Гулиза Бейшенбек кызы: Билимибизди өнүктүрүү биздин мекенге кошкон салымыбыз

“Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү” конкурсуна келген №64 дилбаян

 Бүгүн күнгө бейшемби. Булуттардын арасынан үлбүрөп чыккан күндүн нуру биз олтурган партанын үстүнө тийип турат. Аңгыча Азия өлкөлөрүн түшүндүрүп жаткан эжейдин сөзүн коңгуроонун шыңгыр эткен дабышы бөлүп жиберди. Окуучулардын кээ бири дем алганы сыртка чыкса, кээ бири топтошуп сүйлөшүп калышты. Тактанын боорунда илинген төрт чарчы батмандын бетинде дүйнө жүзүнүн картасы түшүрүлгөн. Ага жакын басып барып көз чаптыра баштадым. Бул Америка, бул Тынч океан, бул болсо эжей түшүндүрүп жаткан Евразия материги... Азиянын борбор бөлүгүндө күрөң түс менен чийилген кичинекей өлкө – Кыргызстан. Жүрөгумө бир башкача сезим уялай түштү. Ушул кичинекей жердин жүрөк толкундатаарлык кандай сыры бар болду экен. Телмирип көпкө тиктеп турдум. Жымжырт.

 Мен ааламга алгач жаралганда ушул тоолор, ушул суулар, ушул токойлор кучагын жайып тосуп албады беле. Андагы жашаган адамдар менин апам, атам, арип тааныткан устатым, жыгылаарда таяган бир боорлорум, сырларымды айтып сырдашкан курдаштарым. Менин эң алгачкы кадам койгон издерим ушул чаң баскан боз топурак жолго, балалыгымдын баёо сезим, бал татыган таттуу күндөрү тоолорго, ушул жердин абасына сиңип калгандай.

 Ойдун деңизине чөгүп бараттым. Калчалаган жердештерибиз бөтөн эл, бөтөн жерде акча таап, үй-булө багып, жашоолорун жакшыртабыз деп жүрүшөт. Заманбап үйлөр кабаттап курулган, технологиясы мыкты деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдө жүрүшсө да, өз мекениндеги бактылуулук даамын тата алышпайт тура, аттигиниң.

 Сабак аяктап, үйгө жөнөдүк. Аялдамага чейин жыйырма чакырымдай жол. Кар да эрип, көчө баткак болгонуна байланыштуу жолдун чекесиндеги куураган чөптүн үстүнөн басып бара жаттык. Бир маалда маңдайлаш келе жаткан унаа жаныбыздан зуу этип өтүп кетип жатканда, көлчүктөгү ылай бизге чачырай түштү. Бирок кызыгы, демейде айтылчу «Борбордо жашасак да жолубуз айылдыкындай, же экономикабыз өнүккөн эмес, бул жакта жашагандан көрө жет жакка кеткен дурус» деген сөздөр эч кимдин оозунан чыккан жок. Баятан ойлонгон ойлорум кайрадан уланды.

 Көрсө биз материалдык байлыктарды биринчи орунга коюп алып, Жараткан тартуулаган табигат баалуулуктарын четке сүрүп салган турбайбызбы. Кээ бирлер зар болгон таза суусу, абасы, тоо-талаада жайкалып өскөн гүлдөрү, чөптөрү, кучагын жайып чалкып жаткан Ысык-Көлү – адам кол менен жасай алгыз мекенимдин баалуулуктары.

 Эч ким келип биздин жерди өнүктүрбөйт, жүрөк түпкүрүнөн сүйө албайт. Мекенди сүйүү – биздин милдет. Жолго таштанды таштабоо, бак-дарактарды отургузуу жана негизги милдетибиз болгон билимибизди өнүктүрүү биздин мекенге кошкон салымыбыз.

 «Жылуу кийин жолуң кыйын үшүүрсүң,

 Кышта катуу бороон улуп, кар уруп.

 Суугуңду өз мойнума алайын,

 Сен ооруба, мен ооруюн Ата-журт», – деген сүйүүсү менен ширелишкен ырдын автору Алыкулдай болуп өлкөбүздү сүйө алат болдубуз бекен?

Автобустун чыйк эткен үнү оюмду бөлүп жиберди. Унаага олтуруп, жолумду ары уладым. Журөгүмдөн баягы башкача сүйүү сезими кетпей, мекенимдин сүрөттөрү көз алдымдан шуру сымал тизмектелип өтүп жатты. Мен сени сүйөм мекеним.

 Бишкек шаары, 11-класс

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз