Кадырбек Аблабеков: Ак сүйүүнүн Пайгамбары дегиле

  • 07.05.2021
  • 4398

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска

Рухум жерге түшкүчөктү жан тынбай,
Бул жашоомо жалаң сүйүү тиленгем,
Жаным сүйүү, Кудай мени ал тургай
Ак сүйүүнү башкарсын деп жиберген.

Ак өргөөмө сүйүү түшөт булуттан,
Сезим агат үйүмдөн түз көрүмө.
Атам койгон атымды эгер унутсаң,
Ак сүйүүнүн Пайгамбары дегиле.

Жашоодогу бар милдетим мендеги –
Сүйүү чачам көк асмандан эселеп.
Мен өлгөндө анык сүйүү жердеги
Мени менен кошо кетет, кошо өлөт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз