Алина Тынаева: Кен байлыктарды өз элибиз үчүн иштетсек

“Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү” конкурсуна №37 дилбаян

...Улуусун кыргыз жери нурдан бүткөн,
   Сулуусун кыргыз жери ырдан бүткөн...

Ушул ырды укканымда негедир дайыма Мекенге болгон сүйүү, ошону менен бирге атуулдук коргоо сезимим күчөйт.

 Менин Мекеним – Кыргызстан. Ар бир адамга өзунүн туулуп өскөн жери кымбат. Бирок биздин өлкөбүз дүйнөдөгү эң кооз, берекелүү жер экендиги менен сыймыктанам.

  Мекенебиз бүгүнкү күнгө чейин канчалаган оор, кыйын күндөрдү башынан өткөрдү. Бүгүнкү тынч, бейкут турмушубуз албетте, ата-бабаларыбыздын төгүлгөн канынан, оор эмгектеринен жаралып отурат.

 Ата-бабаларыбыздын көзүнүн карегиндей сактап келген аманатына, мурастарына кыянаттык кылбоо –  биздин парзыбыз. Тескересинче, алардын баскан жолдорун, тарыхын таанып, каада-салт жана үрп-адаттарынын жакшы жактарын, адептүүлүктү, ыймандуулукту, чынчылдыкты өзүбүзгө сиңирип жашасак, өз жанын аябастан, улутун жана жерин сактап келген ата-бабаларыбыздын руханий салттарын татыктуу улаган болоор элек.

 Мекенди сүйүү үй-бүлөдөн башталат деп ойлойм. Ар бир үй-бүлө өзүнчө мамлекет эмеспи. Ошол кичинекей мамлекеттен ыймандуу, билимдүү, маданияттуу жаш муун чыгышы – келечектеги өлкөбүздүн өнүгүшө чоң жардамын тийгизет.

 Мекенди сактоо, аны коргоо үчүн дагы бир олуттуу маселе – бул эне тилибизди сактоо. “Тил жоголсо – эл жоголот” – деп бир ойчул айткан экен. Тилибизди башка улуттун алдында тепселетпейли!

 Жаратылышыбыздын кооздугун сактоо, ага аяр мамиле кылуу да бирден бир атуулдук милдетибиз дегим келет. Биздин өлкөдө баары бар! Токой, кен, суу, алтын, күмүш жана башкалар. Ушул байлыктарды көздүн карегиндей сактап, өз элибиз үчүн иштетсек кандай жакшы болмок.

 Шаарлардын көчөлөрүн, коомдук жайларды өз үйүбүздөй таза сактасак болбойбу? Кээ бир кишилердин ушуга маани бербегенин көрүп, зээниң кейийт.

 Ушундай көз жоосун алган жайыттары, токойлору, жыттуу арча, өзөн-суулары, кызыл-тазыл гулдөрү бар, чет элдиктер суктанган, бейиштей жерде төрөлүп, мекендеп калганыбызга чексиз ыраазы болушубуз керек.

 Мен Мекеним үчүн бүт өмүрүмдү, күчүмдү, билимимди сарптагым келет. Келечекте өнүккөн өлкө курууга салымымды кошом деген үмүтүм чоң!

 Акырында Алыкул акындын төрт сап ыры менен аяктагым келет:

Жазда башка… жел тийбесин абайла,

Көпкө турбас мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!

Ош шаары, Дыйкан-Кыштак айылы, Каныбек Алтыбаев атындагы 14 орто мектеби

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз