Кубанычбек кызы Айымкан: Өз өлкөсүн сүйбөгөн адамда сүйүү сезими жашабайт...

«Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү» конкурсуна №12 дилбаян

Биз жарык дүйнөгө келип, биринчи кадам жасап, биринчи сөз айтып үй-бүлө деген кичинекей өлкөнүн бөлүгү болобуз. Жашаган үйүбүздөн тартып көчөбүз, бала-бакчабыз же мектебибиз, шаарыбыз же айылыбыз, айтор баарынан чоң өлкө куралат. Өлкөгө болгон сүйүү ар бир адамда ар кандай убакытта пайда болот. Кээ биринде Мекенге болгон улуу сезим жүрөгүндө жашап келет, кээ бири ал жөнүндө ойлонбойт. Бирок ар бир адам башка өлкөдө жашап, ийгиликтерге жетишсе да өз өлкөсүн, мекенин, туулган жерин унутпайт. Ар бир өсүп келе жаткан өспүрүм мыкты жашоону издей, дүйнөнүн ар бир бурчуна сапар алат. Алардын катарында мен да Америкага же Европага кетүүнү, башка өлкөдө ийгиликтерге жетүүнү каалап, максат койгом. Бирок оюмда «Кантип өз мекенимди, жакындарымды таштап кетем?» «Эмнеге ийгиликке жетиш үчүн башка өлкөгө кетүү керек?» деген суроолор пайда болду. Ар бир улуу адам ишенич менен айтат: «Жаштар – биздин келечек, алардын салымы менен өлкөбүз өркүндөйт!» Эгер биз өсүп келе жаткан муун, улуулардын ишеничин актабасак, өлкөбүзгө болгон сүйүү жок болсо, мамлекетибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн. «Бир нерсени өзгөрткүң келсе, өзүңдөн башта» деп бекеринен айтпаса керек, ошондуктан менде өлкөбүздү сүйүү сезими пайда болуп, мекенимди өнүктүрүүгө салымымды кошом деп максат койдум!

«Кантип өлкөбүздү сүйө алабыз?» деген суроого жооп бергим келет. Биринчиден тарыхты изилдөө керек. Ата-бабаларыбыздын биз үчүн жанын берип, душмандардан сактап, керемет жерди мекендеп, муундан муунга өткөрүп бергенин унутпашыбыз керек. Патриоттук сезимибизди ойготуу үчүн республикалык гимнди так билип, ар бир айтылган сөзгө көңүл буруп, маанисин түшүнүү шарт. Эң башкысы активдүү жаран болуш керек.

Өлкөдө болуп жаткан ар бир жараянга катышып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салымыбызды кошушубуз керек. Мен өзүмдүн шаарымда ыктыярчылардын катарын толуктайм. Көчөдө жаткан бир бөтөлкөнү алып урнага салсак да шаардын тазалыгын сактайбыз. Ыктыярчылык менен алектенгенде  карылар үйүнө, балдар үйүнө, реабилитациялык борборго барып жардам берип, концерттик иш чараларды уюштуруп, салымыбызды кошсок болот.

Ар бир жаран Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму тараптан коюлган 17 туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнү максат коюш керек. Туура чечим кабыл алып экономикалык, социалдык, экологиялык көйгөйлөрдү чечебиз деген ойдомун.  Айыл чарба продукциясын өнүктүрүп, иш менен камсыздаганда  гендерлик теңчилик, калктын аялуу катмарын унутпоо зарыл. Жаштар долбоор түзөрдүн алдында бир гана өзүнүн пайдасын эле эмес, өлкө үчүн болгон пайданы кароосу маанилүү. Мекендин табиятына көңүл бөлүп, экологиялык жактан да туура кыймылдарды кылышыбыз керек. Эгер социалдык жактан карасак ар бир адам толеранттуу болсо, бири бирибиздин тандообузду урматтап, динге жана башка нерселерге түшүнүк менен карасак өлкөбүздө жакшы жакка карай өзгөрүүлөр болот.

Мекенди сүйүү үчүн дагы бир кадам бул саякаттоо! Баарыбыз башка өлкөлөргө барып эс алууну кыялданабыз. Эң өкүнүчтүүсү Кыргызстандын баардык кооз жерлерин көрбөй, өлкөбүздүн баалуулугун сезбей, башка мамлекеттерге кетүүгө умтулабыз. Ошондуктан ыңгайлуу шарт болгондо табиятка саар алуу маанилүү.

Өлкөгө болгон сүйүүнү жөнөкөй нерселер менен билдирсек да болот. Мисалы баарыбыз креативдүү кийим кийүүнү жактырабыз. Мекенибиздин улуу инсандарынын сүрөтү, улуттук оймо-чийме менен, желектин сүрөтү менен кийим кийип, кыргыз тилинде ыр уксак да патриот боло алабыз. Албетте, жакшы иш жасоону унутпаш керек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз