Сайкал Жеңишбек кызы: Мекендин өнүгүүсү ар бир жаранга көз каранды

«Жарандык милдет өлкөнү сүйүү» конкурсуна №42 дилбаян

 Мен айылда өскөнүмө, айылдык кыз болгонума сыймыктанам жана кубанам. Ар күн сайын, ар бир аткан таңда Аллага шүгүр кылам! Себеби, мен өз өлкөмдө тынчтыкта, бейпилчиликте, токчулукта жашап жатам. Мына эми окууну аяктап балалык менен коштошууга саналуу гана айлар калды. Акыркы эки жылда кантип өз өлкөмө пайдамды тийгизе алам деп ойлойм. Артымдан из калтырууга далалат кылып, тарыхтын бир бурчунда менин да атым жазылса экен дейм. Менин оюмча адам өз өлкөсүн чын дилден сүйүп, ак дили менен берилип кызмат кылса, мамлекетти бат эле өнүгүүнүн туу чокусуна чыгарабыз. Мекенге болгон сүйүү үчүн мен мекенимди сүйөм деп айтып коюунун өзү жеткиликсиз. Көпчүлүк жаштар «Мен мекенимди сүйөм, ага чын дилимден кызмат кылам!» дешет. Өлкөгө пайда келтирүү – алгач эне тилинде сүйлөп, аны унутта калтырбоо, кыргыз маданиятын байытуу. «Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт» демекчи, кыргыз элинин өнүгүүсүнө эбегейсиз зор салым кошкон улуу инсандардын, өлкөнүн түптөлүшү жөнүндөгү тарыхты билүүгө ар бир жаран милдеттүү. Эне тилин унутта калтыруу – бул бизге таандык болгон келечекти, кыргыз деген атты өчүрүү деп ойлойм. Албетте, өз элинин келечегине кайдыгер карабаган ар бир инсан өз өлкөсү үчүн жан-дили менен кызмат кылууга тийиш. «Мекенди коргоо – ыйык милдет» демекчи, өлкөгө болгон сүйүү, жарандык милдетти аткаруу куру сөз менен эмес же бир улуттук кийимди кийип алуу менен болбойт. Адам өз Ата Журтуна болгон сүйүүсүн кантип билдирет?

 Биринчиден өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүүсү, үзүрлүү эмгек кылуусу абзел. Албетте, мекенге кызмат кылам деп жан-алы калбай иштемиш болгондор көп, бирок өзүнүн керт башы үчүн эмес, мекен үчүн эмгектенген инсанды табуу кыйын. Менин оюмча өлкөнү өнүктүрүүдө алгач экология маселелерин чечүү абзел. Себеби бул экологиялык терс таасирлер көптөгөн ооруну пайда кылууда. Кайра иштетип чыгуучу заводдорду куруу керек. Автомашинелердин санын кыскартуу керек деп ойлойм, абанын булганышы ден соолукка оң таасирин тийгизбейт. Биринчи байлык – ден соолук! Көпчүлүк оорулардын себеби бул экологиянын бузулушунан келип чыгууда, ден соолукка кам көрүү үчүн алгач экологияга терс таасирин берүүчү зыяндуу заттардан арылуубуз зарыл. Калкты толук жумуш орду менен камсыздоо миграцияны жоюуга чоң өбөлгө түзөт. Аттиң, «Туулган жердин топурагы алтын» болсо да, канчалаган жарандар мигрант болуп, чет өлкөдө көпчүлүгү кара жумушта мээнет кылат. «Кылычты кыя чапкан тил, кыргызым барктап баккан тил» – азыркы учурда көпчүлүк коомчулук жайлардын, мисалга алсак айымдар сулуулануучу жайлардын көпчүлүгү англис жана орус тилдеринде жазылып, ат берилген. Ошол салондорго кыргыздын чыгаан айымдарынын ысымынан жазса, мисалы, «Кызсайкал сулуулугу», «Каныкей Апа салону». Айтайын дегеним кыргыз тилибиздин унутта калып бара жаткандыгынын бирден бир далили – кыргыз өлкөсүнүн ичиндеги нерселер, коомдук жайлар башка бир элдин тилинде жазылганы. Анда бизге кыргыз тилин ата-бабаларыбыз эмнеге ушунча азапты көрүп мурас кылып калтырды. Мекендин өнүгүүсү бир өкмөттөн көз каранды эмес, мекенди өнүктүрүү андагы жашап жаткан коомдогу ар бир жаранга көз каранды. «Ынтымагы бар элдин таалайы-багы ачылат, ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат» демекчи, элибиздин биримдиги өнүгүү шарттарынын бири. Ак карлуу тоонун койнунда кыргыз болуп төрөлгөнүмө ушунчалык кубанам! Менин өлкөмдөгү эң эле глобалдуу маселе бул – «коррупцига каршы күрөшүү». Коррупционер бул адам өлтүрүүчүдөн өткөн чоң кылмышкер. Себеби ал бүтүндөй бир элдин-журттун ырыскысын, байлыгын өз пайдасына чечип, чөнтөккө салып эртеңки элдин келечегине бүтүндөй бир коомдун эртеңине көз жумган адам. Ошондуктан, ар адам өз жарандык милдетин туура жана так аткарууга тийиш.

Нарын облусу, Ак-Талаа району, Ак-Чий айылы, Мурзабек Балбаков атындагы орто мектеп,11-класс

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз