Конкурска: Алып койгон Кудай кулакты (№56)

АЛА-ТОО, СЕН СУУ БЕРБЕСЕҢ

Кыргызстан Жаннаттан эч кем эмес,
Кыргызстанды - Мәккә! - дечү мен эмес.
- Асман чийет учу! - дешет, гырт жалган,
Ала-Тоого тең келе албайт Эверес.

Жылгаңды эмес, жүрөгүмдү аралап,
жылдыз жууган дайраларың шар агат.
Баарыбызга тунуктукту үйрөткөн
булактар бүт сенде туулат, жаралат.

Сен Ала-Тоо, талааларга энесиң,
суу - сүтүңдү берип багып келесиң.
Акысына сен эч нерсе албайсың,
ай-ааламга маалим жоомарт экениң.

Сен суу бербей койсоң жазда, жай ченде,
сай, түз, шаары айланып чөл, таш жерге,
Казакстан, Өзбекстан жок болот,-
казак, өзбек сага карыз ар кезде.

Бул жер шары тегиз эмес экенин
бийик туруп эске сала бересиң.
Сенде жашап жакын жүрөм күн, айга,
сени жерге бүткөн бейиш сеземин.             

АЛА-ТООГО  БУЛУТТАРДЫН  БААРЫ  АШЫК

...Тоолору жок түздүктөрдөн чочулап,
түпсүз, ыраак мейкиндерден жол улап,
желдин нугун жакшы билген булуттар
желип келип Ала-Тоого конушат.

- Эх, бир барсам деп эртеби, кечтеби! -
эңсей берген мусулмандай Меккени,
Ала-Тоого ааламдын ар жагынан
анык булут бүткөндүн бир келмеги.

Эрте-кечте, жазда, күздө, жайдабы,
эмчеги ийип эмизип зоо, асканы,
жер шарынын булуттары жел минип
жетип келет каканагын жарганы. 

Көзүм чалса кубанычым жоголуп,
коркунучтан кетет жүзүм бозоруп.
Кыргызстан четтен алган карыздай,
кар, муз жатат чокуларда очоюп.

Чарбылардай чачкын тартып арыда,
чаар булуттар келатышат дагы да...
...Бал аарылар бал жыйнаган сыяктуу
бул Ала-Тоо булут жыйнайт башына.

ЭНЕ ТИЛ

(СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окуткан агайым, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул ИШЕКЕЕВге арналат).

Кейибеймин пайдасы бир тийбесе,
кийим, оокат, пулга муктаж эмесмин.
Эгер уулум эне тилин билбесе,
эч убакта аны - Балам! - дебеймин.

Көралбастын,  дос-туугандын алдында,
кубандырбайт кымкаптан тон жапканы.
Кызым эне тилин унут калтырса,
кечип таштайм балалыктан анда аны.

Эч теңи жок энемдин бул белегин
эгерим мен Курандан кем санабайм.
Улут тилин чанса неберелерим,
Урпагым деп өппөйм, бетин карабайм.

Эстүү жандар тыюуларга ынабай,  
эне тилде сүйлөп, жазып, ыр ырдайт.
Эне тилдин асабасы кулабай,
элдин туусу эч убакта жыгылбайт.

ПЕРИШТЕЛҮҮЛӨР                    

Бул кемпир-чал жашап коюшту,
бир кылымга жакын убакты.
Айткан сөздү укпас болушту,
алып койгон Кудай кулакты.

Шуудуратып мурда түн ичин,
шайын алчу төшөк, көрпөнүн.
Көздөр менен айтып сүйүүсүн
жаштай сезет дале өздөрүн.

Бирин-бири коштойт сүйлөсө,
бир боорсокту дагы бөлүп жейт. 
Бул дүйнөдөн аркы дүйнөгө,
бир-бирисиз кетчү көрүнбөйт.

Сизиң-бизиң менен күн көрүп,
сүрүп келет өмүрдү ынтымак.
Кабак-кашы койбойт бүркөлүп,
күлөт бирин-бири чымчылап.

Бирге тосуп жылдын эченин,
бирге барат окшойт Бейишке.
Жетимиш беш жылдап экөөнүн
желкесинен түшпөйт периште…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз