Шүкүрбек кызы Саипжамал: Дүйшөндөй мугалим болгум келет

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна

Эң акыркы жымыңдаган Чолпон жылдыз тарап, таң агарды. Короздор кыйкырып, айыл ойгонууда. Кыш абасы – эшик суук, жер тоң, кар жок болгону менен чилде али чыга элек. Айылдарды экиге бөлүп турган дарыя буусу асманга тарап, баягы эле калыбында жай агууда. Жер жарыгандан соң балдардын иши баягы эле, мектепке бармай. Дем алыш күндөрү болбосо, күндө эрте менен окуучулар жолдо кадам кыскартып, мектепке шерик шериги менен кобурашып-шыбырашып келе жатышат. Мен да алардын арасында колума китеп кармап, жол кыскартып, билим уяма карай кадам шилтеп бара жатып, айланага көз чаптырдым. Мен бара жаткан узун жол бою бири-биринен ашкан бийик теректер. Кыш да болсо алардын астынан, арыкта бир билек суу кубалашып агып жатат. Сыягы тынбай агып жатканына караганда, тоңгон эместей. Айыл ичинде кар эрип, бопбоз жер өзү калды. А бирок, төрт тарабыбызды курчаган ыйык тоолордо жайдын ысыгы болмоюн, кар али эричүдөй эмес. Ушул теректерди, бийик тоолорду эстегенде Дүйшөндүн айылы көз алдыма ички туюмум аркылуу тартылды. А баса, биздин дарыядай эле алардын сайында да суу акчу эмес беле.

Биздин мектеп тоолордун койнунда, Исфайрам дарыясынын алдында 200 окуучуга ылыйыкташкан чакан мектеп. Мектеп кичине болгону менен айылдын балдарына билимин берүүдө.

Мен бул нерсени айтуу менен Чыңгыз атабыздын “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөндүн мектеби көз алдыма келди.

Кыйынчылыкты көрбөй туруп, бакытка жетпейсиң дегендей эле, Дүйшөн тарбиялаган балдардын тагдыры да ушул сыяктуу. Алтынайды канча коргоду, окутту, билимин берди. Ал өзү деле көп эч нерсени билбесе да, билгенин үйрөттү. Мен ушул Дүйшөндөн чоң сабак алдым. Анын балдарды окутууда өз жанын карч уруп, суукка чыдап, ата-энелердин сөздөрүн көтөрө билгени мага аябай чоң таасир калтырды.

Кыштын суугунда муздак сууну кечип, дарыяга көпүрө курганын элестетип жатып, денем чыйрыга түштү. Азыркы убакка салыштыра турган болсок, эч ким мынчалык түйшөлбөсө керек. Жада калса муздак сууга кол жуугубуз келбейт. Албетте, башка түшсө байтал жорго болот деген менен Дүйшөндөй болуу оңой эмес. Болсо дагы миңден бирөө.

Ал эмне бир жайлуу, жылуу бөлмөдө сабак бердиби? Жок. Кайдагы бир атканада. Кышкысын жайында терген тезектерин, чогулткан самандарын жагып окутту. Биздегидей окуу курал жетиштүү болсо кана, жерге оюп, тактайга үйлөрүнөн алып келген көө чычала менен жазышкан. Ушунун баары ага керекпи? Жок, ага кымындай да кереги жок, бирок ал балдардын эртеңкисин ойлоду, ата-энелери ойлобогон келечекти ойлоду. Мына анын тазалыгын, мекенчилдигин айтпаса да айдан ачык эле байкалып турат.

Ал убакта айыл элдеринде окуу боюнча түшүнүк таптакыр болгон эмес, болсо дагы жүздөн бирөө. Балдары окууну үйрөнгүсү келсе дагы, билим алууну пайдасыз деп эсептешкен. Балдардын келечегине кайдыгер карабаганына, тайсалдабаганына, билгенин үйрөткөнүнө Дүйшөнгө ичимден ушунчалык ыраазы болдум. Эх, Дүйшөндөй талыкпаган мугалимдер жана да, билим алууга ынтызар болгон балдар, кыздар көп болсун.

Азыркы биз окуп жаткан чакта, балдардын окууга кызыгуусу начар, баары даяр нерсеге көнүп калган, аракет кылгылары келбейт. Бардык окуучулар эмес, бирок көпчүлүгү. Ушундай жаштарыбыз дегеле бардык адамдар Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин окуса же окуган болсо, билимдин кадырын, адамдардын кыйынчылык тарткандарын, сый-урматты айгинелеп биле алат. Бир эле “Биринчи мугалим” эмес, башка чыгармалары да эң сонун эң глобалдуу маселелерди козгоп, көтөрүп чыккан.

Дүйшөндүн окуучулары көп кыйынчылыктарды көрдү, бирок алар жакшылыктын жемишин тартты, анын ичинде абройлуу академик Алтынай. Менин оюм боюнча да ушундай такшалып, түйшүк тартпасаң, максатыңа жетүү оңой эмес, же болбосо оңой келген бакыттын кадыры жок.

Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин окугандан кийин өзүмө көптөгөн таалим-тарбияны, учкул сөздөрдү ала алдым. Мурдагыдан да мугалимдерди көбүрөөк сыйлаганды, кадырлай билгенди, убагында билимин алганды үйрөндүм.

Эч нерсени билбеген бир макулукка бүт нерсени багыттаган, үйрөткөн келечектин жаркын пардасын ачкан, асыл мугалимдер аман болсун. Келечекте мен да мугалим болом деген жакшы ой-максаттарым бар. Дүйшөндөй бар билгенимди окуучуларга, дегеле билимге суусаган жаштарга чын ыкласым менен аянбастан үйрөтсөм деп ниет кылам.

Эң күлүк ой дегендей – кыялдарга калкып, ойлорго чөмүлүп, жаратылышка суктана, жүрүп жаткан шамалдуу абадан кере-кере дем алып, билимге толгон, биздин экинчи үйүбүз болгон мектебиме да келип жеттим. Баягы эле калыбында аппак дубал, аппак айнектери менен балдарын кучак жая тосуп жаткандай сыяктанат.

Шүкүрбек кызы Саипжамал

Баткен областы Кадамжай району

Кереге-Таш айылы

№48 М. Таиров атындагы орто мектеби, 11-класс

Комментарий калтырыңыз