Рыскулова Айзирек: Аалам алпы Айтматов (№26 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Мен бүгүн жазуучунун чыгармаларынын бири «Жамийла»повестти жөнүндө сөз баштагым келип турат. Жамийла жөнүндө сөз баштаганда Даниярды көз алдыбызга элестетебиз. Жамийла биринчи Садыкка турмушка чыгат. Бирок, ал өзү каалаган жок «Таш түшкөн жеринде оор” деген сөзгө баш ийип ата-энесинин сөзүнө каршы чыга албай айласыздан турмушка чыгат. Ошо кезде Садык Улуу Атамекендик согушка аттанып кетет. Айылда кайын энеси жана кайын иниси Жамийла болуп күн кечирип баштайт. Күндөрдүн биринде согуш талаасында жаракат алган бир жигит айылда пайда болот. […]