Балдар адабияты боюнча жаңы конкурс

Конкурстун аталышы: «Ою жатык, тили жетик муун үчүн».

«РухЭш» сайты Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган балдар адабиятын өнүктүрүү багытында жаңы конкурс жарыялайт!

Кыргыз тилдүү акын-жазуучулар арасында балдар адабиятын өнүктүрүү максатында уюшулган бул конкурс Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы аттуу Жарлыгына ылайык уюшулду.

Конкурстун шарттары:

Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат. Конкурска катышууга авторлордун жаш курагы чектелбейт жана балдарга арнап чыгарма жазууну каалаган баардык калемгерлер катыша алат. Эң башкысы: чыгармалар балдарга ынанымдуу, балдар ийкемдүү кабыл алаар тилде жазылууга тийиш!

Балдар үчүн жазылган жомок, аңгеме, ыр жана тамсил түрүндөгү чыгармалар ruhospurum@gmail.com дареги аркылуу конкурс жарыяланган күндөн тарта кабыл алынат. О.э. авторлор менен калыстар курамындагылардын аты-жөндөрү аталган конкурс жыйынтыкталган күнгө чейин эч жерде ачык жарыяланбайт!

Байге фонду – 110 000 миң сом

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун –30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 (жыйырма миң) сом

Эки орунга кызыктыруучу байге – 5000 (беш миң) сомдон.

Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 25-августуна чейин улантылат. Жеңүүчүлөрдүн байгесин тапшыруу аземи 2020-жылдын жаңы окуу жылына карата 1-сентябрь күнү тапшырылат.

«РухЭш» сайты келечекте ою жатык, тили жетик муунду тарбиялоо максатында аталган конкурска демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясына терең ыраазычылык билдирет! О.э. өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө гана басым жасабастан, келечек муунга көркөм-мураска калар улуттук адабиятыбыздын бүгүнкү абалына кайдыгер карабаган бизнес чөйрөсүндөгү мекенчил ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө жалпы улуттук адабияттын өкүлдөрүнүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

 

Конкурстук чыгармалар тизмеги:

1 Конкурка: Тилмеч козу (№1)

2. Конкурска: Жазгы таңда (№2) 

3. Конкурска: Түгөнбөгөн суроолор (№3) 

4. Конкурска: Кыргыз болом! (№4) 

5. Конкурска: Килем (№5) 6.

6. Конкурска: Каниет кылган – бактылуу (№6)

7. Конкурска: Келме кезек (№7)

8. Конкурска: Мышык (№8)

9. Конкурска: Эки дос (№9)

Комментарийлер (14)

  • - Жээнкулова Сайкал Эмилбековна

    Бул конкурс жакшы ойлоп табылган мага жакты

  • - Камчыбеков Омурбек

    Мага жакты катышам

  • - Камчыбеков Омурбек

    Мага жакты мен катышам

  • - Камчыбеков Омурбек

    Мага жакты мен катышам

  • - Камчыбеков Омурбек

    Мага жакты

  • - ДОРОНБЕКОВА АЙЖАН

    Эн жакшы экен

  • - Бейшеналы кызы Марина

    Саламатсыздарбы!!! Чыгарманы озунун ою боюнча бирок жогоруда айтылып кеткен конкурстук чыгармалар тизмегиндеги темаларга байланыштуу болуш керекби?

  • - Бексултанова Айдана

    Жакшы конкурс экен!!!Ушундай конкурсту коптон бери кутуп журдум эле.Мен катышам мага жакты!!!!!

  • - Күмүшай

    Бул жаңы конкурспу

  • - Кумушай

    Чыгармамды кантип жиберсем бөлот

  • - Адыраимоаа Айтбүбү Төлөковна

    Мен катышам баарыбызга ийгилик

  • - Туйгунова Чынара Абжалиловна

    Конкурска катышам

  • - Жаныбек ЖАНЫЗАК

    Бейшенаалы кызы Марина, "керекби" эмес, "керекПи" деп жазсаң дурус болот эле. Уңгу каткалаң менен бүтсө, мүчө каткалаң менен башталат ☺

  • - Акылай Азакеева

    Саламатсыздарбы? БИР жума мурун дарекке жибердим эле азыр чыкты го десем чыга элек экен эмнеге? Же келген жокпу?

Комментарий калтырыңыз