Конкурска: Кумдай чачып салыптырмын дүйнөмдү (№22)

*     *     *

Сүйүү өзү Кудай белем билет ким?
Көрүнбөгөн... түнөк кылган жүрөктү.
Тозокту да, бейишти да көрсөтүп,
бирде ууну, бирде ичирген мүрөк суу.

Сүйүү деген жүрөктөгү Кудай бу,
а болбосо өрткө пенде чыдайбы.
Пенделердин пешенесин өзгөртүп
дилиндеги тазарта алат "ылайды".

*     *     *

Барактардай ирети жок, сырлар жык
сыйпап таппайм... шыпырыптыр жылдарды.
Чиймелеймин бир шедевр жазгансып,
өзүмө окшош чалагайым ырларды.

Өкүт дүйнөм -- бул кечээгим экенин
шыбырынан барактардын сеземин.
Ырым чырдап, тез айрылган барактай
жылдар шашат... күтүп-күтпөй кезегин?..

Куник барак жыртылар да, түгөнөр,
ырлар ыйлаар өзүн таппай жүдөгөн.
Кум төрүндө... кумда күкүм алтындай
бир сап жатса жеткендигим мүдөөмө.

Кум-топурак болуш жеңил кабырда,
жүрөктөрдө жашаш кыйын сап ырда.
Ырларымда жашайт чырым – кечээгим,
мен өлсөм да өткөнүмдөн жабыркап.

Кечээ өлүп ажырасам сабырдан,
эртең өзүм мураска алам сап ырда.

*     *     *

Шыңгырашат күндөр күндө тыйындай,
кужурумду алат эч бир тыйылбай.
Тоголонуп шыңгыр үндөн калышпай
кошо тердим өкүнүчтү быйыл да.

Байлык болсо айланам деп кыйынга,
кудайга эмес билбейм кимге сыйынгам...
Жыйган менен көрдүйнөнү тырмышып,
чачкан кумдай көөдөн жатат жыйылбай.

Напси досум нан артынан сүйрөлдү,
көз азабын -- көргөнүн жеп үйрөндү.
Бүркүт болбой... тоок сыңары пок чокуп,
кумдай чачып салыптырмын дүйнөмдү.

*     *     *

Сакалды алып, кыркып мурутту,
кычыраймын тиктеп булутту.
Сырт келбетке көңүл бөлүнүп,
а ич дүйнөм көңдөй – курук бу.

Колуктунун тандап сулуусун,
тондун дагы кийдим жылуусун.
Ошондо да бороон ышкырып
көөдөнүмдө жалган туру үшүп.

Кереметке далай суктангам,
керебетке эми жыкты арман.
Кебетемди өзүм көрбөпмүн,
көөдөнүмдүн көзү ач калган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз