Мээрим Жайчыбек кызы: Өлкөбүздү тазартуудан башташыбыз керек

“Жарандык милдет – өлкөнү сүйүү” конкурсуна №66 дилбаян

“Туулган жердин топурагы алтын” дегендей эле мекенибиздин ар бир жараны өз өлкөсүн сүйбөй коё албайт. Ар бир жаран өлкөсүн көздүн карегиндей сактоого жана эли-жери үчүн өнүгүүгө салым кошууга милдеттүү. Мекенибизди сүйүү бул негизинен кошкон салымыбыздан билинсе керек. Жолдо жаткан бөтөлкөнү челекке салып коюу – бул да кичинекей мекенге болгон салымыбыз. Биринчи өлкөбүздү тазартуудан башташыбыз керек. Таза өлкөдө жашасак, өлкөбүздүн таза, жаркын келечеги болот деп ишенем. Ошондой эле ар бир жаран патриот болуусу керек. Кээ бир адамдар бар “Мен патриотмун”деп төшүн какылап бирок, иш жүзүндө өлкөсү үчүн бир иш кылбаган. Патриот адам деп сөз менен айтып коюп эмес, жүрөгү мекен деп согуп, өлкөсү үчүн жан үрөп, өнүгүүсүнө бар күчүн жумшаган адамды айтсак болот. Мекенди сүйүү ар бир кыргыз жаранынын жана менин милдетим. Келечекте мен мекениме болгон сүйүүмдүү далилдеп жана милдетимди аткарам. Ал үчүн мен мектепти жакшы аяктап, университетке тапшырып, өнүккөн өлкөлөргө барып тажрыйба топтоп, Кыргызстанга келип, өнүгүүсүнө салым кошуп, өлкөбүздүн бир четин чойгон жаштардын катарын толуктагым келет. Башка экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөй да, биз да өнүгө алабыз. Мекеним Кыргызстандын да келечеги алдыда жана кең. Ар бир жаран “Мен өлкөм үчүн эмне кылдым жана эмне кылышым керек?” деген суроону өзүнө бере алса жана аракет кылса, анда мекенибизди жаркын келечек күтүп турат. Мекенди сүйүү бул – тилин, үрп-адатын, салтын, маданиятын сүйүүдөн да башталат. Азыркы учурда эне тилибиз жоголуп баратканы мени өкүндүрөт. Кыргызбыз да, неге кыргыз тилинде сүйлөшпөйт деп жиним келет. Европалыктарды туурап, мода катары орус тилинде сүйлөшкөндөрү кыжырды келтирет. Ошондой эле кыргыздын улуттук кийимдери да көз жаздымда калып бара жаткандай. Мейли, башка тилдерди үйрөнүшсүн, мода катары башка кийимдерди кийишсин бирок, өз эне-тилин унутпай сүйлөп, кыргыздын ажайып кооз кийимдерин унутушпаса жакшы болоор эле. Ар бир жаран мекенинин тарыхын, тарыхтагы улуу инсандарды билишсе, бул да мекенге болгон сүйүүсү, кызыгуусу.

Өлкөнү сүйүү бул – Кыргызстандын тарыхын окуудан башталат.

Ыйык мекен мына ошо,

Ырыскың да, сыймыгың.

Таза сакта жүрөктө,

Тагдырыңдын сыймыгын.

Нарын облусу, Ак талаа району, Ак-Чий айылы, Мурзабек Балбаков орто мектеби, 10-класс

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз