Ингуш эл жомогу: Ким күнөөлүү

Бейбаш бала бирөөнүн тоогун уурдап алып үйүнө келсе, атасы мактайт. Баласына мактоо да майдай жагат. Бир жыл өтпөй чоочун уйду айдап келет короого. Атасы огош бетер жерге-сууга тийгизбей мактайт. Жыл өткөн сайын уулунун уурулугу ашына берет. Көпкөн неме бир күнү аттуу-баштуу төрөнүн казынасын тоноордо колго түшөт.

Сот чечими чыгып, уурунун башы кетмек болот. Арийне, сот өлүм алдында ууруга акыркы сөзүн берет. Ошондо ууру:

– Тигинде уурулуктун кыныгын алдырган атам отурат! – дейт. – Мен уурулук кылган сайын мактап, убагында токтот дебеди эле. Менин күнөөм канча болсо, атамдыкы да ошончо. Эгер менин башымды чаба турган болсоңор, аныкын да чапкыла.

– Ушунун баары чынбы? – деп кызыгуусу арткан сот ишти териштире келсе, чын эле тигинин айтканы ырасталып чыгат. Ошондо сот:

– Аныгында, айыптын баары сенде эмес, атаңда турбайбы, – деп өз чечимин өзгөртүп: балага экинчи ууру кылбоону эскертип бошотот да, а атасына өлүм жазасын чыгарган экен.

Которгон О`Шакир

Комментарий калтырыңыз