Конкурска: Жүйөөлүү деген эмне? (№24)

Кыргызмын дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
“Кыргызмын” дейсиң мага,
Тамекинин түтүнүн үйлөп туруп.
“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Каада-салтын калкынын унуткандар!

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Жогорку окуу жайлардын биринде экологиядан сабак берем. Кезектеги сабактарды өтүп, өзүм олтурган канаага кирип кеттим да, жаным жай ала түштү. Мен олтурган жумушчу ордум көргөзмө куралдар сакталган чакан бөлмөнүн бир бурчу, чымын учса угулгудай тынч. Имараттын жертөлөсүнөн орун алып, жайкысын салкын да, кышкысын жылуу. Эң негизгиси адам сейрек келген жерде жайгашып, чыгармачыл адам үчүн жагымдуу, тынч жай. Жумушчу үстөлгө кайтып келер замат, сумканы дароо анын үстүнө таштай салдым да, кетүүгө камындым. Корридор менен чыгып баратканымда чет тилдер кафедрасында иштеген Чынар чалып калды.

- Алло.

- Алло, кандайсың, Самат?

-  Жакшы, Чынара.

- Жумуштасыңбы?

- Иш бүттү. Кетип бараткам.

- Ии, сенде бир аз жумуштар бар эле.

- Кимде?

- Сенде да.

- Айта бер.

Чалган себеби түшүнүктүү. Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген кайсы бир белдүү уюм тил маселесин көтөрүп, калаа ичиндеги окуу жайлардан, тил институттарынан адистерди чакырып илимий-практикалык конференция уюштуруп, Чынар мени конференцияга катышуу сунушу менен кайрылып жаткандагы кербези экен. Биологиядан орус тилиндеги терминдерди латынча аталыштары менен кыргыз тилине которуу менен алектенип жүргөн жаным муну укканда эргий түштү да, шыр эле макул болдум.

- Ой, ыракмат, Самат,  ̶  деди Чынар макул экенимди укканда. –Сени анча-мынча биологиялык терминдерди которуп жүргөнүңдү уккан жайым бар. Кафедра башчыбыз Эркин Жусупович бул боюнча собол таштаганда шыр эле сен оюма түштүң. Ыракмат сага дагы бир ирет. 

- Эчтеке эмес, Чынар.

- Анда сага азыр он беш мүнөт ичинде Асел аттуу кыз чалат. Күтө тур кетпей.

- Ммм. Макул.

Биринчи кабаттан тепкич менен кайра ылдый түшүп, жумуш ордума кайтып келүүгө туура келди. Эшикти ачып кирдим да, ичинен беките салып, жумуш ордума олтура кеттим. Негедир чалган эч ким жок. Маңдайымда турган компьютерди жандыра салып, андан шахмат ойноп кирдим. Бир аздан соң жат номерден бирөө чалып, телефонду алдым.

- Алло.

- Алло, Самат Барпиевич бекен? – телефондон жаш кыздын шартылдаган үнү угулду.

- Ооба, угуп жатам сизди?

- Кыскасы, Чынар Белековна сизге баарын түшүндүрдү да?

- Түшүндүм, айта бериңиз,  ̶  дедим компьютерде ойноп жаткан шахмат оюнун өчүрө салып. – Ошондо менден сизге кандай маалымат керек?

- Ыракмат, Самат Барпиевич,  ̶  телефондон шартылдаган жаш кыздын үнү угулуп жатты,  ̶  Анда мен сизге дагы бир сыйра айта кетейин. Болгону он беш мүнөткө жетпеген убактыңызды алат.

- Угуп жатам. Кулак сизде.

Андан ары Асел мага илимий-практикалык конференциянын максаты, өтүп жаткан орду, конференциянын регламенти тууралуу кыскача тааныштыра кетти. Бул жерде кыргыз тили, адабият жана улуттук тарых, санжыра маселелери көтөрүлүп жатыптыр. Кыз менден керектүү маалыматтарды сурай кетти.

- Демек, аты-жөнүңүз Кенжебаев Самат Барпиевич?

- Туура.

- Очень приятно. Дальше, сиз иштеген жайдын толук названиеси кандай?

- Негизги иштеген жеримди айтайынбы же ушул жердеги иштеген жерим жазылабы?

- Желательно  негизги иштеген жериңизди көрсөткөнүңүз жакшы. А если ал жерде по совместительству иштесеңиз анда боло берет. Өтө деле не важно бул.

Мен иштеген жерим тууралуу айттым, маектешим аны компьютерге утур киргизип жатканы мага байкалып турду. Андан ары кыз мага дагы суроо жаадырды.

- Демек, Самат Барпиевич, Сиз перевод боюнча заниматься этсеңиз, анда сизди как докладчик катары биринчи секцияга киргизейин.

- Токтой туруңузчу. Мени ал жерге баяндамачы катары киргизип жатасыңарбы?

- Ну, конечно. Андан эч переживать этпеңиз. Сизде публикациялар бар турбайбы. Ошолордон кыскача доклад в электронном виде мага жөнөтөсүз. Мен списокко киргизип коём.

Муну укканда бир аз чочулай түштүм. Мени жөн гана катышуучу иретинде эмес, баяндамачы катары киргизип жатышса, тил илиминде төбөсү көрүнгөн окумуштуулар алдында тердеп-кургап баяндама жасап жатканымды элестеттим да, муну көңүлүм каалабай турса да, бирок макул болдум.

- Мен азыр СМС түрүндө электронный почтамды жөнөтөм,  ̶  сөзүн улады кыз,  ̶  А сиз мага почтага докладды жөнөтүп жибересиз. Название доклада, краткая анноттация, список литературы жана...

- Сизге менден бир сунуш, айтмакчы,  ̶  кыздын сөзүн жула кеттим,  ̶  Бул окуу жайдан тил жаатында эмгектенген кесипкөй адистерден кимдер кирди? Тил кафедрасында иштеген Токтосун Орозовичти чакырсаңар сонун болмок. Кесипкөй тилчи, кошумча кыргыз санжырасы боюнча да алектенип, макалаларды жазып жүрөт. Өзү Мукай Элебаевдин жердеши, бир айылдан.

- Кимдин дейсиз?

- Мукай Элебаев, Чоң-Таштан, Ысык-Көл облусу.

- Мукай Элебаевди Чоң-Таштан чакыра албайбыз,  ̶  деди кыз,  ̶   Пока бул конференцияга региондордон чакыра алган жокпуз.

- Макул,  ̶  дедим мен. Кыздын бул жообу мага аргасыздан жылмаюу тартуулады. – А экинчи секция эмне багытта иш алпарат?

- Экинчи секция тууралуу сурап жатасызбы? – кайра мага суроо узатты кыз. – Чуть-чуть подождите…. Аа, таптым мына. Экинчи секциянын названиеси «Адабият, тарых жана улуттук мурастар»

- Аа, түшүнүктүү. Ал жерде демек кыргыз адабияты, тарых, санжыра боюнча маселелер талкууга алынат тура. Албетте, Чыңгыз Айтматов, «Манас» эпосу тууралуу да кеп козголот.

- Да, правильно, - деди кыз,  ̶   Я так думаю, там во-первых «Манас» эпосунун автору, великий писатель   ̶   Чыңгыз Айтматов тууралуу да көптөгөн докладдар болот.

- Жакшы, «Манас» эпосун Чыңгыз Айтматов жазса, эң жакшы,  ̶   дедим мен.

- Значить сизге баары түшүнүктүү да ээ, Самат Барпиевич? – деп сөзүн жыйынтыктады кыз. – Келерки среда күнү 29-мартта Академия науктун главный корпусуна, пятый этаж, актовый залга келесиз. Мен еще почтаңызга бул тууралуу дополнительно жөнөтүп жиберем.

- Ыракмат сизге, сөзсүз катышам,  ̶   дедим,  ̶  эгерде жүйөлүү себептер менен катыша албай калсам, алдын-ала кабарлайм.

- Сизге да ыракмат, Самат Барпиевич,  ̶  кыз да ыраазычылыгын жолдоду. Бир аз туруп кайра сурады. – Кечиресиз, жүйөлүү деген эмне?

- Эгерде зарыл жумуштарым чыгып катыша албасам, анда алдын-ала кабарын айтам дегеним,  ̶  деп түшүндүрдүм кызга.

- Ну, хорошо, – деди кыз. – Если какие-то важные дела возникают, анда мага заранее айтып коюңуз же почтага жазып жиберсеңиз да болот.

- Жарайт.

- Ну, средага чейин жакшы калыңыз анда.

- Саламатта болуңуз.

Биздин сүйлөшүүбүз аягына чыкты. Аргасыздан баш чайкап, мыйыгымдан күлүп сыртка жөнөдүм. Бул шартылдаган, тикенектей жаш кыз кыргыз тили, адабияты жана тарыхы тууралуу конференциянын уюштуруу иштерине чуркап жүргөнү кандай жакшы. А бирок деген жери бар бул жерде: улуттук тил маселесин көтөрүп чыккан конференциянын уюштуруу иштерине чуркап жүргөн бул кыздын өзү кыргызчаны орусчага чалып сүйлөгөнү эмнеси! Сүйлөгөн сөздөрүнө караганда, жогорку билимдүү, бир нече тил билген, тыкылдаган жаш кыздай. Ишиңиз ар дайым илгери, өмүрүңүз узун болсун. Болгону кыргызчага орусча аралаштыра сүйлөгөнү аз келгенсип, Мукай Элебаевди “тирилтип” жибергенине жол болсун. “Манас” эпосун жараткан адам – Чыңгыз Айтматов дегени да күлкү келтирет. Ушуларды ойлоп баратып, аялдамага кандай келип калганымды да билбейм. Бир аз турган соң мен күткөн маршруттук каттам да келип калды.

- Калык Акиевага келдик, түшүңүздөр,  ̶  маршруттук каттамга түшөр замат айдоочу ичкериге кайрылды,  ̶  Артка проходим, артка. Сдачу передайте, пожалуйста.

- Тыныстановага келдикпи, байке? – каттамда бараткандардан бирөө айдоочуга кайрылды.

- Ким сурап жатат? – айдоочу артына кылчайбастан суроо узатты, - Ага дагы беш остановка бар. Уметалиева, Турусбекова, Исанова, Орозбекова, Раззакова, андан соң Тыныстановага келебиз.

- Байке, поворотко токтото салыңызчы.

- Токтой албайм эч кандай! Видите, там ГАИ турат. Только остановкадан гана токтотом. За проезд акчаңарды бергиле артта олтургандар.

- Ай, балам, республиканский больницага келгенде заранее айтып кой,  ̶  жашы бир топко барып калган аял айдоочуга эскертти.

- Айтам, эне. Переживать этпеңиз. Ай, арткы сидениеде олтурган балдар, эжеге место бошотуп берсеңер боло,  ̶   айдоочу артта олтурган жаштарга сүйлөндү.

- Ай, жигит, давай вставай, место бошот аялга,  ̶   алдыда бараткан жашы элүүгө барып калган көз айнекчен адам арт жакка кайрылды,  ̶  Беременная аял экен.

- Эже, проходите сюда,  ̶  кулакчын тагынып музыка угуп бараткан жаш жигит иштин жагдайын көз айнекчен адамдын ишаратынан гана түшүнүп, ордунан обдула берди,  ̶  Келиңиз, эже.

- Турусбекованы ким сурап жатты эле? – кийинки аялдамага токтоор замат айдоочу жүргүнчүлөргө кайрылды.

- Мен.

- Келдик, выходим, - деди айдоочу,  ̶  Ай, байке, оозго турбай артка өтүп алсаңарчы. Артка проходим, артка.

- Тыныстановага келдикпи, байке? – баягы жигит айдоочудан дагы сурады. – Заранее айтып коёсуңар да, ээ?

- Уфф! – айдоочунун жаны кашайды көрүнөт, - Эми сага каждый остановка сайын отчёт берип олтура албайм да, жигит! Жана эле айттым го, Тыныстановага келгенде айтам деп.

- Кыйкырбаңыз, байке. Возмущаться этпей эле айтсаңар болбойбу?

- Ай, силер деген возмущаться этпесем, садиктеги баладан бетер тээ Ошский рыноктогу Кулиевадан бурулгандан бери сурап келе жатасыңар!

- Тим эле бесплатно алып бара жаткандай кыйкырасыңар.

- Тууй ата,  ̶   айдоочу башын чайкады. – Аман эле болгулачы.

- Шовёрду да правильно поймите, жигит,  ̶  бир аял жигитке нааразы карады,  ̶  Только өзүңөрдүн гана праваңарды качать этесиңер.

- Мен правамды качать эткен жокмун, эже,  ̶  жигит эми аялга даттанып кирди,  ̶  Болгону Тыныстановага келгенде заранее айтып коюңуз дедим. Ошого эле возмущаться этип жатат байке.

- Мен айтып коём сизге, байке. Мен да ошол жерден түшөм,  ̶  орунтукта олтуруп бараткан жаш кыз артка бурулуп, жанагы жигитке кайрылды,  ̶  Ещё долго барабыз. Переживать этпеңиз.

Айдоочу эл ташып жүрүп мындай айкырык-кыйкырыктарга кулагы бышып деле калгандай. Үңүрөйүп, кабагын карыш салган калыбында андан ары айдап баратты. Аламүдүн базарына чейин жалаң “нукура” кыргыздар бири-бирибиз менен да, “таза” кыргыз тилинде сүйлөгөн тиги айдоочу менен да жолду катар ушундайча “таза” кыргызча катыра сүйлөшүп келдик. Аламүдүн базарына көпчүлүгү түшүп, ичкериде сербейип эки-үч гана адам калыптырбыз. Ушул жерден жылганда гана жол тыгындар азайып, маршруттук каттам аргамжыдан бошонгон тулпардай акыркы аялдаманы көздөй зуулдап жөнөдү. Курманжан Датка көчөсү менен зуулдап келген маршруттук каттам акыры Энесай конушу жакка бурулуп, мектеп тушундагы аялдамага келгенде, ал жерден түшүп калдым. Кетип баратканда, ошол тегеректе авто-унаасы менен такси кызматын көрсөтө калып тиричилик кылган Бакай байке кол булгалап, эмнегедир мени өзүнө чакырып жаткандай.

- Келинчегиң балаңды ээрчитип бир жакка кетти,  ̶  деди мен барып, берген саламына алик алар замат,  ̶  Үйүңөрдүн ачкычын мага таштады. Саматты көрсөңүз берип коюңуз дейт.

- А өзү кайда кетти?

- Билбесем...

- Шаарга кеткен го.

- Жок. Автобуска түшүп Дордой тарапка кетти.

- Ассаляму-алейкум,  ̶   биз сүйлөшүп туруп калган маалда каптал жагыбыздан бир жаш жигит басып келди. – Намазканага кандай барса болот, таксырлар?

Көкүрөгүнө дейре сакал койгон жаш жигиттин кийингени – башында топу, астына дамбал-шым. Сыягы иштери менен кетип баратып, намаз убактысында мечиттен же намазканадан намазын окуп өтөйүн деген бирөө окшойт. Тегеректе бул жаш жигитти бир-экиде көрсөм таанымакмын. Жүзү мага эмнегедир чоочун адамдай туюлду.

- Мына бул Орхон тар көчөсү менен барасыз да, көчөнүн этегине жеткенде оң жакка бурулуп, дагы эки жүз метрдей басасыз, жолдун сол тарабынан мечит көрүнөт,  ̶   Бакай байке колун созуп тар көчөнүн тээ бүткөн жерин көрсөттү.

- Кандайча тар көчө? – жаш жигит аны түшүнбөгөндөй элейип карады. – Кенен эле көчө болуп турбайбы.

- Орхонский переулок.

- Аа, астафиралла,  ̶  жаш жигит күлүп жиберди,  ̶  Переулок дебейсизби. Тар көчө десеңиз сапсим түшүнбөй калыпмын.

- Такси керек эмес беле? – ал узай бергенде Бакай байке артынан тамашалай суроо узатты.

- Ой, жок, субаханалла,  ̶   деди жигит артына бурулуп, жылмая тиктеп,  ̶   Пешком барсам деле, иншаалла, намазга успеть этип калармын.

- Намаз кабыл болсун, баатыр,  ̶   деди Бакай байке кенен түшкөн Орхон тар көчөсү менен узап бараткан жигитти карап.

- Машалла, таксыр.

Жаш жигит узап кетти. Бакай байкеден ачкычты алдым да, аны менен бир аз аркы-беркиден сүйлөшкөн соң үйдү көздөй кадам таштадым. Үйгө чейин жалгыз жөнөдүм. Эми гана буга чейин болуп өткөн окуялар мени андан ары терең ойго жетеледи: кайран гана кыргыз тили! Кор болгон, терең тарыхы бар байкуш тил! Калык Акиева, Турусбекова, Уметалиева, Ахунбаева, Исанова, Раззакова, Тыныстанова... Кайран гана эркектен аялга айландырылып, кор болгон кыргыздын залкарлары. 2200 жылдык терең тарыхы бар тилдин бүгүнкү акыбалы ушул экен. Эмнегедир карыганда өз канынан жаралган уул-кыздарына батпай, өгөйлөнүп калган, же болушары, же кемпири жок байкуш чалга окшошот. Канча тил билсең, ошончо дил билесин деген акылман кеп бар элибизде. Бир нече тил билген замандаштарга эч кандай ич күйдүлүгүм деле жок. Калаадагы бир беткей орусча сүйлөгөн бурадарларга да эч кандай кине коё албайм. Бул жерде орус тилин күнөөлөп, орустар бизди жетимиш жылда ушундай орускулга айландырды деп, айыпты башка улутка түртө салыш да туура эмес. Башыбызга түшкөн азапты башка бирөөдөн көрүп, ошолорго оодара салып, өзүбүз сүттөн ак болуп көрүнө калганга маш калк окшобойбузбу. Маселенин баары өзүбүздө жаткандай.

Бир тилге экинчи тилди аралаштырып сүйлөө – бул сүткө айран катыктап ичкендей эле кеп да.  Тилдин даана аш-малтайы чыгат. Эне тили кандайдыр бир маданияттуу, жылуу мамилеге зар болуп тургандай. Тилге жасаган мамиле да адамдын коомдогу маданияттуулук деңгээлин чагылтып турат.  Сөзүм кур болбосун үчүн бир мисал: Өткөн кылымдын 50-жылдары Фрунзеге (азыркы Бишкек шаары) Москвадан Феликс Исидорович Франкль аттуу еврей улутундагы физика-математика жана техника багытында иштеген дүйнөлүк окумуштуулар арасында бараандуу орду бар окумуштуу келип иштеп калат. Фрунзеде сегиз жылдай иштеген. Улуттук Университетте физика кафедрасын негиздеп, кеткенге дейре кафедра башчы кызматын аркалап турган. Жогорку билимди Австриядагы Вена Университетинен алган. ХХ кылымдын улуу окумуштуусу Альберт Эйнштейн менен жеке тааныштыгы бар адам болгон. Мындан улам Феликс Исидорович Фрунзеде иштеп турган мезгилде Эйнштейн АКШдан Фрунзеге Феликс Исидоровичке 2-3 жолу кат жазган жайы бар. Адамзат тарыхындагы гений окумуштуу Альберт Эйнштейдин Кыргызстанга жолдогон каты! Феликс Исидоровичтин Австриядан Москвага, андан соң  Фрунзеге келип иштеп калышынын да өзүнчө тарыхы бар. 1928-жылы Австрия коммунисттик партиясына мүчө болуп, андан соң 1929-жылы өз өтүнүчү менен Москвага келген. Москвага келгенде физика, математика, аэро- жана гидродинамика, артиллериялык техника багыттарында илимий иштерди жүргүзүп, Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде советтик согуштук куралдардын жасалышына зор салымын кошкон.

1950-жылы бир семинарда Сталинди сындап сүйлөгөнү үчүн ээлеген кызматтарынан бошотулуп, Фрунзеге “сүргүнгө” айдалат. Фрунзеде иштеген сегиз жыл аралыгында кыргызстандык студент жаштардан физика, математика жана техника багыттарында 20 илимдин кандидаттарын даярдап чыгарган. Кийин алардын арасынан алды академик болушса, арты илимдин докторлору болушкан.  1957-жылдын аягы Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарына көчүп кеткен. Латын, англис, немис, француз, орус, кыргыз, кабардин тилдеринде эркин сүйлөгөн. Фрунзеге келгенде эки жыл ичинде кыргыз тилин толук үйрөнүп, өзү иштеген университеттин ар кандай маданий иш-чараларында башына калпак кийип, Токтогулдун ырларын кыргызча ырдап чыгып турган. 1957-жылы Токтогулдун ырлары боюнча кыргыз филологиясы боюнча кандидаттык диссертациясын жактоо алдында турганда Нальчикке көчүп кеткен.

Ушул ойлорго чөмүлүп баратып, үйгө да жакындап калыптырмын. Менден төрт-беш үй ары жашаган Кеша байке жол боюнда бир нерселерди оңдоо менен алек. Азан чакырып койгон аты ким – ал жөнүндө маалыматым жок. Болгону бул тегеректегилер аны Кеша деп чакырыша турган.

- Арыбаңыз, Кеша байке, - бурулуп баратып салам берип өттүм.

- Кандайсың, сосед, - иштен башын көтөрбөй жатып алик алды. Мен өтүп кеттим. Бир аздан соң артымдан кыйкырып калды, - Ай, сосед!

Мен бурулуп артымды карадым. Негедир мага бирдемени дайындай турган адамдай түрү бар.

- Өткөн выходной субботникке эмне чыкпадың? – ал мага тээ ыраактан суроо узатты. – Соседдер бүт чыкты, а сен жоксуң.

- Ооба, өткөн жекшемби мен жүйөлүү себептер менен катыша албадым.

- Жүйөлүү? Ал эмне жүйөлүү?

- Важный проблемалар боюнча заниматься этип жүрдүм,  ̶   жаным кашайганда мен да ушинтип жооп бердим.

- Аа, понятно.

Үйдү ачып бөлмөгө баш бактым. Үйдө эч ким жок. Келинчегим баламды ээрчитип, иштери боюнча бир жакка кеткендей. Мени күтпөстөн кеткенинин да кандайдыр бир жүйөлүү себеби бардай. Ии, баса, жүйөлүү демекчи! Ушул мен жашаган калаада жүйөлүү деген сөздү түшүнбөгөн адамдар да болору мени өтө таң калтырды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз