Каныбекова Мираида: Президенттердин да коррупцияга байланышы бар

«Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү» конкурсуна №6 дилбаян

Ар бир адамдын өзүнүн мекени бар. Менин мекеним – Кыргызстан. Мен өз мекенимдин жараны экениме сүйүнөм жана коргоого ар дайым даярмын. Кыргызстан 1991-жылы 31-августта өз алдынча мамлекет болуп жарыяланган. Бул күндү биз жыл сайын майрамдайбыз.

 Менин мекеним Борбор Азияда жайгашкан. Кыргыздар – Кыргызстандын жергиликтүү негизги калкы. Биз Борбор Азиянын эң байыркы элдеринин бирибиз десем жаңылышпайм. Кыргыздар өзүнүн бай тарыхы, кооз жаратылышы, улуттук кийимдери, каада-салты, музыкалык аспаптары, тамактары менен башка өлкөлөрдөн айырмаланат. Кыргыз элине тиешелүү асыл дөөлөттөрдүн бири –меймандостук. Бул бизге ата-бабаларыбыздан калган салт десем болот.

 Жаран – бул бир мамлекетте жашаган, конституцияда каралган бардык укуктарга ээ жана жарандык милдетин аткарган адам. Ар бир жарандын милдети – өз өлкөсүнүн эрежелерин сактоо, добуш берүүгө катышуу жана өлкөнүү сүйүү.

 Бекеринен келечек жаштардын колунда деп айтылбаса керек. Эгерде биз жаштар билимдүү, адилеттүү, айкөл, акылдуу жана адамгерчиликтүү болсок, биздин мекен тез эле өнүгүп кетет. Мен чоңойгондо өлкөнүн коомдук турмушуна катышып, шайлоого катышып, татыктуу адамдарга добуш бергим келет.

Биздин өлкөдө башка өлкөлөрдөй эле коррупция, алдамчылык бар. Мисалы: билимсиз эле адамдар жогоркуу окуу жайды бүтүп, жакшы ишке коррупция аркылуу эле кирип алышат. Коррупция аркылуу кирген мугалимдер окуучуларга татыктуу билим бере алышпайт. Дарыгерлер адам өмүрү менен ойношот. Мисалы үчүн азыркы учурда короновирустан канча адамдар каза болуп атат. Эгерде биздин өлкөдө өзүнүн ишин так аткарган гана дарыгерлер болсо, каза тапкан адамдар аз болмок. Азыр эң өкүнүчтүүсү биздин мамлекетти башкарган депутаттардын, министрлердин, жада калса президенттердин да коррупцияга байланышы бар. Эгерде коррупционерлер өзүнө ылайыктуу жазасын алса, биздин өлкө өнүкмөк.

 Мен мекенимди өнүктүрүп , бүткүл дүйнөгө даңктагым келет. Элим үчүн, жерим үчүн кызмат кылууга даярмын.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз