Гүлжамал Талипова: Япон студенттин беш суроосу

Жарандык милдет өлкөнү сүйүү” конкурсуна №36 дилбаян

     Көз жоосун алган, көргөндү кубантып, бейиштей көз ирмемди тартуу кылган өлкө бул – Кыргызстан. Бул өлкөдө өз мекенин жанынан артык көргөн мыкты эли бар. Так ушул эл менен бирге Кыргызстан өлкөсү өнүгүп келе жатат. Анткени бүткүл өлкөнүн өнүгүүсү анын өз жарандарына дагы көз каранды. Канчалык мамлекетибизди аздектеп, сүйүп, пайдабызды тийгизсек – бул биздин келечек үчүн кошкон салымыбыз деп билели!

     Мен дагы ушул кереметтүү өлкөнүн жаранымын. Бул мен үчүн сыймык! «Келечекте өз өлкөмө пайдам тийсе» деген сезим ар дайым жүрөгүмдө жашайт. Аны аткаруу үчүн азыркы милдетим – мыкты билим алуу. Жаштардын билим алып, аны туура пайдалануусу дагы анын өлкөгө кошкон салымы. Ар бир адамдын жүрөгүндө «мекеним» деген бир патриоттук сезим бар. Буга мисал, биз башка жерде жүргөндө, же болбосо көп өлкөлөрдүн арасынан «Кыргызстан» деген атты угуп калсак, башкача сезим пайда болуп сүйүнүп калабыз. Ал да болсо мекенге болгон сүйүүнүн бир далили. Айтайын дегеним мамлекетке, өз өлкөсүнө болгон сүйүү баардык эле адамдын көкүрөгүндө жашайт. Ошондой эле бул кыргыз жарандарынын милдети. Аны коргоп, өнүгүү жолуна алып келүү да, милдет болбосо дагы келечек үчүн кошкон салымыбыз. Бул баарынын колунан келет. Кичинекей жаш баладан тарта улгайган адамдарга чейин өз салымын кошсо болот. Кантип? Туура, кичинекей бала кантип салым кошсун. Бирок анын колунан жолдо жаткан кагазды алып четке таштоо келет да. Анын бул иши ошол жердеги тазалык үчүн кошкон салымы. Эми элестетели Кыргызстанда канча адам бар? Ошонун баары жашап жаткан жери жана айлана-чөйрөсүндөгү  тазалыкка, болуп жаткан иштерге жардам кылса, өлкө үчүн канчалык чоң жардам болот.  Улгайган адамдардан өлкө үчүн салымы чоң. Себеби алардын колунда келечек муундун тарбиясы бар. Ушул сыяктуу өз өлкөбүздү сүйөөрүбүздү сөз менен эле айтып койбостон кылган ишибиз менен дагы далилдесек туура болот. Ар бир жаран өз өлкөсүнө күйүп, анын камын ойлойт. Ошондой эле биздин максат – мамлекетти өнүктүрүү жана алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуу. Анткени биздин мамлекет кээ бир өнүккөн өлкөлөрдөн артта калган. «Анын себеби эмнеде?» деген суроо пайда болот. Бул суроо ар бир кыргыз жаранын ойлондурбай койбойт. Ушул боюнча Нуржигит Кадырбеков агай менен болгон окуя эсиме түштү. Алар Япония мамлекетиндеги «Хоккайдо» университетине Кыргызстан тууралуу маек куруп бергени барышат. Ошол жердеги студенттер Кыргызстан тууралуу 5 суроо узатышып, таң калтырган. Ал төмөнкүчө:

1. Япон туристтерин жана инвесторлорун тартуу үчүн кандай аракеттерди кылып жатасыңар?

2. Тоолуу географияңардын татаал шарттарын жеңүү үчүн кандай чара көрүлүүдө?

3. Алтын кениңер түгөнгөндөн кийин негизги өндүрүшүңөр эмне болот?

4. Көмүскө экономика менен паракорлукка каршы кантип күрөшөсүңөр?

5. Орусия, Кытай жана Борбор Азия мамлекеттери менен мамилеңер кандай нукта өнүгөт?

Болгону 5 гана суроо. Бирок анда бүгүнкү Кыргызстандын ички жана тышкы саясатынын мерчемдүү маселелери таамай айтылган. Жогорудагы суроолордун ар бирине токтолсок, өзүнчө бир тема чыкчудай. Бул суроолорго жооп издөө өкмөттүн же аалымдын эле эмес, бүткүл кыргыз жарандарынын милдети. Эли үчүн тынчсызданган ар атуулдун  оюнда болуу керек. Аны чечүүгө баарыбыз биригип аракет жасасак гана натыйжалуу болот. Ошондой эле «Бир жакадан баш, бир жеңден кол» чыгарып, биримдикте болуп өлкөбүздү алдыга сүйрөйлү! Албетте, жогорудагы суроолордун жообун таап, аны чечүү колубуздан келет. Болгону ага кайдыгер карабашыбыз керек.

        Бизге үлгүнүн туу чокусу болгон Манас атабыздын «Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны көздү карегиндей сактоо» деген осуяты бар эмеспи. Өз өлкөсүн сүйүп, кадырлоо милдеттердин катарында бизге калтырылган осуяттардын бири. Анткени өлкөбүз ушул күнгө келгенге чейин канчалаган доорлорду басып өтпөдү. Кайсы бир убакта жеңилдик, ошону менен катар эле жеңдик. Кыйынчылыктар да болду, жакшы күндөр да болду. Жерлерибиз душмандарга тебеленди болгон күндөр дагы кездешти. Бирок, ошого карабастан азыркы убакка жетип келди.  Анткени биздин элдин чыгаандары өз элинин жок болуп кетүүсүнө жол берген эмес.  Ал чыгаандар – Манас, Курманбек, Барсбек, ошондой эле көптөгөн баатырларыбыз. Бул инсандар бизге мекенге болгон сүйүүсү менен, аны коргогондугу менен өрнөк башаты болуп келишет. Алар бизге патриоттуктун символу катары таанылган. Ушул  учурга жетип келүүбүздүн себепчилери. Мындан ары аны аздектеп сактоо жана сүйүү бул – биздин милдетибиз!

Талипова Гүлжамал, Ош облусу, Араван району, Жаңы-Арык айылы, №21 Насирдин Исанов орто мектеби, 10-класс.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз