Абласова Аяна: Таштандыны беш өзүнчө урнага сорттоо керек

«Жарандык милдет өлкөнү сүйүү» конкурсуна №8 дилбаян

Кыргызстанда жана бардык дүйнөдө азыр эң жакшы күндөр эмес, жана жакынкы убакытта баары оңолот деп үмүт этпей эле койсо болот. Кыргыз элинин көбү сактануу чараларын колдонуунун керектигин сезбей эле. Кичинекей балдар өз ата-энесин дүйнөнү куткарган баатыр элестетишет, азыр ошол элестетүүгө дал келиш үчүн, үйдө отуруш керек, мындан жеңил баатыр болуштун ыкмасын табыш мүмкүн эмес.

Көп эмес күн мурун Кыргызстан өзүнүн жаңы башчысын шайлады. Жана Садыр Жапаров: «Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өтүшү керек» деп айтты. Ошондон кийин мен кайсы башкаруу формасы жакшыраак деп ойлоно баштадым. Бир аз убакыттан кийин бул суроого жооп өзү келди. Менин чоң апам: «Эмне болбосун бул тактыда отурган кишинин пейилинен жана кайрымдуулугунан чечилет» деди.

Бирок өлкөнүн гүлдөшүнө эл дагы чоң салым кошот. Калк закондорду укпай башаламан болушса, айткан сөзүң жел сыяктуу эле учуп кеткен өлкөнү башкаруудан эмне пайда? Азыр дүйнөдө эпидемиядан дагы башка көйгөй бул: пластик. Экология күндөн күнгө бузулуп жатат. Кыргызстан азыр анчалык оор абалда эмес, бирок жыланды баштан кармаш керек. Таштандыны пластик, айнек, темир, кагаз жана чирүүчү таштанды деп беш өзүнчө урнага сорттоо керек. Бул жол Бишкектин кээ бир жерлеринде болушу мүмкүн. Мен бул ыкманы болушунча көп региондорго уюштурууну сунуш кылам.

Жана азыркы учурда жаш өспүрүмдөр өмүрүн өзү кыйган же өзүнө зыян келтирген окуялар көбөйүп бара жатат мунун баары депрессиянын кесепети, ошол үчүн ар бир мектепке өзүнчө психолог жалдоону сунуштайм. Азыр экономикасы асманга учкан өлкөлөрдүн дагы жарандары кыргыз тоолорунун кооздугун көзүн чоң ачып карашат, биз өлкөбүздүн кооздугун билип, барктап жана сакташыбыз керек. Ар бир область бири-бирине окшош эмес, жеген тамагыбыз, күнүмдүк турмушубуз жана ар бир облустун өзүнүн сүйлөгөн диалекти бар. Климаттар дагы айырмаланат. Нарында суук, Ошто ысык. Бирок ошондой болсо дагы баарыбызды бириктирген – салттарыбыз, тарыхыбыз жана өлкөнүн келечегине кылган аракетибиз. Кыргыз эли жолдо турган кыйынчылыктын баарын жеңе алат. Алга кыргыз эли.

Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Оргочор айылынын Мамбет Тынаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 8-б классынын окуучусу. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз