Таңсулуу Балбаева: Ишембилик да мекенге кошкон салым

«Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү» конкурсуна №11 дилбаян

Менин Мекеним Кыргызстан. Кыргызстан – эң кооз бийик-бийик тоолордун, мөңгүлөрдүн, шаркырап аккан тунук суулардын, көз жоосун алган көлдөрдүн, жаныбарлардын, дарылык касиети бар түрдүү өсүмдүктөрдүн мекени. Ар бир кыргыз эли бейиштей болгон жерде жашап, бул жердин таза абасы менен дем алып, кыргыз экенине сыймыктанып жашашат деген ойдомун. Мен өз мекенимдин атуулумун, мекенимди чын дилим менен сүйөм жана ар дайым коргоого даярмын. Мекенимди өнүктүрүүгө чоң салымымды кошкон, өлкөмдүн тиреги болуп, кыргыз эли сыймыктанган акылдуу кыздардан болуу үмүтү менин жүрөгүмдө ар дайым жашап келет.

«Кыргызстан канткенде өнүгөт?» деген суроо ар дайым оюмда жүрөт. Биринчиден тарбияны, тазалыкты өзүбүздөн башташыбыз керек. «Мен таза болсом, сен таза болсоң – коом таза болот» демекчи, өзүбүздү тазалыкка үйрөтсөк, башкаларга үлгү болуп, аларды дагы үйрөткөнгө аракет кылсак, Кыргызстан эң таза өлкөлөрдүн катарына кирет деген ишеничтемин. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн, албетте миграцияны азайтуу керек. Азыр ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү мигрант болуп чет өлкөдө иштеп жүргөнүн жолуктурабыз. Миграциянын бизге оң жана терс жактары бар. Биздин муктаждыгыбызды, материалдык жактан муктаждыктарды канааттандырганы менен бала ата-энесин сагынып, ата-эненин мээримин көрбөй калышат. Көрүп тургандай кыргыз эли бекеринен бөтөн жерде жүргөн жок, өз ата-энесин, балдарын багам деп тиричилик үчүн, ар күнү кечинде өз жакындарын сагынып, боздоп ыйлап, эртеси кайрадан турмуш арабасын кылдыратуу үчүн жумушка кетип, кара курсактын айынан акча табам деп жүргөнүн баарыбыз билебиз. «Миграцияны азайтып, өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмне кылышыбыз керек?» деген суроо туулат. Өлкөгө көптөгөн заводдорду, ишканаларды куруп, Кыргызстандан ар түрдүү товарларды чыгарып, чет өлкөлөр менен макулдашып, аларга жиберип, акчаны айландырып иштетүүнү үйрөнүшүбүз керек. Өлкөдө заводдор курулуп, ишканалар көбөйүп, чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар өз жерине келип, балдарынын жанында күлүп жайнап иштеп жүрсө, ата-эне дагы бактылуу болуп, Кыргызстанда ынтымак, үй-бүлөлүк бакыт орноп, өлкөбүз кичине болсо дагы өнүгөт деген ойдомун. Мисалы: Кыргызстандын өнүгүшү үчүн мен өзүмдүн туулуп өскөн айылым Кара-Кулжа районуна сүттөн жасалган азык-түлүктөрдү чыгаруучу чакан завод ачмакмын. Товарларды чет өлкөгө жиберип, жумуш издеп жүргөн кыргыз элиме жардам берип, өлкөгө кичине болсо дагы киреше алып келүүнүн жолун ойломокмун. Ошондой эле акыркы күндөрү Кыргызстанда таштанды көбөйүп өлкөбүз булганып бара жатат. Эгер таштандыны кайра иштете турган завод ачсак, бул дагы жакшы болот деп ойлойм. Айта кетчү нерсе биз картөшкө, пияздын кабыктарын таштандыга таштабай жана өрттөбөй, жерге көмүп жер семирткич катары колдонсок эң жакшы болот. 

     Келгиле, балдар баарыбыз билимдүү болуп, келечекке чоң максаттарды коюп, өлкөнү сүйө билгендигибизди иш-аракеттерибиз менен көрсөтөлүк. Жакшы жашоо жаркын келечек үчүн, өлкөбүздүн тагдырын ойлоп алдыга умтулалык. «Максат коюлса – жол да табылат» демекчи, менин  максатым – кыргыз элине чын дилим менен кызмат кылуу. Көрүп тургандай 2020-жылы өлкөбүз эң оор күндөрдү башыбыздан өткөздүк, өлкөнү коронавирус илдети каптады. Бул илдет Кыргызстанды гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүн кыдырып чыкты деп айтсак болот. Кыргыз эли көптөгөн жоготууларга учурады, канчалаган адамдардын көз жашы төгүлдү, ооруканада орун жок, дары-дармектин жетишсиздигин көрүп, сай сөөгүм сыздап, зар какшап ыйлаганга чейин бардым. Мына ушундай окуядан кийин мен биротоло өзүмдүн келечектеги кесибимди тандадым. Ал кесип Кыргызстандын ар бир жаранын туура жашоого үйрөтүүчү кесиптердин асылы – медик болууну тандадым. Медик болуудагы же Кыргызстандын өнүгүүгө карай багыт алган киреше булагы катары Кыргызстандагы дары чөптөрдүн касиеттерин изилдөө дагы өзүнчө бир өнүгүүнүн жолу башкача айтканда экономикабыздын көтөрүлүшүнүн бир жолу. Кудай берген өзүнчө бир керемет табияттын байлыгын пайдаланууну максат кыламын. Бул менин келечектеги максаттарым. Бирок, мен окуучумун, менин колуман эмне келмек деген сыяктуу сокур ойлорду ойлошубуз мүмкүн. Биз окуучу болсок дагы, азыр жогорку билимибиз болбосо дагы, өлкөбүзгө кичинекей салым кошо алабыз. Жөнөкөй мисал келтирсек. Мисалы: биздин айланабыздагы жарандардын кайдыгерлигинен айланабыз таштандыга толуп кеткендиктен, ошол таштандыларды жыйноо үчүн, кичинекей болгон салымыбызды кошуп ишембиликтерди жасасак дагы, жарандык милдет катары мекенге кошкон салым болуп эсептелинет. Ошондуктан баарыбыз өз жерибизди өнүктүрүүнүн жолун ойлоп, келечекте эң акылдуу инсан болуп чыгалык. Баарыбыз жарандык милдетибизди аткарып, кыргыз эли жерибиз үчүн кызмат кылалык. 


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз