Айсулуу Курманбекова: Эне тилибиз – ата-бабаларыбыздын мурасы

«Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү» конкурсуна №40 дилбаян

Мекен – белгилүү бир байыртадан жашап келе жаткан элге таандык болгон аймак же ар бир адамдын туулуп өскөн жери. Менин мекеним – Кыргызстан. Кыргызстан – тоолорго, таза сууга жана ошондой эле таза абага абдан бай. Жаратылышыбызда Канаданын, Исландиянын, Швейцариянын жаратылышынан кем калышпаган кооз жана берекелүү жерлерибиз көп.

 Кыргыз элин сырттан келген душмандар туш тарапка таратып жибергенде, Манас атабыз чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, ар тарапка чачырап кеткен кыргыздарды бириктирип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарткан. Ата-бабаларыбыз өз жанын аябай, душмандардын биздин жерди басып алуусуна каршылык көрсөтүп, өз жерин сактап жана коргоп келишкен. Алар бизге эң эле чоң байлык – эч кимге көз каранды эмес, эркиндикти жана ошондой эле кыргыз тилин, кыргыз жерин мураска калтырышты. Ата-бабаларыбыздын калтырган бул мурасын сактоо, мындан ары өркүндөп-өсүшүнө салым кошуу жана бизден кийинки муунга өткөрүп берүү биздин ыйык милдет. Алардын душманга тепсетпей, көздүн карегиндей сактап келген аманатына, калтырган мурасына кыянаттык кылуу туура эмес. Тескерисинче, алардын баскан жолун таанып, үрп-адатын, каада-салтын актап, алардын руханий байлыктарын татыктуу улаган келечек муундарынан болушубуз абзел.

 Ар бир атуулдун эң биринчи милдети – мекенди сүйүү жана ага кызмат кылуу. Биз мекенге болгон сүйүүбүздү ага ак эмгек кылып анын мындан ары гүлдөп өсүшүнө салымыбызды кошуу менен көргөзө алабыз. Азыркы учурда эмгек кылган адамдар көп. Бирок анын ичинен өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, мекендин кызыкчылыгы үчүн эмгектенгендер аз.

 Калыгул атабыздын «Аяк адам баш болор, баш адамдар пас болор, ушундай кызык иш болор» деген саптары, чынында эле азыркы учурду мүнөздөп турат. Кайсы бир эл башында турган адамдар көбүрөөк бийлик менен байлыкка ээ болуу үчүн мыйзамсыз, туура эмес иштерди жасап жатышат. Мына ушул жерде мен белгилүү орус жазуучусу А. М. Горькийдин «Чыккынчынын апасы» чыгармасындагы кол башчыны мисалга келтиргим келип турат. Ал абдан акылдуу, күчтүү, элдин башып бириктирип, эл башкара алчу адам болгон. Бирок ал атак-даңкка, байлыкка, бийликке ээ болуу үчүн туура эмес жолду тандап алган. Бүгүнкү күндө да биздин баш адамдар чыгармадагы кол башчынын катасын кайталап отурушат. Албетте, өзгөрүүгө эч качан кеч эмес, алар азыр да өзгөрүп атак-даңкка, бийликке, байлыкка туура жол менен жете алышат.

 Менин оюм боюнча ар бир адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө мекенге деген сүйүү сезими жашайт. Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар мекенге болгон сүйүү сезимин жүрөгүнүн түпкүрүнө катып коюп, ал сезимдин бар экенин унутуп коюшкан же аны таптакыр жок кылышкан. Андай адамдар жалгыз гана өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, ал эми эл журтунун кызыкчылыгы жөнүндө камсанап коюшпайт. Мына ушундай адамдарды жоготкон мекенге болгон сүйүү сезимин, ойготууга же кайрадан жандандырууга чакырат элем.

 Кыргызстандын кээ бир жарандары ал сезими менен кошо эле патриоттук сезимин жаш кезинен ойготушуп, ыймандуулук, айкөлдүк, адамгерчилик, жароокерлик, адилеттик, боорукерлик, кичипейилдик жана башка эң жакшы сапаттардын ээси болуп, чын жүрөгүнөн ак жана таза иштеп, коррупцияга, мыйзамсыз экспорт жана импортко, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүп мекенибизге колунан келишинче жардам берүүдө. Мындай адамдардан үлгү алып, алардын ишин улантып, Кыргызстанда мындай жаман нерселерге чекит коюшуна жардам берүүбүз зарыл. Албетте, булардын баарын биз бир күндө же бир айда жоготуп салчудай сыйкырчы эмеспиз, бирок баарыбыз биригип, баарыбыз аракет кылсак, келечек муундарына таза, коррупциясы,терроризми, мыйзамсыз иштери жок, өнүгүп-өскөн мамлекет, эң эле жакшы жашоо тартуулап бере алабыз.

 Жогоруда мисал келтирилген А. М. Горькийдин чыгармасында апасынын кылган иши биздин кимдир бирөөнүн апасы, атасы, байкеси, иниси, эжеси же карындашы экендигибизден мурда, биз биринчиден – адам, экинчиден бир мамлекеттин жараны, атуулу экендигибизди түшүндүрүп турат. Апабыз Курманжан датканын баласы менен элинин ортосундагы чыгарган чечими да анын биринчиден өз элинин жараны жана атуулу, ал эми экинчиден апа, эне экендигин айтып турат. Ошондуктан биз бул окуялардан сабак алып, кандай учур болбосун биринчиден мамлекетибиздин жараны, атуулу, инсаны, адамы экендигибизди унутпашыбыз керек.

 Ата-бабаларыбыздын бизге калтырган дагы бир мурасы – бул эне тилибиз. Башка тилдерди билүү жана ал тилде сүйлөө чынында эле жакшы иш, бирок бул нерсе эне тилде сүйлөбөй коюу дегенди түшүндүрбөйт. Кыргыз тилинде сүйлөй турган жерде башка тилде сүйлөгөн туура эмес иш. Кыргыз элибиз, жерибиз туруп башка тилде сүйлөп турсак, бул иш тилибизге кылган кыянаттык эмеспи. Кыргыз тилин урматтап, сыйлайлы! Кыргыз тилинде сүйлөйлү!

 Мекениме окуучу, жаш өспүрүм боло туруп кантип жардам бере алам? Азыркы учурда мен мекениме тазалыкты сактоо, башкаларды тазалыкты сактоого чакыруу менен жардам бере алам. Жана ошондой эле жакшы окуп, татыктуу билим алуум менен. Мага жана менин классташтарыма мекеним бардык шартты түзүп берип жатат. Биз келечекте каалаган окуу жайына тапшырып, каалаган кесиптин ээси болуп өз жашообуздун кандай болушун, өзүбүз чече алабыз. Мунун баарын бизге мекенибиз тартуу кылып отурат. Мен Кыргызстанга, мага ушундай мүмкүнчүлүктөрдү, таза абасын, таза суусун, эң эле кооз жаратылышын тартуу кылганы үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем жана келечекте мына ушул баалуулуктарды сактоого, Кыргызстандын мындан ары өсүп өнүшүнө салым кошом жана коомго пайдалуу иштерди жасайм.

Нарын облусу, Ат-Башы району, Дыйкан айылы, Акиш Капаров атындагы орто мектеби, 8-класс

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз