Айжан Саматова: Жер – мамлекеттин негизи

“Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү” конкурсуна №42 дилбаян

Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү абал туруксуз болуп жатканы, албетте, жаран катары мени да ойлондурат. Эгемендүүлүктү алганыбызга 30 жыл болду. Бул мезгилде өлкөбүз башынан эмнелерди гана өткөргөн жок: кризис, бийлик алмашуулар, коркок жана мокок өкмөт, революциялар, саясий-экономикалык кризис... Мындай окуялар кайра-кайра кайталанып турду. Азыр абал салыштырмалуу турукташып баратат. Жогорудагы окуялардан кийин элдин көзү ачылды деп ойлойм, бир аз болсо да. Бирок биз тырмоочтун башын кайра-кайра эле басып алып жаткандайбыз.

 Биздин мамлекеттин жаркын келечеги али алдыда. Көп каталарды кетирип жатабыз, бирок бир мезгил келет – кыргыз элинде өсүш болот. Салыштырмалуу элде үмүттүн шооласы пайда болгондой. Буга себеп, өлкөнүн кызыкчылыгын ойлогон, мамлекеттин эртеңинин камын көргөн жаш адистер мамлекеттик башкарууга аз-аздап болсо да тартылууда. Бардыгы идеалдуу болуп жатат дегенден алыспыз. Коомдук процессте көңүл иренжиткен көрүнүштөр, окуялар дале арбын. Менин жеке оюмда маселе көбүнесе жаштарга байланыштуу. Терең билим алсак, таза болсок, элибизди, өлкөбүздү ак дилден сүйсөк, муз ордунан жылат.

 Жаштардын жүрөгүндө Ата Мекенди сүйүү, аны көздүн карагиндей сактоо, эл-жер үчүн ак мээнет өтөө, мекенчил болуу, эң жөнөкөй деп эсептелген жарандык милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, өз укуктарын талап кыла билүү аздек ойлору бар. Мекенди сүйүү, ага ак ниеттен кызмат кылуу десек эле бийик нерселерди айтып киребиз. Арийне, бизге окшогон жаштардын Мекен алдындагы милдети – терең билим алуу, дүйнө таанымы бай инсандардан болууга умтулуу, ыйманга, адеп-ахлакка өзгөчө көңүл бөлүү, ошондой эле келечектин ээси катары Кыргызстаныбыздын өнүгүүсүнө салым кошуу. Топтолгон көйгөйлөр системдүү чечилсе, дүйнө менен бир кадамда болсок деген тилек.

 Өлкөнү өнүктүрүүнүн бир канча жолдорун айта кетсек. Алардын ичинен эң маанилүүсү, натыйжалуусу – ишкерлик. Бирок экономиканы жөндөй турган бийлик буга шарт түзбөй эле, кайра бюрократия, эскилик, кайдыгерлик сыяктуу терс көрүнүштөр тоскоолдуктарды жаратууда. Экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү – бул чоң жана кичи ишкердик. Ишкердик, инвестиция тартуу менен завод-фабрика, ишканаларды ачып, кошумча жумуш орундарын түзүү мамлекеттин казынасынын негизги киреше булагы болуп бермек. Кээ бир мамлекеттерде ишкерлерге, өзгөчө инвесторлорго туруктуу саясат, жагымдуу климат түзүлгөндөн улам кыйла ийгиликтерди жаратышууда. Чыгыштын он ажыдаары аталган мамлекеттердин өнүгүшү буга мисал. Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан, өзүн оңой эле багып, тың жашамак, эгерде колдо болгон материалдар, ресурстар ж.б. нерселер максаттуу, ыктуу, билгичтик менен пайдаланылганда.

Коом кантип тазаланат, оңолот дегенге төмөнкүдөй жекече сунуштарым бар: жаштардын терең билимге ээ болуусу, коомдук процесске активдүү аралашуусу, жаңылыктарды, заманбап технологияларды мыкты өздөштүрүүсү, Мекенди сүйүүсу, тарыхты, адабиятты, маданиятты, дүйнөлүк рухий баалуулуктарды мыкты билүүсү, таза инсан болуусу. Өлкөнүн кызыкчылыгын саткан, айткан сөзү менен иши дал келбеген адамдардан коом тазаланып, бийликке таза, татыктуу адамдар келип, Кыргызстанда бейкутчулук орнойт, татыктуу жашоо болот деген үмүт менен жашап келебиз...

 Кыргыз эли, Кыргызстан мамлекет катары түптөлүп, түзүлө элек деп ой жүгүрткөндөргө кошула албайм. Көөнө, карт тарыхыбызды айтпаганда, соңку тарыхыбызды жаратышкан улуу инсандар: Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев, Ишенаалы Арабаев, Исхак Раззаков жана башка ондогон эл- жерди, өлкөнү сүйүүнүн чыныгы үлгүлөрүн көрсөтүшкөн, эгемендик үчүн зор эмгек өтөшкөн.

 Эгемендик алган жылдардан бери мамлекет башчыларынан жыргабадык.
А. Акаев, К. Бакиев, А. Атамбаев... Кимиси болбосун өз көмөчүнө күл тартып, кландык, жыландык (же ажыдаардык дейбизби ) бийликтерин орнотушуп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келе турган “иштерин” жүргүзүп, натыйжада төңкөрүштөн чыга албай койдук. Эң өкүнүчтүүсү, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен, түзүп кеткен мамлекетибиздин ыйык жерин кертип-кертип “сата” баштадык: Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Түштүктөгү, Чүй боорундагы алдырып, тарттырып жиберген жерлерибиз... Өтө өкүнүчтүү!

 Чек ара маселеси – Мекенди коргоонун эң маанилүү маселеси деп эсептейм. Андыктан, бул багытта кечиктирилгис чаралар көрүлүшү керек. Жер – мамлекеттин негизи эмеспи.

 Жарандык сүйүү, албетте, өлкөнү, эл-жерибизди сүйүү болуп саналат. Мекенди сүйүүнү биз алгач чакан Мекенибизден баштайлы. Бул – туулуп өскөн айылыбыз. Элеттеги элибиздин, өзгөчө жаштарыбыздын ыймандуулугуна, адамдык асыл сапаттарды аркалоолоруна, сергек, жигердүү жашоо кечирүүлөрүнө, жан дүйнө жана рухий жактан бай болууларына, тазалыкка, тартипке, эмгекчилдикке, жоопкерчиликтүү болууга үндөйлү, кам көрөлү, укугубузду, ошол эле учурда милдеттерибизди да жакшы билели демекчимин. Кыскача айтканда, ...ар күнү Адам бололу!”

Чүй облусу, Жайыл Району, Т.Кожомбердиев атындагы Сарыбулак орто мектеби, 11-класстын окуучусу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз