫЗСТАН” деп сого берсин. Алга Кыргызстан! Келечегиң алдыда!

Аты-жөнү: Нурлан кызы Аяна

Дареги: Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Григорьевка айылы, Ленин көчөсү №14

Мектеби: А. С. Пушкин орто мектеби, 8-“г” класс

Окшош материалдар

Комментарийлер (5)

  • -

    Мыкты жазылыптыр

  • - Дюшембекова Аймээрим.

    Туура жана эн жакшы жазылган

  • - Дюшембекова Аймээрим.

    Туура жана эн жакшы жазылган.

  • - Аяна

  • - Дюшембекова Аймээрим.

    Туура жана эн жакшы жазылган

Комментарий калтырыңыз