Нурайым Алмазбек кызы: Мекен – руханий байлык

«Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү» конкурсуна №44 дилбаян

 Бул тема менен биз Мекен жана жарандык милдет жөнүндө кеп кылабыз, биринчиден Мекен деген түшүнүктү чечмелеп алабыз.

Мекен деген бул биздин туулуп өскөн жерибиз гана эмес, Мекен деген – бул ар бир адамдын руханий байлыгы. Мисалы, Менин Мекеним – Кыргызстан!

Мен Кыргызстанда туулганмын, өскөнмүн, тарбия алганмын жана азыркы учурда окуп келе жатам.

Туулган жердин топурагы алтын демекчи, ар бир адамга өз мекени өзгөчө кооз көрүнөт. Мен үчүн Кыргызстан өтө көп маанидеги нерсе. Кыргызстандын жаратылышы дүйнөлүк деңгээлде кооз, жайындасы айлана-чөйрө жапжашыл, күн жылуу, көптөгөн адамдар (өзгөчө шаарда жашагандар) үйлөрүндө отурбай жаратылышка же болбосо берметибиз болгон  Ысык-Көлгө жол тартышат, анткени, ушул убакытта бул жерлер өзгөчө кооз болот. Кышында болсо тоолуу жерлерди аппак кар каптайт жана бул кар көпкө турат, ошондуктан кээ бир жерлерге адамдар эс алуучу жерлерди ачып, адамдарга ыңгайлуу шарт түзүп, бизнес жүргүзүшөт, а адамдар болсо бул эс алуучу жерлерге келип көңүлдөрүн ачып, чын дилинен эс алып кетишет.

 Кыргызстандын кооз жерлери өтө көп, мен билген жерлер бар, мен билбеген жерлер бар, бирок, ар бир жер өзүнчө кооз.

 Кыргызстандын көпчүлүк адамдары өтө меймандос келишет. Чет өлкөдөн туристтер  келишсе, урмат-сый менен тосуп алышат. Аларга кыргыз жеринин жакшы тараптарын  көрсөтүшөт. Ошондуктан көпчүлүк туристтер Кыргызстанды мактаганын угуп каламын.

Кыргызстан – эгемендүү өлкө. Азыркы учурда Кыргызстанда 7 миллионго жакын калк жашайт. Республикада 100дөн ашык ар түрдүү улуттун өкүлдөрү ынтымактуу турушат.

Кыргызстандын территориясынын көп бөлүгүн тоолор жана токойлор түзөт. Тоолордо табигый жана жасалма токойлор бар. Токойлор – жаратылыштын  адамга берген залкар белеги. Алардан курулуш материалдарды жана тиричиликке керектүү ар кандай буюмдар жасалат. Ал эми токойдогу жыш дарактардын болушу абаны тазалайт, жер кыртышын азыктандырат. Кыргызстандын токойлорунда арча, жаңгак, ак кайың, карагай сыяктуу дарактар жана бадалдар өсөт.

Биздин өлкөдө токой чарбасын өнүктүрүүгө жана аны коргоого жакшы көңүл бөлүнгөн. Атайын уюштурулган токой чарбалары жана коруктар андагы дарактар менен өсүмдүктөрдү азайып кетүүдөн сактайт. Токойлор мамлекеттин байлыгы катары эсептелинет. Республикалык эс алуу парктары да токойлордо курулган.

  Ал эми «жарандык милдет» деген – бул ар бир адамдын сөзсүз аткара турган нерсеси. «Жаран деген»  бир мамлекеттин адамы. Жаран өз мамлекетине кызмат кылып, кандай учур болбосун аны коргош керек.

 Согуш учурунда ар бир адам өз жаны, өз мекени деп күрөшкөн. Эч качан күчүн аяшкан эмес. Азыркы учурда деле андай адамдар жок эмес. Бирок, заман өзгөрдү, адамдар да өзгөрүштү. Же болбосо адамдар өзгөргөнү үчүн гана заман өзгөрдү.

Көпчүлүк адамдар чет өлкөгө кеткенди каалашат жана аракет кылышат. Мунун көптөгөн себеби бар. Балким, алар жөн гана жер көргүсү келет же болбосо өз өлкөсүнүн менталитети жаккан эмес.

 Ал эми жарандык милдеттин бири бул – Мекенди сүйүү! Ата Журт деп аталган туулуп өскөн жердин тирилик тартиби, салт-санаасы, ыры, жомогу, жаратылышы, абасы, бүткүл турпаты адамдын «Адам» болуп калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенем.

Кыргыз элинин маданияты – миңдеген жылдардан бери карай түптөлүп, калыптанып келе жаткан маданият. Ошон үчүн ал дүйнөгө «Манасты», Калыгулдай олуяны,Токтогулдай ырчыны, Карамолдодой комузчуну, Чыңгыздай залкар жазуучуну жаратты.

Кыргыз эли жада калса ар бир булакка, өзөнгө, кокту-колотторго, ашууларга, жылгаларга түркүн аттарды коюшкан. Жер-суу аттарын кунт коюп карасаң, өзүнчө эле тарых. Мисалы Алтын-Булак, Ак-Суу, Ак-Буура, Сулайман-Тоо, Камбар-Ата, Талдык, Калмак-Ашуу жана башкалар. Бул аттардан мекенге болгон ыйык сезим байкалат. Жер-суу аттардын жердин географиялык абалына, ал жерде болуп өткөн тарыхый окуяларга карата коюлат. Кээде жерге адам аты да коюлганын байкайбыз.

 Ал эми шаардын ар бир көчөсү элибиздин чыгаан уул-кыздарынын, тарыхый окуяларынын аттарын алып жүрөт. Курманжан Датка, Улуу Жибек жолу, Н. Исанов, Т. Сатылганов, Б. Бейшеналиева жана башка сыяктуу аттар белгилүү адамдардын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында коюлган.

 Отун-энергетикалык ресурстар боюнча Кыргызстанда көмүр кендери көп жерден казылып алынат жана запасы боюнча Орто Азиядагы мамлекеттердин алдында турат.

 Кыргызстаныбыздын, башкача айтканда өлкөбүздүн ушунча кең байлыгы бар экен (булар дагы баары эмес), биз ушунун баарын барктап билип, сүйүп, коргошубуз керек. Ар бир адамдын милдети – Мекенди сүйүү!

Алмазбек кызы Нурайым, Ош шаары, №14 Каныбек Алтыбаев атындагы орто мектептин 10-в классынын окуучусу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз