Айназик Көкчөева: Көйгөйдөн качуу эмес, жеңүү керек

“Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү” конкурсуна №39 дилбаян

Дүйнө жүзүндө ар түрдүү адамдар, ар түрдүү өлкөлөр бар. Ар биринин өз өлкөсүнө болгон сүйүүсү жана милдеттери болот. Өлкөнү өнүктүрүү, гүлдөтүп өстүрүү ар бир адамдын милдети. Анткени биз өз өлкөбүздүн нанын жеп, абасын жутуп, өз үйүбүздө жашап жатабыз. Биз аябай бактылуу адамдарбыз, анткени биздин өз өлкөбүз, жерибиз, тилибиз жана тарыхыбыз бар. Алардыын баарын көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү – жарандык милдетибиз. Ата-бабаларыбыз өз милдеттерин аткарып, бизге чоң ишеним менен калтырышты. Мен өз өлкөмдү аябай сүйөм жана сүйүүм чексиз. Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөнүмө сыймыктанам. Өлкөмдү өнүктүрүүгө, аны алдыңкы мамлекеттердин катарына кошууга болгон күч-аракетимди жумшаймын.

        Чет өлкөгө чыкканда өз жериңди эңсеп, куса болосуң. Кээ бир адамдар өлкөбүздөн чыгып, чет өлкөнүн жарандыгын алып жатышат. Эмне үчүн деп сурасак өлкөбүздөгү проблемаларды шылтоо кылышат. Мындайча  айтканда жарандык милдеттеринен качып жатышат. Биздин милдетибиз көйгөйлөрдөн качуу эмес аларды жеңип чыгуу болуп саналат. Өздөрүн патриотпуз деп көкүрөк какканы менен өз өлкөсүнө болгон сүйүүсүн сатууга даяр болгон адамдар көбөйдү. Өз кызыкчылыгын ойлоп, элди да, милдетти да акыркы орунга коюп коюшту. Биз азыркы учурда өз милдеттерибизди аткарбай жатабыз. Жеке кызыкчылык милдеттен жогору туруп калды. Напсибизди тыя албай калдык. Ошондуктан чет жакка өнүккөн өлкөлөргө кызыкпай, өз өлкөбүздү өнүктүрөлү.

        Баары өзүбүзгө көз каранды. Чет элдиктер өлкөбүздүн сулуулугуна, жаратылышыбызга суктанып келишет. Алар биздин бытыранды болуп кетишибизди күтүп жатышат. Ошондуктан кийинки муундарга жакшы тарбия берип, ынтымакка үйрөтүшүбүз керек. Жарандык милдетибизди аткарып, патриот өлкө башчысын тандашыбыз керек.

         Үй-бүлөбүз чакан мамлекетибиз болсо,  Кыргызстан баарыбыздын үй-бүлөбүз, баарыбыз бир тууганбыз бир үйдө жашайбыз десек да болот. Үйүбүзгө конок келсе үйүбүздү жыйнайбыз, себеби келген конокко ыңгайлуу, жагымдуу болуш керек. Ошондуктан өлкөбүздү таза кармашыбыз керек. Себеби биздин өлөбүздүн кооз жаратылышы саякаттоого ыңгайлуу болгондуктан, туристтердин келишине ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Тазалыкты сактоо – милдетибиз жана өлкөгө болгон сүйүүбүз.

       Акыркы мезгилдерде өлкөбүздүн абасы бир кыйла бузулуп кетти. Аны да өзүбүз кылдык окшойт. Эгерде өлкөнү сүйсөк андай кылбайт элек. Өлкөнүн тазалыгы үчүн, калктын ден соолугу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүшүбүз керек. Абанын бузулгандыгынан көпчүлүк жарандар өлкөдөн сыртка чыгып кетип жатышат. Мына сага өлкөгө болгон сүйүү. Эгерде чындап сүйсөк өлкөбүздө калып, ага каршы күрөшөт элек.  Милдетибизди деле унутуп, баарын таштап чыгып кетишти. Кайсы өлкөгө барса да, алар өз өлкөсүндөгүдөй эркин жүрө алышпайт. Баарыбыздын жүрөгүбүз өз мекенибизге карай тарта берет.  “Ат айланып казыгын табат” дегендей, кайда барбайлы өз өлкөбүзгө кайтып келебиз. Өлкөбүз болсо эч нерсе болбогондой кучагын тосуп алат. “Өз үйүң-өлөң төшөгүң”, “Туулган жердин топурагы алтын” демекчи канчалаган адамдар чет жерлерде өз өлкөсүнө жетпей зар какшап жүрүшөт. Ал эми  кээ бир адамдар чет жерде көз жумушуп, сөөгү арман болуп  өз үйүнө келбей калып кетишти. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөргө кызыкпай, өз өлкөбүздү өнүктүрүп, башкаларды кызыктыралы.

Баары колдон келет, бир гана алдыбызга туура максат коюп умтулушубуз керек. Көрө албастыкты токтотуп, бири бирибизге жардам берип, өлкөнү өнүктүрөлү. Жаңы нерселерди таап, өлкөбүздүн атын биргеликте чыгаралы. Эң башкысы үмүттү жоготпошубуз керек. Үмүтсүз шайтан болот. Жалаң гана жакшы нерселерди үмүт кылалы. Өлкөбүздү сүйүп, милдетибизди так аткарып, келечекти чогуу куралы. Биз Кыргызстандын жараныбыз, өзүбүзгө жараша милдеттерибиз жана укуктарыбыз бар. Биздин милдетибиз жаратылышты жана жаратылыш байлыктарын, айлана-чөйрөнү, тарыхый мурастарды, эстеликтерди сактоо жана коргоо болуп эсептелет.

      Ошондой эле өлкөбүздүн тынчтыгын, коопсуздугун сырттан келген күчтөрдөн коргоо эң башкы милдетибиз. Өлкөбүздүн ар бир жигити аскерге барып, жарандык милдетин өтөөсү зарыл. Азыркы учурда милдетин аткарбай көпчүлүгү качып жүрүшөт. Жоопкерчиликти сезип, өз ыктыяры менен аскерге баргандар өлкө алдында, мекенге болгон сүйүүсүн даана көргөзө алышат, башкалардан айырмаланып, кыргыздын желегин көтөрүп, кыргызды дүйнөгө тааныткан балдар, кыздар да бар. Өлкө үчүн талыкпай эмгек кылып, тырышчаактык мүнөзү менен Кыргызстанды ушул даражага жеткирип жатышат. Эгерде өлкөгө болгон сүйүү болбогондо, эчак эле көбүрөөк каражат төлөп бере алган мамлекеттин атын чыгарышмак. Өлкөгө болгон бир аз да сүйүүбүз болсо, ушундай адамдарды колдоп, кыргыз деген атыбызды бирге көтөрөлү. Эгерде колубуздан келбесе, өнүктүрүүгө аракет кылып жаткан адамдарга жең ичинен иш жасабай, аларга колдоо көрсөтөлү.

         Өлкөбүзгө болгон сүйүү түгөнгөндө тарыхыбызды эстейли. Өлкөнү курууга аракет кылып, керек болсо өз жанын берген баатырларыбызды эстейли. Мекен үчүн төгүлгөн кандарды эске түшүрөлү. Биз азыркы учурда милдетибизге караганда укугубузду жакшы билебиз. Өз укугубузду кандай жакшы билсек, жарандык милдетти да билишибыз шарт. Ар бирибиздин жактырган мамлекетибиз бар. Ал жакка барып келүүнү кыялданабыз жана барууга болгон күчүбүздү жумшайбыз. Тилекке каршы өз мекенибизге да анчалык кызыкпайбыз. Биздин мекенибиздин жаратылышы, өзгөчө бир кооздугу бар. Ошонун да кадырына жетпей жатабыз. Саякатчылар келишип, бейишке окшоштуруп кетишет. Түбөлүккө жашап калгандары да бар. Чет өлкөнүн кооз жерлерине баргыбыз келет, бирок ал жактагы нерселер бизде болушун каалабайбыз.

Чын дилибизден аракет кылсак, биз өнүккөн мамлекет болобуз деп ишенем. Мекенди чындап сүйсөк, милдетибизди так аткарып, өлкөнү өнүктүрүүгө салымыбызды кошолу.

Ош шаары, №18 А. Навои атындагы мектеп-лицейи, 11-класс

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Сүйүнбекова

  • - Сүйүнбекова

Комментарий калтырыңыз