Айганыш Фрунзебек кызы: Сабаты жок адам жарандык милдетин аткара албайт

«Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү» конкурсуна №16 дилбаян

«Мен кыргызмын, кыргыз болуп төрөлгөм!

Мен кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам!»

Биз алтындай болгон өлкөбүздү таза, тыкан, көзүбүздүн карегиндей сактоого, сүйүүгө милдеттүүбүз. Өлкөбүздүн тазалыгын, кен байлыктарын, токоюн, суусун, айыл-кыштактарын, чек арабызды эле карап тим болбостон, ата-бабаларыбыздын бизге чейин жеткен нукура баалуу каада-салттарын, тилин, дилин унутпай сактап келечек муундарга өткөрүп берүүбүз биздин эң башкы милдетибиз! Тарыхы жок эл болбойт дегендей, биз тарыхыбызды, маданиятыбызды так билип, кыргыз эли түгөнгөндө түтөгөн эл болгонун, ушул жашап жаткан жерибиз үчүн кандай гана кыйын күндөрдү баштан кечиргенин унутпашыбыз керек.

Жарандык милдет – мен үчүн эң негизгиси мени бул жарык дүйнөгө алып келген ата-энени сыйлап, урматтап, ак сүтүн, ак эмгегин актоо болуп саналат. Адам баласынын милдети бул жарык дүйнөгө төрөлүп, эненин кучагына алынгандан башталат. Үй-бүлө кичи өлкө деп айтылгандай, биринчи кезекте ата-энени сыйлап, мээнетин актасак, андан соң гана мекенибизге болгон ыйык милдетибизди аткара алабыз. Өлкөнү сүйүү, аны коргоо да биздин эң чоң милдетибиз. Өлкөнү сүйүү десе эле мен өлкөмдү сүйөм, сыймыктанам деп курулай сөз айткым келбейт, иш жүзүндө далилдеш керек. Мугалим окуучусун, жасап жаткан ишин сүйүп, чын дилден жасаган болсо, ал тарбиялаган окуучулары да мекенчил, патриот болуп, ар бир ишин сүйүп жасоого үйрөнөт. Биздин ар бир жасаган ишибиз маанилүү, ошондуктан жасаган ар бир ишибизди сүйүп, чын дилден аткарышыбыз абзел. Өлкө келечеги жаштардын колунда, бизге жаштарга үлгү болуп, тарбиялаган улуу муун, ата-бабаларыбыз жөнүндө көбүрөөк түшүнүк, тарбия берсе жакшы болмок. Азыркы учурда ар бир үй-булөдө, ар бир балада телефон бар. Замандын талабына жараша өсүп келе жаткан кичи муундун мекенчилдик сезими жоголуп бара жаткансыйт. Мурда ата-бабаларыбыз мекени үчүн жанын берүүгө даяр муунду тарбиялап өстүргөн болсо, азыр тескерисинче телефондон пабжы, прифаер ойноп өлкөсүн коргой турган муунду тарбиялап жатабыз. Азыркы кырдаалга байланыштуу окууда онлайн болуп, окуучунун көбү окубай, окууга кызыкпай жатышат. Сабаты жок адам эч качан өлкөсүнө салымын кошуп, өлкөсүн сүйүп, жарандык милдетин аткара албайт. Ошондуктан эртерээк ойлонуп өз келечегибиз, элибиз, жерибиз  үчүн окуп билим алып, жакшы кесиптин ээси болуп, өлкөбүзгө пайдабызды тийгизели. Мен келечекте өлкөм үчүн өз салымымды кошсом деп кыялданам. Өлкөнү сүйүп, коргоп, көздүн карегиндей сактоого аракет кылам. Өлкөнү өнүктүрүш үчүн ар бир кыргыз жараны өзүн өнүктүрүшү керек.  Жашоого болгон көз карашын өзгөртүп, жаңыча ойлонуп, жакшы ынтымактуу жашашы керек. Бирок жаштардын бары эле чет өлкөдө окуп, иштеп, өнүккөн өлкөдө жашоону кыялданышат. Жаштардын баары эле чет өлкөгө кете берсек, өлкөбүздү ким сүйүп, ким коргойт. Жарандык милдетибизди ким аткармак эле. Жарандык милдет деген: Ата-энени сыйлоо, өлкөнү сүйүү, көздүн карегиндей сактап, элдин ишеничин актоо болуп саналат. Азыркы учурда эң негизгиси өлкөбүздүн тазалыгына көңүл буралы. Өлкөбүз дүйнө жүзүндө абасы таза, өнүккөн, жаратылышы кооз, таштанды жок, эли ынтымактуу, бай, экономикасы өнүккөн өлкө деп деп таанылса, бул менин эң негизги кыялым жана тилегим!

Өлкөбүздү сүйүп, милдетибизди мыкты аткаралы. Өлкөбүз үчүн өз салымыбызды кошуп, өркүндөтөлү! Кыргыз эли, ынтымактуу, меймандос эл. Ынтымагыбыз, өлкөбүзгө болгон сүйүүбүз, жарандык ыйык милдетибиз менен Кыргызстаныбызды өнүккөн, экономикасы күчтүү өлкөгө айландыра алабыз!

Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Сары-Камыш айылы, №26 Зыфар Эгембердиев мектебинин 10-классынын окуучусу Фрунзебек кызы Айганыш

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз