Конкурска: Шыбак жыты (№53)

АҢГЕМЕ

... Канча жылдан бери келем деп эңсеп жүргөн жерге бүгүн келди, коюу өскөн шыбакты аралай басып отура кетти. Шыбактын бүрүнөн алаканына акырын сыдырып алды да шуу жыттады. Мына сагындырган жыт, балалыктын жыты, айылдын жыты.

Бул айылдан кеткенине көп болгон. Мектепти аяктап шаарда окуду, андан соң бөтөн айылга турмушка чыкты. Айылга жыл сайын келсе да шыбак өскөн бул талаага келүүгө мүмкүн болбой жүргөн. Бул жолу чыгынды. Бала кезде коңшулардын кыздары менен далай жолу келишкен. Кучак толо терилген шыбакты тыкыйта байлап шыпыргы жасашчу. Анан суудан сээп, эшик алдын шыпырган учур өзгөчө жагымдуу эле.

Өткөн жайда келгенинде ошол кыздардын бир-экөөнө жолукту. Балалыкты эстеп бир күлөбүз го деген ойдо болду эле, тиги кыздар башка сөзгө киришти. Бири чоң үй салышканын айтып мактанса, бири кайын-журтун жамандап көптөн бери катышпай жүргөнүн саймедиреди. Өзү кайын-журту менен чогуу тургандыктан коңшу кыздын айтканы өөн учурады, кантип катташпайт деген бүдөмүк ой калды.

- Анан жакшылык-жамандыкта... -деп баратты эле тиги түшүнгөндөй - күйөөм өзү барат,- деди.

Ошол бойдон сөз уланган жок. Башка эмнени сүйлөшмөк, тигилерге кошулуп барган жерин жамандамакпы? Жашаганы эл катары, мактана турган деле эч нерсеси жок. Ошондон көп өтпөй эжесиникине барган. Сагынышкан эже-сиңди көпкө божурашты. Эжесинин кичүү кызы өтө эле эрке болуп калган экен, ошону айта коём деп кагуу жеди. Көңүлүндө катуу таарынып калды.

Эжеси деле кыйла өзгөрүптүр. Эжеси ушунча өзгөргөн соң башкаларга таарындың не, таарынбадың не, таң калдың не, таң калбадың не?..

Келиндин турмушка чыкканына үч жылдан ашып калды. Келин келин дегендей эле келин. Жалкоо дейин десең жалкоо эмес, жасаган-неткени орду менен. Жалкоо эмес дейин десең дайыма тытынып оокат жасап жүргөнүн көрбөйсүң. Шыбакты аралай басып өткөн-кеткенди эстеди. Шарактаган кыздардын үнү, ана, тигинде Сайраш жүрөт. Бир кучак шыбакты жерге таштап четинен байлап шыпыргы жасоого киришти.

Тээтиги булактан суу ичип,
Карагат тергени барганда.
Жайдары бир өмүр кечирип,
Жашасак экен жалганда.

Бул ырды кийин Сайраштан башка киши ырдаганын уккан жок, кимден үйрөнгөнүн да убагында сурабаптыр. Кыялга берилип көпкө отурду. Азыр ошол шаңкылдаган Сайраш кандай келин болду экен? Жамилачы?.. Кыздар кайда барса унчукпай ээрчип жүрө берген Розачы? Кимиси кандай өзгөрдү экен? Өткөн күндөрдү ойлошобу, шыбак терген кездер эстеринде бекен? Балким алар шыбак тууралуу ойлошпойт да чыгар. Шыбак түгүл кадимки шыпыргылар унутулуп ордун электр чаң соргучтары ээлей баштаганы качан?

Келин дале шыпыргы колдонот...

Өткөн жайда уулуна жентек береринде апасына чаң соргуч да алып келгилечи деген телефондон. Көптөн күткөнү ошол эле. Айылдагы өзү теңдүү келиндер качан эле чаң соргуч колдонуп калышканын айтып ичин күйгүзүшчү. Анан калса кайненеси айткандай шыпыргыны да элден башкача колдонуп тез эле жарактан чыгарат. Башкалардыкы башынан желип түгөнсө мунуку белинен сынат. Ошончо күч менен шыпырабы деп кайненеси таң калганы менен унчукпай ичинен тынат.

Бир ирет кайнатасы сынган шыпыргыны темир казык менен бириктирип шакшак өңдөнтүп таңып коюптур, анысы эки күнгө жеткен жок. Темири бир жакта, шыпыргысы бир жакта калды... Ошентип той болгон күнү ата-энеси, ага-жеңеси, эжелери келишти. Алып келгендерин оозгу үйгө киргизип чай ичкени киришти.

Келиндин ою чаң соргучта, негедир көзүнө илинген жок. Ал-жай сурашып кызуу сөзгө киришкен куда-кудагыйларга бир сыйра чай куйду да тышка жөнөдү. Атасынын машинасына барып аяк-биягына көз жүгүрттү. Жок. Алып келишпептир. Ызалана үйгө кирди. Ою бир жерде болбой, эмнеге алып келишпегенин энесинен сурай албай кыйнала берди. Алып келишкенде гана... Келин шаша-буша коробкадан чыгармак, Фирмасын, кубаттуулугун, өңүн айтып, атүгүл дыңылдатып иштетип да жибермек. Бул келгенде да апасынан сурай алган жок, жеңесинен сурап көрмөкчү болду эле...

– Ата-энеңдин амандыгын тилечи, сага чаң соргуч эле керекпи? – деп бурк этти сөзүн аягына чыгара койбой.

Тилебегенде анан, ааламдын тынчтыгын, андагы жалпы адамзаттын амандыгын тилеп жүргөн келин ата-энесинин амандыгын тилебей коймокпу?..

Чаң соргуч эмне ал бир көр оокат эмеспи, алса алып калар, албаса өмүр бою шыпыргы колдонор. Бул деле өзүн эшек атап жүргөн кайнежесине бир көрүнүп коюуну максат кылгандыр, азыр ошону ойлоп мойну шылкыйды. Өзүн аяп да койду, күлкүсү да келди... Шыбактан терип алайын деп кайра тергиси келбеди, шыпыргы болуп жерде жатканча талаада көйкөлүп өсүп турганы жакшыдай сезилди.

Бүрүнөн алаканына сыдырып алып шуу жыттады да, айылга карап басты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз