Аймырза Жоломанова: Жаш муундун улуу ою – келечектин шыдыр жолу...

“Жарандык   милдет – Өлкөнү сүйүү” конкурсуна №43 дилбаян

Ар бир адамдын жарандык укугу, милдети болот. Биздин милдетибиз өлкөнү сүйүү, аны көздүн карегиндей сактоо, жаратылышка аяр мамиле жасоо ж.б. Өлкөгө болгон сүйүү башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Себеби дегенде, ар бир адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө мекенге болгон ыйык сезими сакталып турат. Ал сүйүүнү далилдөө үчүн өлкөбүзгө салым кошуп, мекен үчүн патриот адам болушубуз абзел.

Д. Кеннединин: “Ата-журтуң сен үчүн эмне кыла алат деп сураба, мен мекеним үчүн эмне кыла алам деп сура” деген сөзү абдан таасын, таамай айтылган. Биз өзүбүздүн  гана эмес, мекендин да жыргалчылыгын ойлошубуз керек. Мекенге болгон сүйүү – патриотизм. Адамдар өз өлкөсүнө ишенип, “мекенчилдик” деген даракты өстүрсө болот.

Албетте, ар бир инсан өз мекенинин өсүп-өнүгүшүн каалайт. Ким эле өзүнүн өлкөсүнүн башка өнүккөн мамлекеттер сыяктуу болушун каалабасын. Мен да өз өлкөмдүн, Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалайм. Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда. Ошондуктан мекенибиздин өнүгүшү үчүн колдон келишинче аракет кылуубуз керек. Азыркы учурда биздин мекенибизге кошкон салымыбыз биринчиден жакшы окуп, Кыргызстан сыймыктана турган инсандардын катарында болуу. Биз жакшы билим алсак, көптөгөн ийгиликтерди багынтып, өлкөбүздү дүйнөгө тааныта алабыз. Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун, Алай  ханышасы Курманжан датканын, Манас баатырдын, Тайлак баатырдын, ж.б. ысымдарын укканда сөзсүз түрдө кыргыздын чыгаан инсандары көз алдыбызга келет.

Менин келечекке койгон максаттарым абдан көп. Кудайым буюрса окууну жакшы бүтүп, өз кесибимди жакшы билген инсандардан болуп, Кыргызстанды өнүктүрүү максатында көптөгөн пландарды ишке ашырам. Мен дагы Кыргызстан сыймыктана турган инсан болууга аракеттенем. Григорий Петровдун «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» аттуу китебинде атактуу гүлдөп өнүккөн лилиялар өлкөсү Финляндиянын тарыхы тууралуу сөз болот. Эч бир кен-байлыгы жок, эли караңгы болгон бул өлкө кандайча минтип өнүккөн мамлекетке айланып кетти деп таң калышыбыз мүмкүн. Финляндиянын өнүгүшүнө себепчи болгондор булар – фин элинин жаштары. Снелман аттуу патриот жигит баш болуп бул өлкөнүн жаштарынын талыкпас эмгектенүүсү менен фин эли караңгылыктан чыгышкан. Алар ар кандай семинар, тренингдерди өтүп, элди жакшы багытка үндөшкөн, китеп окууга чакырышкан. Ушул сыяктуу аракеттердин натыйжасында баарыбызга белгилүү болгон Финляндия өлкөсү пайда болгон. Учурда Финляндия эң бай өлкөлөрдүн катарында. А биздин өлкөдө кен байлык бар, элибиз алты миллиондон ашык. Биз деле Финляндиядай өлкөлөрдүн катарына киргенге толук мүмкүн. Ошондуктан азыртадан баштап өлкөбүз үчүн салым  кошуубуз маанилүү (пайдалуу иш жасап, китеп окуп, кыйын кырдаалда элге жардам берип, жакшы билим алып, өзүбүз оңолуп, башканы да жакшылыкка үндөөбүз зарыл) Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Биз жаштар өлкөнү өнүктүрүү үчүн билимге, илимге умтулушубуз керек. «Ар тамчылар бириксе, көл болбойбу» дегендей, ар бирибиз патриот болуп өлкөбүздүн өнүгүшүнө бир аз да болсо салымыбызды кошсок мамлекеттин өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт. Бирок канча деген Кыргызстандын келечегине керек болгон атуулдары чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Өз мекенине кайтып келип колдорунан келген салымын кошсо, Кыргызстандын өнүгүшүнө бир аз да болсо пайдасы тиет эле. Эгер өзүбүздүн өлкөбүздө дагы да көптөгөн завод-фабрикалар иштеп, жумуш болуп турса эмне үчүн кыргыз жарандары чет өлкөгө кетет эле… Бүгүнкү күндө дүйнөнү таажы вирусу каптап, акырындап убакыттын өтүшү менен дүйнө өз калыбына келип келе жатат. Мындай кырдаалда мыйзамды, элди, өзүбүздү сыйлап эрежелерди туура сактообуз зарыл. Бул дагы өлкөбүзгө кошкон салымыбыз, сүйүүбүз болуп эсептелет. Элин коргоп жоо сайган, баатырлардын адаты, “Элге эр кымбат, эрге эли менен жери кымбат” демекчи ар бир эл өзү үчүн татыктуу эр азаматтарды каалайт, ал эми эр жигит эли менен жери үчүн татыктуу уулдардан болуп, мекени үчүн ак кызмат өтөшү абдан зарыл. Мекенге чоң жардам көрсөтө албасак дагы, жок дегенде зыяныбызды тийгизбешибиз керек. Ар бир адам мекенине пайдалуу иш жасап, ошону менен өз турмушун жакшырта алат. Мамлекеттин жыргалчылыгы коомго көз каранды.

Өз мекенинде жашоодон ашкан бакыт жок! Башка өлкөгө барып калсак сөзсүз түрдө мекенди сагынабыз. Бул нерсе менен мекенге болгон сүйүүнү дагы да айгинелесек болот!

Жоломанова Аймырза, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кара-Бүргөн айылы, Мукаш Базаркулов атындагы орто мектеби

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз