
Манас Алымбаевге
Деңиз киши, дегдегениң деңизби?..
Бул эңсөөңдү байкабасын кандай жан?
Сууктан үшүп, же калдыбы ысыкта?
Сурап коём сени билген жандардан.
"Кылган ишим окшобойт деп ишиме,
Көргөн түшүм окшобойт деп түшүмө".
Мен ишенем жүрөгүңдө күн жашайт
Ошол сүйүү – ошол күндүн күчү де!..
Туюнта албай турмуш, сүйүү бактысын,
Турган үчүн алсызмын деп кейидиң.
Бир сап ырың бир ааламды багынтат
Баалай албай жүрдү экен сени ким?..
Бул дүйнөнүн кенендигин, тардыгын,
Булуттардын жок экенин, бардыгын.
Барыңды эстеп, жогуңду эстеп сенин да
Баалачулар кайсы жылдыр, кай кылым?..
Жаша, жаша, аалам батып ичиңе,
Кылган-неткен ишиң окшоп ишиңе.
Көкүрөгүң көк асмандай тазарсын!
Бүгүн дагы деңиз кирсин түшүңө!
Комментарийлер (2)
Мыкты ыр экен Мага жакты
Мыкты мага жакты