Айназик Жасанова: Өлкөнүн өнүгүшү бизге көз каранды

“Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү” конкурсуна №46 дилбаян

 Мекен дегенде биз деңиздерди, таза жаратылышты, жашыл айлананы, ата-энебизге болгон сүйүүнү, бири-бирибизге болгон сый-урматты элестетебиз. Анткени, сенин төрөлгөн жериңде ушулардын баары бар, ал эми төрөлгөн жериң – мекениң болот.

 Кээ бир элдердин өз мекени жок. Ал эми биздики бар болгондуктан, шүгүр кылышыбыз керек. Ата-бабаларыбыз убагында биздин келечегибиз үчүн өз жанын аябай, өлкөбүздү душмандарга алдырбай сактап калышкан. Алар кыргыз элинин өз мекени бар болуп, өнүгүшүнө ишенишкен, үмүттөнүшкөн. Ошондуктан, алардын ишеничин актоо үчүн, мекенибизди сүйүп, анын өнүгүшүнө салым кошушубуз керек.

 Мекенди сүйүү – ар бир адамда бар. Бирок, алар сүйүүсүн көргөзбөсө да, жан дүйнөсүндө мекени үчүн жүрөгү согуп турат. Биз төрөлгөндөн эле ата-энелерибиз, чоң-ата, чоң-энелерибиз төрөлгөн жерибизди жакшы көрүшүбүз керектигин айтып келишет. Биз биринчи өзүбүз төрөлгөн үйүбүздү, анын айланасын, айылыбызды жакшы көрөбүз, андан кийин өлкөбүзгө болгон сүйүүбүз күчөйт.

 Мекенибиз биз үчүн көп нерсе берет: жашаганга – жер, жегенге – тамак, ичкенге – суу, эс алып, билим алганга – атайын мекемелерди. Кыскача айтканда, биздин өлкөбүз биздин келечегибизге шарт түзүп берген. Мекенибиз биз үчүн бардыгын кылса, биз кантип мекенибиз үчүн эч нерсе кыла албайбыз?! Кантип мекенибиз бизди коргогондой, биз аны коргой албайбыз?

 Биз – адамзатпыз, колубуздан баары келет, өлкөбүздү да коргой алабыз, сүйө да алабыз. Бул биздин эң башкы милдетибиз.

 Биздин Кыргызстан аябай кооз өлкө. Таза абабыз, таза суубуз, жашыл талаа, бийик тоолорубуз жана кооз жерлерибиз бар: Арсланбап, Чыйырчык, Ысык-Көл, Сары-Челек, Абшыр-Ата, Кара-Шоро ж. б. Буларды көрүп, кайра эле келгиң келе берет. Анткени, бул жерлер көз жоосун алат. Бул жерлерге туристтер да көп келет. Тилекке каршы, биздин кээ бир жашоочуларыбыз мекенибиздин жакшы жагын көрбөй, «Кыргызстан өнүккөн эмес», «Баардыгы жетишсиз» деп чет өлкөлөргө мигрант болуп кетип жатышат.

 Кыргызстан чынында эле экономикалык жактан кичине аксап турат. Экономикабыз АКШ, Великобритания, Кытай, Швейцария, Түштүк Корея, Франция жана Япония мамлекеттеринен кыйла артта турат. Кыргызстандын аларга жетишине көзүм жетпейт. Бирок, эгерде аракет кылсак, Америка, Кытайларга жетпесек да, коңшу өлкөлөр Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандардын деңгээлине жетип, алардан ашсак болот.

 «Келечек жаштардын колунда» деген сөз бар. Кыргызстандын өнүгүшү ар бир өсүп келе жаткан жаштардын колунда. Андыктан, биз, жаштар, кийин өлкөбүздүн келечегине жараган, керектүү кесипти тандашыбыз керек.

Мисалы: программист, химик, врач, стилист, IT адистиги ж. б.

 Биринчиден, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн жеке ишкерчиликти көбөйтүшүбүз керек. Ар бир мүмкүнчүлүгү бар адам өз бизнесин ачса жакшы болот. Агро өндүрүшүн бийиктикке чыгарышыбыз керек. Ошондой эле, башка өлкөлөрдөй эле көп нерселерди иштеп чыгарып, көптөгөн ачылыштарды жасай алсак жакшы болот. Чоң заводдорду, фабрикаларды куруп, өз өндүрүшүбүздү бийиктикке чыгарып.

 Мисалы: биз механиканы жакшы билсек, башка өлкөдөн эмес, өзүбүздүн өлкөбүздө көптөгөн унааларды жасап чыгарып, башка өлкөгө көз каранды болбойбуз. Же, эгерде биз химияны жакшы билсек, лабораторияларды жакшы иштетип, дары-дармектерди чыгара алмакпыз жана анын сапатына көзүбүз жетмек.

 Биздин өлкөдө бийик деңгээлдеги окуу жайлар жок. Ошондуктан, окуучулар чет өлкөдөн билим алып жатышат. Чынында, мен буларга каршы эмесмин. Анткени, алар чет өлкөдөн билим алышып, кайра өз элибизге кереги тиет дейм.

 Мен да келечекте чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырам. Ал жактан программистиканы жакшы өздөштүрүп, өзүм бир чакан бизнес ачсам дейм. Анан ал жакта өзүбүздүн жаштарга өз билгенимди үйрөтүп, Кыргызстандагы бизнесмендердин санын көбөйтсөм дейм.

 Мен мекенимди сүйөм жана анын өнүгүшү үчүн болгон аракетимди кылам.

 Мекен сүйүүгө, урматтоого гана татыктуу. Мекенибизди биз өз үйүбүздү, өз үй-бүлөбүздү коргогондой коргошубуз керек.

 Өлкөбүз эдибиздин колунда, анын өнүгүшү да бизге көз каранды.

Ош шаары, №14 К. Алтыбаев атындагы орто мектеп, 10-б класс

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз