Конкурска: Абийир (№55)

АҢГЕМЕ

- Демек, 62-беттеги текстти кыргыз тилине которуп, берилген жаӊы сөздөрдү жаттап келесиӊ. Бүрсүгүнү улантабыз! – деди мугалим маӊдайында отурган жалгыз окуучусуна. Себеби ишемби күнү кошумча англис тили сабак үчүн 11- класста окуган Айгерим гана келчү. Сыртта мектептин алдында болсо аны курбусу Нурайым күтүп алчу. Анан экөө сейилдеп келүүгө жөнөшчү.

Бүгүн дагы ошондой күндөрдүн бири. Мектептин айланасында алма бак, оюн аянтчалары бар. Мектеп эки кабаттуу жана чоӊ болгону менен эскилиги жеткен имарат. Жыл сайын акча чогулганда улам бир жерин жамап, оӊдоп, шыбап турушат. Мугалимдин жетишсиздигин сөз кылбай койсо да болот. Бир мугалим бир нече сабак берсе таӊ калбайсыӊ. Өз айылы болгондуктан Ралия шаардан ушул мектепке келип иштегенине жарым жылдан бир аз ашкан.

– So, time is up guys, good bye!

- Good bye, teacher! – деген Айгерим китеп-дептерлерин сумкасына салып, мугалим эжекесине жакындады. - Эже, рахмат сизге! Убактыӊызды бөлүп мага кошумча сабак өтүп жатканыӊыз үчүн сизге абдан ыраазымын. Сиздин эмгегиӊизди актайм. Окууга өтүп калсам, эӊ биринчи сизге айтам, белегим менен келем! Анан чет өлкөдө окуп калсам, сиздей болуп айылыма  келип өзүмө окшогон балдар-кыздарды бекер үйрөтөм. Аларга сиз тууралуу айтып берем, менин эӊ сүйүктүү мугалимим деп. Дагы жаӊы мектеп курам!

- Сен сөзсүз өтөсүӊ окууга, шаарда жакшы окуп көп ийгиликтерге жетишсеӊ, мага ошол эӊ чоӊ белек. Мектеп курасыӊ. Эӊ негизкиси, кыялдарыӊдан баш тартпа.

- Сиз өзгөчөсүз, мен сиздей болгум келет! – Айгерим мугалимди өз биртууган эжекесиндей жакшы көрүп кучактап калды.

- Ар дайым максатыӊа жеткенге умтул! – деди Ралия да окуучусун кучактап.

Айгерим Ралия үчүн катардагы окуучулардан эмес. Кыздын тилге жөндөмүн байкап, каалоосун колдоп, окууга умтулуусуна, аракетине кубанып келет. Бул кыздан бир нерсе чыкчудай. Айылга келгенден бери ушул кызды сабактан тышкары окутуп, жадагалса минтип ишемби күндөрү  окууга мектепке келишет. Кээ бир учурларда мугалимдин айыл өкмөтү тарабынан убактылуу берилген үйүндө окушат. Кыздын кыялына жетишинин себепкери болгусу келет Ралия. Өз учурунда аны ата-энеси колдогонунан жаш болгону менен көп ийгиликтерге жетишкен. Англис тилин жакшы билгендиктен, чет өлкөдө да окуп келген. Көп жерди кыдырган. Эми каны тартып айлына шаардан атайын балдарды окутуу үчүн келген. Айылына келгенине абдан кубанат. Илгери чоӊ-ата, чоӊ-апасынын ата-энеси ушул айылда турушкан экен. Бирок азыр өйдөдө турган Ажыбайдын чөбөрөсү деп аталганы менен айылда чоочундай. Ал Ажыбайды мурунтан айылда жашаган кары адамдар гана билбесе, башкасы тааныбайт деле. Айылдагы адамдар үчүн Ралия жөн гана “шаардан келген кыз”.

Ошентип Айгерим мугалим эжеси менен коштошуп, адаттагыдай сыртта күткөн курбусуна чыкты. Ралия балдардын жазуу иштерин текшериш үчүн мектепте калды. Жапжашыл айланага көзү тойбой терезени ачып тоолорду карады. Абасынан ырахат менен тереӊ дем алды. Бул жактагы үйдү чоӊ ата, чоӊ апалары илгери эле сатып жибергенине канча өкүндү Ралия, өзү ошол учурда бар болсо саттырбай  алып калчудай болуп. Өкмөттүн берген үйүнө деле ыраазы. Ошондо дагы мурунку өздөрүнүн үйүн кайра сатып алуу оюнда. Анан ордуна келип дептерлерге алышты. Бир убакта бейкапар отурган мугалимдин жанына шашыла чуркап кирген окуучу кыз акактап:

- Ралия эже, Ралия эже! – деп кирип келди.

- Нурия?! Эмне болду? Жакшы элесиӊби? – Ралия окуучусунун көздөрү алаӊдап сүйлөй албай жатканынан эси чыкты.

- Айгерим... Айгеримди... Айгеримди ала качып кетишти!

- Качан?! Кантип?! Ким?.. Ким ала качты?!

- Азыр эле! Биз көчө менен ылдый бара жатканбыз. Айыл өкмөтүнүн имаратына жетип калганбыз. Анан жаныбыздан кара автоунаа токтоп ичинен үч бала чыгып, Айгеримди салып кетишти. Бирөөсү айылдын аягында турган уста Жээнбек байкенин уулу. Мен көргөм аны, өткөндө  мектепке келген! Мен дароо Айгеримдин апасына чалдым, албай жатат! Анан сизге чуркадым.

- Макул, ыйлаба! Азыр мен чалып көрөйүн, укпай калгандыр, – чөнтөк телефонун сумкасынан шашыла алып, кыздын апасына бир нече чалды. Эч ким жооп берген жок. Эмне кыларын билбей класста ары-бери басып жүрдү. – Ал жигити эмес беле?

- Жок, ал байке, бизден улуу. Сизден дагы улуу болуш керек!

- Мен ала качкан баланын үйүн таба аламбы?

- Ооба, төмөндөгү уста Жээнбектин үйү десеӊиз табасыз.

- Макул. Мен Айгеримдин артынан барайын, сен азыр үйүнө чурка, ата-энесине айт, – деген бойдон экөө теӊ жолго түшүштү.

Жээнбек аттуу киши ким экенин билбесе дагы Ралияга чынында эле анын үйүн табыш оор болбоду. Жолдон өтүп бара жаткан автоунааны тосо калып, сураштырып жетип барды. Киши көп болгондуктан мугалимдин үйгө кирип барганын эч ким байкабады. Ар ким өз иши менен алек. Ралия жаш балдардын үнү чыгып, көшөгө илинген бөлмөгө кирди. “Таш түшкөн жеринде оор, биздин бала – укмуш бала, ушул үйдөн агарып-көгөрөсүӊ, биз деле ушинтип келгенбиз” деп нөөмөт сөздөрдү айткан жажылдаган аялдар кыздын шайын алса керек, Айгерим салынган ак жоолугу бир тарапка кыйшайып отуруп калган экен. Жанында майда эки-үч кыз ары-бери чуркап жүрүшөт. Мугалим эжесинин үнүн угуп, жанынан көргөндө Айгерим жандана түшүп ордунан тура калды. Ралия башындагы жоолукту алып жерге ыргытты. Экөө кучакташты.

- Апей, бул эмнеси?! – деди сырттан кирген аял, жоолуктун жерде жатканын көрүп.

- Айгерим бул жакта калбайт! – Ралия кызды колунан алып бөлмөнүн босогосуна жакындаганда  жанагы аял алдынан тосту.

- Сен кимсиӊ өзү?

- Менин мугалимим! – деген Айгерим сыймыктануу менен айтты. Аӊгыча “Кудалар жолдо экен” деп дагы эки-үч аял бөлмөгө кирип эч кимисин чыгарбады. Ойноп жаткан майда кыздарды бирөөсү ээрчитип алып кетти.

- Макул! Ата-энеси келсин, чогуу кетебиз, – деди Ралия, Айгеримдин колун кармаган бойдон жер төшөккө отурушту. Мугалим жанында болгону Айгеримге дем берди. Башында бул чоочун үйгө аны ары жулкуп, бери жулкуп киргизгендеги коркуу сезиминен кутулгандай. Ал Ралияга аябай ыраазы болуп  коё бербей колунан бекем кармап отурду...

- Эжеке, мени бул жакка калтырбаӊыз. Мен турмушка чыккым келген жок. Шаарга барып окугум келет. Ал байкени тааныбайм. Болгону мектеп жактан эки жолу көргөм.

- Кайдагы байке, жолдошуӊ болот. Жыйрма алты жашта, көп болсо сегиз жаш улуу. Бой десеӊ бою бар, үй десеӊ үйү, кой десеӊ кою, тоодо гектар-гектар жери... Кайнатаӊ уста, эл тааныган киши. Мындай үйгө келгениӊе кубансаӊ, – деди кайтарып отурган аялдардын бири. Ага экөө теӊ көӊүл бурган жок. Бөлмөдө алардан башка эч ким  жоктой сөзүн улантышты.

- Коркпо, сен бул жакта калбайсыӊ! Өзүӊ кыялдангандай шаарда окуйсуӊ, билим аласыӊ. Айылга келип мектеп курасыӊ, балдарды окутасыӊ. Атаӊ, апаӊ келсин, барыбыз чогуу кетебиз. Алар келгенче, мен жаныӊдамын! – деди кыздын жүзүнөн сылап.

Аӊгыча сырттан кудалар келишти деп ызы-чуу боло топурашып калышты. Апасы үйүнө кирип келип “Тур өйдө, кеттик!” деди кызына. Сүйүнгөнүнөн апасынын моюнуна асылып кучактады Айгерим.  Өзүн күчтүү сезди кыз. Жанатан бери эжеси жанында болду, эми апасы келди. Атасын дагы терезеден сыртта турганын көрдү. Азыр апасы колунан жетелеп, чоочун адамдарга кор кылбай, алдынан ким тоспосун алып чыгып кетерине ишенди. Кызды чыгарбаш үчүн кемпирлер босогодон аттатпай жата калып, дүйнө жүзүндөгү бакыттын баары ушул үйгө топтолуп, эшиктен ары өтсө эле бактысыз жашоо күтөрүн айтып, нан коё калышчу эле. Андай нерселерди элестетип, бирок корккон жок Айгерим. Себеби апасы ага жеткирбей, кызын алып кетет. Сырттагылардан болсо коргоюн деп турган атасы да бар эмеспи. Жылмаюу менен карады Айгерим эжекесин, кутулганына сүйүнүп. Тегеректеп турган аялдар “кудагый, бир ооз сүйлөшөлү, жүрсөӊүз” деп эле башка бөлмөгө ээрчитип кетишти. Ралия менен Айгеримге алардын бирин-серин “уят, жакын, кошуна, уста” деген сөздөрүнөн башка эч нерсе угулган  жок.  Анан терезеден апасын сыртта жүргөнүн көрдү. Атасы дагы жанында. Көпкө жок болгон апасы кайра үйгө кирди.

- Мен кызым менен өзүнчө сүйлөшөйүн, – деди кызынын мугалимине  карап. Ралия бөлмөдөн чыкты.

- Апа, тезинен кетеличи, үйдөн сүйлөшөлүбү? Анвардын тапшырмасын жасашып коюп, анан сүйлөшөбүз, – деди Айгерим инисине жардам бериш керек экенин эскертип.

- Кызым! – деди апасы бир аз көздөрү жашылдана, эриндерин тиштеп. - Калышыӊ керек!

- Жок, апа! Калбайм... Үйгө барам! – деди Айгерим сөздүн түпкү маанисин түшүнбөй.

- Кыздын барар жери күйөө. Мен жыйырма жашымда турмуш курдум. Атаӊ экөөбүз жакшы эле түтүн булатып келе жатабыз. Он сегиз турмуш жолуна түшкөнгө туура жаш, – деп улантты апасы. Эми апасынын сөздөрү үстүнөн ылдый муздак суу куюп жибергендей болду. Дене бою чымырап кетти кыздын. Башын чайкады.

- Мен... калбайм. Окуйм, апа! Окуп котормочу болом.

- Кудалар менен сүйлөшөбүз, окуй бересиӊ.

- Жок, апа! Мен тил үйрөнүп, жер кыдыргым келет. Ралия эжедей чет өлкөгө чыгып эл тааныгым келет.

- Кызым...

- Апа, Ралия эже шаарда окусам турак-жай менен камсыз кылам деди, мен университетке өтөм.

- Болду! Отузга чыгып эрге тие элек эжеӊди айтып кулагымды жебей. Баштадыӊбы эжеӊ тууралуу бүтпөс жомокту. Темселеп жанынан чыкпай жүрдүӊ. Айылга аныӊ эмне келди дейсиӊ, үйүнө батпай калды да! Мага аны үлгү кылгыча, атаӊды ойло! Карачы, атаӊ айланасындагы адамдардан сый көрүп турат. Кара! – апасы кызын билегинен алып, терезеге жакындатты. – Баары алдына түшүп күйпөлөктөп жатышканын. Эл караган жүзүбүздү жер каратайын дейсиңби?! Биз сени азыр жетелеп чыгып, элге өмүр бою кеп бололубу?! Уста Жээнбектин үйүнө келин кылбай кызын алып кетиптир дешет. Айыл арасында жүзүбүз жер карасынбы? Ошону каалайсыӊбы бизге?

- Апа! Менин максатым башка...

- Аял кишинин эки гана максаты болуш керек. Жакшы жубай, анан эне болуу! Келген жериӊе суудай сиӊип, бизди уят кылба! Ушул жерден чыкчу болсоӊ, биздин баркыбызды түшүрөсүӊ! – деп сүйлөп жаткан Айгеримдин апасы кызга өз апасы эмес, бейтааныш сезилди.

- Апа, “биз” дегендин ичинде мен бармынбы? - деди Айгерим жашы куюлуп.

Ралия сырттан кирип келди.

– Эже, мени алып кетиӊизчи! – кыз мугалимдин алдына отура калды.

- Албетте, алып кетебиз – Ралия кызды тургузду.

Бул учурда Айгеримдин апасы экөөнү бөлдү дагы:

- Эч жакка кетпейт, кызымды бузган сенсиӊ! Кайдан гана уруксат бердим экен сага кошуп! Жакын жерге келгени жакшы болду. Уят бололубу, алып кетебиз деп... Ушул көшөгөдөн агарсын, көгөрсүн!

- Ушул чүпүрөкпү сизге тоскоол кылып жаткан? Мына! – деп туруп Ралия илинип турган көшөгөнү жулуп салды. – Сиздин уялган нерсеӊиз кызыӊыздын тагдырына тетеби? Кызыӊыздын кыялдарын тепсегенден уялбай, элдин эртеӊ унута турган сөзүнөн уяласызбы? Сиз кандай энесиз?!

- Сен менин энелигиме шек келтирбе! Менин беш балам бар! Өзүӊ эне бол, биздин айылда жаша, анан уят-сыйды билесиӊ. Эне боло элек жатып, энеликти үйрөтөр сенсиӊби мага?! Биринчи эрге тийип алчы! Отузга чыгыпсыӊ, ким алат сени?! Өзүӊө окшоп эри жок калсын деп жатасыӊбы кызымды? – деп жини келгенинен кыйкырганда, аркы бөлмөдө отурган аялдар кирип келишти.

- Ой, кудагый, бир ачууӊузду бизге бериӊиз. Бул кыз сиздерден экен деп жатпайбызбы. Кетирели буну! – деп Ралияны эшик тарапка түртүп башташты.

- Сен ыйлаба, мен келем! Сөзсүз сени алып кетем, Айгерим! – деген эжекесин жабылган аялдар эшикке чыгарып салышты. Сырттагы көп кишилердин баары Ралияга тигилишти. Кээси эмне болуп жатканын түшүнбөй, мостоюп калышты. Алардын ар бирине алмак-алмак көз тикти кыз. – Жаш кыздын тагдырына балта чапканыӊарды майрамдап жатасыӊарбы? Барыбир силерге! Уулуӊар эптеп үйлөнсө болду. Айгерим азыр турмуш курууну каалайбы, каалабайбы – керекпи силерге?! Анын максаты барбы жокпу, сурадыӊарбы? Кийин турмушу кандай болот? Ал үчүн жоопкерчилик албайсыӊар. Бүгүн боорсок жеп, эртеӊ кешик таратсаӊар болду! Адам тагдырын бир күндө бузуп жатканыӊарды ойлондурабы силерди?!  Эмнеге? Эмнеге бузуп жатасыӊар?! Анткени бирөөнүн тагыдырына кайдыгерсиӊер... – Ралиянын сөзүнөн кийин жымжырт басты. Кыз аларды ойго салдыбы, үн чыкпады башында.

- Ай кыз, сен бизге акыл үйрөтпө! Биз  ак той кылганы жатабыз. Айгерим жаш кезинде турмуш курбаганда, сага окшоп калсынбы отузга чыгып... – деди азыр эле мугалимди үйдүн ичинен түртүп чыгарган аялдардын бири.

- Туура, туура... - дешти турган элдин арасынан бир-экөө кошулуп.

- Ооба, мен го атасымын. Сен өзү кимсиӊ, менин кызымдын турмушуна кийлигишип? – деди тигил аялдын сөзүнөн улам жанданып калган Айгеримдин атасы.

- Билесизби, сизди көрүп, мен азыр өз атама абдан ыраазымын. “Мен бар эч нерседен коркпо!” деп айтат мага дайым. Эмне болбосун атамдын мени коргорун билем. Сизге айтар башка сөзүм жок! – деди Ралия окуучусунун атасынын көзүнө тике карап. Ичинен ушунчалык ыза болуп турганын билгизбеди. Эгер ага жакын келсе тулку бою титиреп жатканы байкалат болчу. Ошондо да кубаттанып: - Кызды калоосуна каршы кармап жатканыӊарды милицияга билдирем. Ала качуу салт эмес, кылмыш экенин силер ошондо түшүнөсүӊөр!

- Кой кызым! Катуу кетпе, – деди дагы бирөө ортодон сөзгө аралашып.

Элдин арасынан бери басып келгенде улгайган кемпир көрүндү. Жоолугун бирин ичинен, экинчисин сыртынан оронуп, жашыл калыӊ чыптамадан ылдый жалтырак көйнөгү көрүнгөн кемпир таяк кармап турду.

– Сени өйдө жактагы Ажыбайдын чөбөрөсү болот деп уктук. Мен бала кезекте көрүп калгам ал кишини, кошуна турчук. Курч мүнөз адам болчу. Сен ошо атаӊдын чоӊ атасын тартсаӊ керек. Бирок эми жаш кызга андай мүнөз жарашпайт, бир аз ийкемдүү бол кызым. Кызды алдык, бардык нерсесин салт-санаасы менен аткарабыз, сүт акысын, калыӊын төлөйбүз. Тууган-туушканды келин көргүлө деп чакырып койдук. Уят болобуз. Сен андан көрө тойдо конок бол, элге аралаш. Милисаӊды чакырып тополоӊ кыла көрбө, өзүӊдүн ата-бабаӊдын атын уятка калтырба. Баланчанын чөбөрөсү минтиптир дегенден алыс бол кызым, сөздү ук.

- Кечиресиз, апа. Силер адамды эркине каршы кармап жатасыӊар, мен Айгеримди алып кетем! – деди Ралия өзүнө ишенимдүү.

Эжекесин аны таштап кетип бара жатат деп ойлогон Айгерим сыртка чуркап чыгайын дегенде босогодон күйөөсү аталган ак калпакчан бала билегинен ала ары сүйрөдү. Жеӊелери да жардам бере кызды артынан түртүп жатышты. Кыздын “Эжеке, мени калтырбаӊыз! Мен сиз менен кетем!” дегени гана угулду. Улам эжекелеп кыйкырган Айгеримдин мугалимге гана ишеничи калган эле... Мындайга чыдабаган Ралия шашыла дарбазадан ары чыгып кетти. Калган эл, кошуна-колоӊ уу-дуу түшүштү. Ошондо да боорсок жасаганы казандын башында, кой сойгону үйдүн артында өз иштерин уланта беришти. Ары жакта кобурашкан  топ келиндер ким суу куюп, кимиси иче-карын тазалай турганын бөлүшүп, бирөөсү чай куйса, экинчиси идиш жууп, тамак асмай болушту.

*     *     *

Эки саатка жетип жетпей Ралия милиция кызматкерлери менен кирип келди. Кеч кирерге аз калган. Эркек аттуулардын баары кол алышып учурашып өткүлө деп күйпөлөктөп калышты. Эми күч менен келгенин сезди Ралия. Бирок тегеректеги адамдардын көз карашы жанагындан башкача эле. Ралия аларга көӊүл бурбай чындык үчүн чарпынып, эӊ негизкиси акыйкат орношун каалады. Милиционерлер күбөлүктөрүн көрсөтүп, өздөрүн тааныштырышты. Антпесе да аларды жүздөрүнөн бул жакта көбү тааныйт болчу. Милиционерлерге стол, отургучу менен орун даярдап, улуу-кичүүсүнүн бары тегеректеп калышты. Бирөөсү кагаз, калем сабын алып чыкты. Экинчиси сөзүн баштады:

- Урматтуу туугандар, ала качуу боюнча арыз түштү. Арызда 18 жашар Алиева Айгеримди 26 жаштагы Майрамбек аттуу жаран ала качканы жана жаш кызды эркине каршы бул жакта кармап жатканы жазылган.

- Майрамбек менин уулум. Ушу көзүмдүн тирүүсүндө кичүү баламды үйлөндүрүп коёюн деп бүгүн келин алганбыз. Экөө бир аз убакыт сүйлөшкөн экен, анан ала качты делип алып келдик. Болбосо ата-энеси менен сүйлөшүлгөн, – деди уста Жээнбек.

- Демек кызды сүйлөшүп алдыӊар? – милиция кызматкеринин суроосуна “Ооба!” дешти.

- Эмнеге мынча калп айтасыӊар?! –  Ралия таӊ калды.

- Эмнеге калп айтат элек! Эки жаш сүйлөштү. Сен өзүӊ жаӊы шаардан келип алып, барын чаташтырба. Жаш кыздын оюн бузган сенсиӊ! Ооба, сенсиӊ! Эки жаш бактылуу болсун дегендин ордуна, турасыӊ тойго тоскол кылып. Ой, мунун ичи күйүп жатат окуучусу турмуш куруп жатканына! Өзү отузга чыгып башы бош тура! - деп тургандардын бары бирден болсо да Ралияга жабыла сүйлөп бири-биринин сөзүн кубатташты.

- Тынчтангыла! Протокол түзүп жатабыз. Сабырдуу болуӊуздар. Кыздын ата-энеси бул жакта турбайбы, чакыргыла.

- Биз ата-энеси, – дешти элдин артынан чыга келишкен эркек, аял.

- Бул жакка отуруӊуздар, – деди милиция кызматкери тушун көрсөтүп. – Кызыӊарды күч колдонуу менен алып келиштиби же макулдашылганбы?

- Тааныдык сени балам, Элмирбектин тун уулусуӊ го Бакыт деген, - деп сөз баштады Айгеримдин атасы.

- Ооба...

- Ишиӊди аткарып жатасыӊ, түшүнөм. Кызыбызды ала качып алышты, анысы чын. Бирок сүйлөшүлгөн боюнча.

- Ошондо сиз дароо тойго келдиӊизби?! –  Ралия ортодон кошулду.

- Барын тактайбыз чоӊ кыз, тынч  туруӊуз, – деди да, кайрадан Айгеримдин атасын карады милиционер. - Бул жакта аксакал, кыздын ата-энеси менен сүйлөшүлгөн деп жатат. Өз ара ата-энелер сүйлөшүп бердиӊерби же кызыӊар өз макулдугу менен келдиби?

- Эми кызыбыз макул болгондуктан, биз каршы болбодук. Кудаларга эч бир дооматыбыз жок.

- Ушундай да болобу?! Өз кызыӊарды, өгөй кыздай чандыӊар го, тобо! Жоопту Айгеримден угалы. Ал өзү айтып берсин кантип алып келгендерин! – деди Ралия.

Кыздын жообу Майрамбектин тагдырын чечет болчу. Айрыкча анын ата-энесинде коркуу пайда болду. Отузга чыга элек чырактай баласы түрмөгө түшкөнүн элестетип жибердиби...

- Сен дагы уулум, үйлөн. Бала-чакалуу бол! Жакшы кызга жолук, тили кыска. Отуздан ашып калдыӊбы? – деди Айгеримдин атасы сөздү башкага буруп. “Катуу” сүйлөгөн мугалим кызга да сөз тийиштирип өтөйүн деген ойдо.

- Аштык, аштык! Буйруса дейли! – деп кыздын атасына жооп берген соӊ, - чакыргылачы кызды! – деди Бакыт. Турган эл бирин-бири карашканча, Ралия өзү бармакчы болду.

- Балабыз жубайын өзү чакырып келсин, – деди Ралиянын алдынан жеӊелеринин бири тосуп.

Айгеримдин “эри” аталайын деп жаткан жигит сырттан үйүнө кирди. Ралияга аларды көпкө күткөндөй сезилди. Анын чыдамы чыгып үй тарапты көздөй кадам шилтегенде кол алышып “эки жаш” үйдөн чыгышты. Айгеримдин кийими алмашып, жана Ралия жерге таштаган ак жоолугу башында экен. Бери басып келгиче көгүш өӊдөгү узун көйнөгүнүн этеги жеӊил шамалга желпинди. Ал көгүш көйнөгү менен ак жоолугу кыздын чырайына жакшынакай жарашып турду. Бардыгын даярдап коюшканбы – бутуна сүйрөп алган кыздын жаӊы көлөчү жалтырап дароо байкалды. Бирок кыздын  титиреп жатканы колдорунан билинди. Ар бир кадамын араӊ шилтеп милициянын алдына келди. Көзүнө жашы толгон Айгерим биринчи эжекесин карады. Башын жерге түшүргөндө жаштары томолоно ылдый кулады.

- Айгерим, сага бир-эки сурообуз бар, так жооп бер макулбу? Майрамбек сенин жигитиӊби? Экөөӊөр сүйлөшүп баш кошуп жатасыӊарбы? Же тааныбайсыӊбы? Эркиӊе каршы ала качып алып келдиби?

Бардыгы Айгеримдин жообун күтүп жымжырт. Дароо жооп бере койгон жок кыз. Баягы бойдон жер тиктеп, титиреп жатты. Жүрөгү катуу дүкүлдөдү. Анан:

- Ооба, – деди кыска гана. Эмнеге “ооба” дегенин эч кимиси түшүнбөй калды.

- Айгерим, бизге толук кандуу жооп беришиӊ керек, – деди кайра Бакыт. Ралия кыздын жанына барып эки колунан алды:

- Айгерим, бери кара, эч нерседен коркпо! Мен жаныӊдамын. Чыныңды айт. Милиция келди, сенин укугуӊду коргойт. Сага күч колдонгондор, мыйзам алдында жооп берет. Коркпо! – деди.

Мугалимдин назик, жумшак колдорунан ушунчалык жылуулук келди кызга. Мээримин сезди. “Ар дайым максатыӊа умтул. Сенин кыялдарыӊ орундалат, мен сага ишенем” деген сөздөрү оюна келип, ыраазычылык билдиргендей өзү да эжекесинин колдорунан бекем кысты. Анан апасын карады эмнегедир. Апасынын сөздөрү да кулагына бир ирет илинип өтсө керек. Кайрадан көзүн ылдый кылды. Үйдөн ээрчитип чыккан бала тарапты карагысы да келген жок. Бирок Майрамбектин көз карашы дал өзүнө тигилгенин сезип турду. Анан эжесинин колун дароо коё берди:

- Мен... өз каалоом менен келдим бул жакка. Биз сүйлөшкөнбүз...

Майрамбек ээрчитип келердин алдында кулагына шыбыраган бир гана сүйлөмү себеп болду кыздын чечимине. “Азыр чыгып милицияга мени тааныбайм, макулдашпадык десеӊ, досторума айтам, жакшы көргөн эжекеӊди чогулуп зордуктап кетишет” деген эле.

- Ай-герим... – дегенден башка эч нерсе айта албаган Ралия нес болуп туруп калды.

Анын алдынан жер кетип, башы тегеренди. Айгеримдин жоолук салып, кийимин алмаштырып чыкканында эле кеп бар болчу. Айланадагылар эмне ызы-чуу болуп, Ралияга эмне сүйлөп жатышканын түшүнгөн жок. Созулган ышкырык сыяктуу үн угулуп кулагы тунду. Бири ар жакта күлүп, бири эмне деп анын көз алдына сөөмөй такап жатканын деле билбеди. Эптеп бутун шилтеп, ошол нес болгон абалы менен дарбазадан ары чыгып  кетип бара жатты. Көп өтпөй жанагы милиция балдардын унаасы Ралиянын жанынан токтоду.

- Чоӊ кыз, үйүӊө жеткирип коёлу, – деди Элмирбектин тун уулу делген Бакыт аттуу бала автоунаанын эшиги ачып. Ралия жооп бербеди. Бакыт автоунааны алдыраак айдап, түштү дагы жакын басып барып... - Кеч кирип калды, бир аз убакыттан кийин караӊгы түшөт. Асман бүркөлүп жаан жааган турат, суу болосуӊ. Жаанга калтырбай жеткирип коёлу, – деди.

- Эгер адам баласы бир-бирине кайдыгер болсо, адамдыгын жоготот. Сиз ушинтип ойлойсузбу? – деди Ралия жашын агызбай кармап...

Жооп болбоду. Мелт-мелт жашы аккан кыз андан ары жолуна түштү. Ралиянын суроосу күтүүсүз, ойго салчу суроо эле Бакыт үчүн. Кыздан алыстаганда айылдын боз-ала чаӊын сапырып катуу айдап кетип бара жатты ал. Ралия болсо дагы канча басканын, Айгерим калган үйдөн канчалык узаганын билбейт. Бүтүндөй оюн окуучусу ээлеп алган. Бул күн Айгеримдин гана эмес өзүнүн жашоосун, көз карашын кошо өзгөрткөн күн болду. Көкүрөгүнө муӊ, көздөрүнө жаш толду. Жаш кызга бош үмүт бергенине, кур кыялга ишендиргенине күнөөлүү сезди өзүн. Болбосо өзү дагы ал кыялдардан үмүтүн өчүргөн эмес.

Аӊгыча дуу келип Ралиянын жанына токтогон автоунаадан эки бала чыгып күчкө салып отургузушту. Караӊгы кирип калган. Алар жол боюндагы футбол ойноочу талаага токтотуп, кызды кошо тартып чыгарышты. Тааланын ортосуна түртүп барып, үчөө теӊ кызды айланып  “Ии, сүйлө эми! Бул тилин жутуп алганбы? Эртеден бери кыйын эмес белеӊ! Эмне болду?” – дешти биринен сала бири. Көздөрү алаӊдап, тегеренип баскан үчөөнү алмак-салмак карап жүрөгү түштү Ралиянын. Андан бетер ал үчөө айланып-тегеренип, бири ары-бери басып ийни менен түртүп, каткырып, шылдыӊдап жатышты. Дагы түрткөндө Ралия жыгылды, байланган чачтары бошоп жер таянып отуруп калды. Башын өйдө көтөрбөдү. Мойну ылдый шылкыйган бойдон, ушуну менен күнү бүткөндөй сезилди. Колуна майда таш мыкчып өзүн коргоюн деди. Ошондо да ал  жардамга муктаж жанга айланды. Улам бир ою эки ойго алмашып, коркуп турган кезде бир атчан бала чаӊдатып келип, кызуу болгон балдардын бирөөсүнө камчы салды.  

- Тарагыла! – деди жоон үнү менен.

Топурашып чуркаган бойдон үчөө теӊ автоунаага отурган боюнча кетип калышты. Ат үстүндө отурган жигит өйдө тартып алайын деп кызга колун сунду.

– Жана автоунаа менен жеткирейин десем болбой койдуӊ өзүӊ! – деди. Көрсө атчан, жанагы Бакыт деген милиционер экен.

Мүдүрүлө чуркап качкандарына караганда үчөө теӊ дароо аны таанышкан. Көӊүлү тынч албай кайрадан кайтып келгенине Бакыт сүйүндү. Ал жерге түшүп, жаан тамчылап баштагандыктан плащын чечип кыздын үстүнө жапты. Мурун антип атка отуруп көрбөгөн кыз кол узаткандан корккон чыгар.

– Кайдыгер эмес экенминби?! – деди кызга атка отурганга жардам берип жатып мыйыгынан жылмая. Кыз үӊүлдөп ыйлап кирди.

- Кантип? Кантип ата-эне өзүнүн чүрпөсүн бейтааныш адамдардын үйүнө таштайт? Мен түшүнбөйм! Эмнеге өзүнүн уят-сыйын кызынын жашоосунан жогору коёт? Бул кантип болсун! Алардын өзүмчүлдүгү тирүүлөй жаш баланы кузгундарга таштаганга барабар. Бир күндүн ичинде адамдын тагдырын өзгөртүштү. Бир күндүн ичинде жылдап эӊсеген кыялдарын бузушту, өсө турган кызды аӊга түртүштү, укугун тебелешти... Тандоого мүмкүнчүлүк беришпеди. Алдым-бердим, буюм катары...  Абийир үчүн курмандыкка чалды... Адамды... Мен түшүнбөйм, – деп Ралия бирде айылдагы тургундарды айтып, бирде Айгеримдин ата-энесине нааразы болуп, кыздын тагдырына зээни кейип бара жатты...

- Андай Айгеримдер толтура! – деди атты жетелеп келген Бакыт кыздын үйүнүн алдына жеткенде гана үн катып. Кызды аттан түшүрдү.

- Толтура?! Демек, силер барын билип туруп кызды таштадыӊар? Түшүнмөксөнгө салдыӊар! Экөөӊөр теӊ анын укугун коргогон жоксуӊар, - деп жини келген Ралия болгон күчү менен Бакытты көкүрөккө түрттү.

- Бардыгы макулдаштык деп жатса, биз эмне кыла алабыз?

- Туура, эмне кыла аласыӊар? Бүгүнкүдөй кайдыгер карап өтүп кеткенден башка эмне кылат элеӊер?!

- Сен бир күндө адамдардын аӊ-сезимин өзгөртөм деп жатасыӊбы? – деди жана түртүлгөн Бакыт эми гана алдыга кадам шилтеп.

- А сен?.. Сен “толтура Айгеримдин” ичинен бирөөсүнө жардам бердиӊби? – деди экөөнү көздөрү бири-бирине кагылышып.

- Сен эмнени билесиӊ бул жакта? Шаарыӊа кет! – деди үнүн бийиктетип. Бирок “кет” деп кызды коргогусу келип айтканы болчу. Эртеси ал тууралуу айылга тарачу сөздөрдү уккандан сактагысы келди.

- Болдубу?!

- Болду! – деп кесе айткан Бакыт жини менен басып кетип бара жаткан Ралияга, - Плащымды бергиӊ келбей элеби?! – деди артынан. Ралия шашыла плащты чечти да, артка басып келип Бакыттын колуна шак этип карматып үйүнө кирип кетти. Бакыт мындай шаӊ-шуӊ жүргөн ачык-айрым мүнөзүн жактырып жылмайынкы карап,  бир топко чейин үйүнүн алдында турду.

Таӊ атканча уктаган жок кыз. Күн чыгары менен кийимин чогултуп,  чемоданын сүйрөп мектепке барды. Даярдап алган арызы менен үй ачкычын күзөтчүгө таштап жолго түштү. Эч кимге эч нерсе түшүндүргүсү келген жок. Көӊүлү түшүп, айла жок айылы менен коштошууга туура келди. “Кичи мекеним деп келгем сага айылым. Кетип бара жатам эми. Жан дүйнөмдүн жарасы айыкмайынча кайра келе албайм. Кош бол!” деди Ралия ичинен чемоданын шопур алып автобустун астына салганча.

Айылынын абасынан бир дем тартып автобустун эӊ артына барып отурду. Эл толгон соӊ автобус ордунан жылды. Терезени карап кетип бара жаткан Ралия айылынын тоолоруна, шар аккан суусуна, бак-дарактарына суктанып бара жатты. Артын карап жолуна көз салганда алыста калып бара жаткан кечээки атчан жигитти байкады...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз