Бегайым Нурлан кызы: Адамдагы адамдыкка ачкалык

Зайырбек атындагы адабий конкурска

СЫРДАШУУ

Узун көчө... уйкулуу көз... шам чырак...
Мен көчөгө, көчө мага баш багып.
Терезенин ичи ичимди камчылап,
Терезенин сырты мага жапжарык.

Ушул көчө... караңгы түн... караан жок...
Улгайышты сага ийилген дарактар.
Көөдөнүңдө балким мендей жараң көп,
Көздөрүңө балким бакыт жарашпайт.

Ызгаар, муз-кар, бороон-чапкын, тирүүлүк,
Сага сырттан, мага ичтен салып чуу.
Баары үстүңдө бет каптарын кийинип,
Баарын күндө сүйрөп жөнөйт жан ышкы.

Түркүн жүрөк... түркүн дүйнө... түркүн үй...
Түркүн өмүр... ката... капа... айып... так.
Жалпыбызга бирдей, бирге бүркүп ый,
Жапыздыктын бийиктигин аныктайт.

А бул көчө... тепсеп жаман-жакшылар –
Адамдагы адамдыкка ачкалык.
Таламымды талашасың, аттиң ай,
Таманымда жамалыңдан жаш тамып...

Узун көчө... уйкулуу көз... шам чырак...
Мен көчөгө, көчө мага баш багып...

КАТ

Сени тагдыр, мени турмуш сындырып,
Сезим издеп, бакыт издеп, сый издеп...
Өзүңдү өзүң өмүргө араң  сыйдырып,
Өзүңө өзүң таппай калсаң дурус кеп.

“Ал ким?” дээрсиң, түмөн суроо, миң күмөн,
Көзүң сырлуу, ичте, балким, ый агат.
Ал- күмөндүк, ажыратып күлкүмөн
Актыгыма кылып кеткен кыянат.

Сендей эмес асман сыңар, күн сыңар,
Сендей эркин, сендей баркын билбегем.
Ал болгону көөдөнүнөн ыр чубап,
Анын ысык саптарында кирдегем.

Түшүнөөрсүң түйшүгүмдү, муңумду,
Түнөгүңдө түтөп жатса жаштыгым.
Түзөй карма Жараткандын сыйын бу,
Түбөлүгү татаал дешет жакшынын.

Көтөрө албай тагдырыңдын шарт, өңүн,
Көрүп жүрөм, ансыз деле  жүзүңдө өрт.
Ыйлаак көңүл, ырбаак жүрөк, кантейин,
Ырлар бакыт эместигин түшүнбөйт.

Ыркыбызды сынаса да кантейин,
Ырлар бакыт эместигин түшүнбөйт!..

КУСАМАТ

Тагдырың үчүндүр кээде мен,
Жарлыгын жандабай турмуштун,
Жарыксыз күндөргө термелем,
Жамгырдай көнөктөйт "бир муштум".

Сен неге катасыз, жазыксыз,
Сезимсиз, бакытсыз өңдөнүп?
Жадыңдан жадыма ташып муз,
жаңырдың, жаңылдың, өлбөдүң?!.

Сен неге, жүзүң муң, ичиңде өрт,
Сендирек дүйнөңдү жашырдың?
Баарысы махабат үчүн деп,
Дарысыз кусага баш урдуң?!.

Туруксуз, тууруң сыз, жан айла,
Тутанган дүйнөңө күч чылым.
Көргүм бар, көңүлүм аяйм да,
Көмгүм бар бүт сырың, бүттү ырым.

Ичте уюп... ичкилик... анан да,
Издебе, бүттү ырым, бүт сырым...

ДЕҢИЗ

Көр дүйнөдө көздөр буулуп, сөз муунуп,
Көптөр жөнөйт күндү утурлай батканы.
Көңүлүмө окшоштурам негедир
Көлөкөмдүн тебеленип жатканын.

Балалыктын баёолугун басып чаң,
Баарын турмуш өкчөп жатат тымызын.
Ойлорумда оюн салган бакыт бар,
Ошол кезден калган үчүн бир үзүм.

Балким, бешик терметпеймин эч качан,
Балким,  ырлар жазбай калам өкүттүү.
Келечекте болор баары деп жашап,
Келечексиз канча жандар өтүштү...

Мүмкүн менин мүрзөмдү да каптап ыр,
Мүнөзүмдөн табаттырмын жакшылык.
Ыңаалаймын ичтен үнсүз жаштарым,
Ыйдын жүзүн чүмкөй берип каткырык.

Сезим үйгөн доомат сындуу унутмай,
Деңиз дүйнөм, тереңинде кең санаа.
Сага болгон мээрим мени улуктаар,
Ага болгон сүйүүм мени жеңсе да.

Мезгил – дабаа, мени бир күн улуктаар...

МЕЛАНХОЛИЯ[1]

Жыкжыйма эл... көзгө урунчу көнүмүш.
Жыртык кийимин кымтыланган, ыйбаалуу
адам эле кайраты күч, деми күч,
аял эле, куруп калсын бул жагы!
Же тагдырдын, же жакшы ырдын курманы...

... апам эле, ичинде бук жыйналуу,
Көйнөгү тар, көөдөнү ыйык, жаны ыйык.
Атам өпкөн наристе жүз кыйла жыл
атаны өппөй калганына таарынып,
жамалына жаткан жаны агылып...

Максат, кыял, өнөр өргө чаптырып,
Маңызымда кайнап турса күнү-түн.
Көз ачкандан көр дүйнөгө башты уруп,
Көмүскөдө жайлап барат жүрүшүм,
Турмуш бербей апакемдин сүйүүсүн...

Эгем, сыйлуум, билбейм, кандай жөрөлгө?
Энем сындуу эрким бошоң, санаа сан.
Мекен кылчу топурактуу дөбөм да,
Энекемдин курсагындай, карасаң...
Ал да балким, толо мээрим, толо шаң...

Кышта келген ырлуу жүрөк, сөз дене,
Кыңылдаган бешик ыры  демге дем.
Кардай аппак, тунук болсун дешчү эле,
А мен кардай муздак болгум келбеген,
А мен кыштай ызгаар болгум келбеген...

[1] Меланхолия – адамдын төрт темпераментинин бири, депрессиянын түрү катары сыпатталат.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз