Александр Куприн: Тебеленген гүл жөнүндөгү жомок (конкурска №1)

Сары хризаменталарга арнайм

I

Кайсыл бир падышачылыкта да эмес, ошондой эле кайсыл бир мамлекетте да эмес, а менин кыялымда бир жолу татынакай сулуу кыз жашады.

II

Анын өзгөчө татынакайлыгынын себеби, ал өзүнүн татынакайлыгын сезбегендигинде эле. Ал тал чыбыктай буралган келишимдүү, назик жана наристедей баёолугу менен кишини өзүнө сыйкырлап алып, өзүнө тартып турчу. Ал бардык нерселерге мээримин чача туран: гүлдөргө, айбанаттарга, балыктарга, ата-бабаларына, адамдардын катачылыктары менен кемчиликтерине баардыгына бирдей жылуу мамиле жасачу. Бул ага анчалык деле кыйынчылык келтирчү эмес.

III

Ар бир жомокто каармандын сырткы келбетин сүрөттөп берүү керек эмеспи, ошондуктан, ардактуу окурманым, биз экөөбүз да бул ишти жасап көрөлүк.

Анда эмесе элестетип көрүңүз: Көлөкө жерде багылса да, ден-соолугу чың. Жүзү бир аз кубарып турса да, чарчоонун изи да жок. Кыймылы эркин жана ыкчам.

Кыздын уялчаак буттары. Жарык жана сүйкүмдүү маңдайы. Анан ушунчалык адамды суктандырган эриндери. О, кандай гана бакыт!

Бир аз бүкүрөйүп жүрөт, бирок анысы да өзүнчө бир керемет. Кысылбай өзүн эркин кармайт. Оозу менен тиштериндеги бир аз айыбы да өзүнө жарашыктуу. Бирок андагы бардыгынан жакшысы – бул анын күндөн жарык чыккан сыяктуу эле, эч кысталбай чыгып турган эркелиги...

IV

Кийинки сүрөт.

Чимирилген вальс. Causerie.1 Англис печеньеси.

Жиптен согулган мээлей кийишкен эки лакей.

Прокатка алынган тропикалык өсүмдүктөрдөн жасалган шаты...

Мына, эми ал пайда болду.

Албетте, ал бир жерде кызмат кылат.

Тегизделип кыркылган чач, серпилген жарашыктуу мурут, кыздын колунан назик өбө билүү. Керектүү адамдар менен байланышта болуу. Форма кийүү, башкача айтканда чекесинде, топчуларында, артында жана алдында тагылган – кандайдыр бир бүркүттүн, балтанын, жылдыздардын элестери түшүрүлгөн белгилери бар кийимдерди кийүү. Кыскасы, ал бир жерде кызмат кылат.

V

Бул эң кыска бап.

Үйлөнүү, туугандардын токтобогон күбүр-шыбырлары. Чет элге саякатка чыгуу...

Окуянын андан ары кандай өңүттө уланышын окуучулар өз кыял чабытына жараша улап алат же аты эч качан өчпөй турган улуу жазуучу Тургеневдин чыгармаларынан окуп алышса болот деп ойлойм.

VI

Бул адам аны бир нече жолу боюна бүтүрдү. Анын болгон сулуулугу менен ден-соолугун бат-бат болуп турган төрөттөр менен талкалап салды.

Ал аны ашпозчуга айлантты, майда-барат ушак-айыңдарды таратуучулардын арасына кошту, кыжың-кужуң уруш-кериштерге аралаштырды, өзү иштеген ишканадагы жалаа-чагымдары, соттошуулары менен анын жан-дүйнөсүн булгады.

VII

Окуянын аягы жакындап калды. Ал өлүп жаны тынды.

Жыл айланбай ал башка аялга үйлөндү. Бир жарым жылдан кийин ал анын элесин да эстей албай калды. Кадырман окуучум, эми баягы жыпарын чачкан гүлдөн эч нерсе калган жок, биз бул кубулма, өзгөрүлмө турмуш жөнүндө аңгемеге ушуну менен чекит койсок болмок.

VIII

Жок. Дагы бир айта турган нерсе бар.

Бир жолу кыштын күүгүм кечтеринин биринде ал роялга олтуруп... эриккенинен... жөн гана... анын кара клавишаларынан муңдуу обондун ноталарын терген.

Балким, ошондо анын бул дүйнөдө бар экенине да назарын салбаган, үйүнө боор оруп киргизип койгон бир акын адам, анын колдоруна суктана караган.

Бул жаркырап, нурун чачкан керемет колдор эле. Кайсы гана аял болбосун, эч нерседен уялып, тартынбай бүт дүйнөгө мактанып көргөзө алаар өзгөчө колдор болчу!

IX

Андан бери жүз жылга чамалаган жылдар өттү.

Анын ата-энеси да, жип мээлей кийген лакейлери да өлгөндөрүнө, жыпар жыттуу гүлдөр бөтөн буттардын тебелендисинде калып соолуп жок болгонуна да көп болду; кайсы бир ченди алып, кимдир-бирөөнүн кеңешчиси болуп жүрүп биздин аңгемебиздин каарманы да бул дүйнөдөн өттү.

Бирок эгерде, акын кааласа, ал ошол керемет сулуулуктун элесин гана эмес, бирөөнүн күүгүмдө кара клавишаларды терген татынакай колдоруна да өлбөстүктү белек кылып бере алмак.

Р. S. Бул аңгеме эң чоң азап жана эң чоң рахат – бул биздин ой жүгүртүүбүз экендигин түшүнгөндөр үчүн жазылды.

1910

Орусчадан оодарылды

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз