Аксана Авазбекова: Барган сайын аба булганып жатат

«Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү» конкурсуна №14 дилбаян

Кыргыз жерибиз, Ала-Тоолуу мекенибиз, куттуу Ошубуз анын бир бутагы болгон  Жапалак айылыбыз жөнүндө баары эле билсе керек. Ошол айылыбыздын арыктарында тунук суулар агат, талааларында жер-жемиштердин баары бышат, бактарында мөмөлөрдүн түрү табылат, жайыттарда төрт түлүк малдан ондоп саналат…

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин «Кыргыз жери сопсонун,  кыйласынан Ош сонун!»  деген  ыр саптарында айтылгандай, шаарды аралап аккан Ак-Буура дарыясынын кереметин айтпасак да белгилүү. Анын эки жээгин да гүл бакчага айландыруу, кооздоо, жашылдандыруу маселелери жөнүндө айтылып жатат. Бул максаттар ишке ашса, келечекте кереметтүү, берекелүү, Ош шаары дагы да көркүнө чыгат. Шаардын айланасындагы эле райондордо жаратылыш байлыктары толтура. Мисалы: Ноокат тарапта көмүр кендери, Өзгөндө мрамор таштары, Араванда цемент заводдору жана башкалар бар. Ошентип, кыргыз элибизге жараткан табийгаттын жанга жагымдуу жерлерин энчилеген экен.

Бирок, жыл өткөн сайын бул кооздукка эмнегедир кооптонуу менен карай турган болдум, себеби улуулар: «Мурунку жылдары аябай жакшы эле, барган сайын аба булганып жатат» деген сөздөрдү көп айтышат. Билген маалыматтарыма караганда алтын турмак, таза суусу жок бир канча мамлекеттер бар экен. Ушунча байлыгыбыз болсо, анда биз деле өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулсак болбойт беле…?

Темага кайрылсам: «Биздин милдетибиз – өлкөнү сүйүү» болуп жатат. Анда өз пикиримди айта баштасам: эрте менен мектепке жөнөп, жолдо баратам, жолдун эки четине тыт дарагы отургузулган, алар мен туулганда эле болсо керек, буталып бир формага келтирилген эмес, андан ары элдин үлүшкө берилген талаалары, бирок бул жерлер да жакшы иштетилбейт. Адамдар жөө басчу жол жокко эсе, аны да чөп, топурак басып калган, арыктар чабылып тазаланбайт. Газдын трубаларынын уланбай жатканына он жылдай болду дешет, заң басып кайра талаага барчу жолдо адамдарга жолтоо болот. Жолдорубуз асфальт эле, бирок алар да «уңкул-чуңкул», сууну көп бурса, жолго ашып-ташып кетет. Жөө адам жолдун чети менен дээрлик баса албайт, себеби эки четине үйүлүп калган кум, топурак үстүндө баса албайсың. Ушул күн сайын баскан жолумду кандайча оңдосок болот деген ойлор келе берет…

Мисалы: машине жүрчү асфальт жолдун эки четиндеги таштандыны тазаласа, арыктарды элге эле бөлүп берсе, үлүш жерлердин баш-аягын тазала деп айыл башчыга дайындап, бүтүрсө болот да. Жапайы чөптү   тазалап, суу акчу арыктарды чаап койсо эле болот. 

Жогору жагыбызда адырлар бар, ал жерлерге өкмөтүбүз суу чыгарып берсе, жер-жемиш, мөмө-чөмөнүн баарын эгип алышат эле. Ошол адырдын түбүндө эле канал бар, аны пайдаланышса болот. Ал жерлерде ондогон заводдор курулган, алардан канча салык алынганы белгисиз. Колунда бар адамдар ээлеп алышып, жер кыртышын да бузуп бүтүшкөн. Элге ачык айтып, түшүндүрсө болот да… Иштетип бүткөн жерлерин кайра тегиздеп, мал-сал бага турган да абалга келтиришпейт. Деги койчу, айта берсең мындай көрүнүштөр толтура.

Кыргыз өлкөбүз да өнүгүп, айлык-маяналар көбөйүп бүт кыргыз элимди бактылуу жашоодо жашашына үмүт кылам.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз