Айдарбек САРМАНБЕТОВ: «Адабиятты булгабаш керек, ал коридор эмес» дечү Алыкебиз

«Кымча бел», «Жуке балбан», «Мекенсиз» «Чыңгызхан. Жазылбай калган каргыш», «Кыраан», «Таасири күчтүү табып» жана «Дөбө» аттуу прозалык чыгармалардын автору Айдарбек Сарманбетов менен чыгармачылык туурасында маек… – Айдарбек байке, соңку жылдары абыдан өндүрүмдүү иштеп атат көрүнөсүз. Китептериңиз чыгып, чыгармаларыңыз башка тилдерге которулуп, өзүңүз да түрк тилдүү элдердин көрүнүктүү жазуучуларын кыргызчага оодарып, айтор, алыс-жакын боордош элдердин адабият өкүлдөрү менен тыгыс алака мамиле түзүүгө жасаган аракеттериңизге салават. Кепти ошол жааттан баштап берсеңиз… – Ооба, көптөн бери ой багып жүргөн “Жанбүдөө” тандалма аңгемелер жыйнагымды, […]

АЛИАББАС: Керооз кемпир

Алиаббас — 1957-жылы Нахичеван автономиялык областында туулган. Азербайжан мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин бүтүргөн. Прозаик. Б и р н е ч е к и т е п т и н автору. «Йазы» адабий журналында иштейт. АҢГЕМЕ Байкуш кемпирдин бул ишемби күнү толук чычканды кармоо машакаты менен өттү десе болот. Кечке жуук көңүлү чөгүп, амалсыздыгы менен алсыздыгына көпкө кейип-кепчип жүрдү. Таң эртеде күндүн кулагы чыгар замат дароо керебеттин алдындагы тешикке капканын орнотуп, өзү шыпыргысын колго алды да чычканды жалпайта чабууга камданып турду. […]

Эйваз ЗЕЙНАЛОВ: Жарык

1950-жылы Азербайжан Республикасынын Агдам шаарында туулган. 1973-жылы Азербайжан пединститутун бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. Кийин, Россия, Украинада жашап, 1993-жылы армяндар Агдам шаарын басып алганда Бакуга көчүп, туруктуу жашап калган. Алгачкы аңгемеси 9-класста окуп жүргөнүндө эле жарык көрүп, 1990-жылы «Бесцветный сон» («Түзсүз түш») аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Чыгармалары орус, түрк, грузин, поляк тилдерине которулган. 2007-жылы Европалык ФНД басма үйү Э.Зейналовго «Карабах аңгемелери» китеби үчүн мыкты мекенчил жазуучу катары Эл аралык Алтын сыйлыгын ыйгарган. 2008-жылы «Махмуд Кашгари – 1000» жылдыгына арналган түрк […]

Мухтар МАГАУИН: Ай талаадагы кыштоо

Мухтар МАГАУИН 1940-жылы Семипалатинск областынын Чубартау районунда туулган. 1962-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин, 1965-жылы аспирантурасын бүтүргөн. «Казак адабияты» гезитинде адабий сын бөлүмүн башкарган. Казакстандын Эл жазуучусу, Абай атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Мыкты котормочу. 1997-жылы түрк дүйнөсүнүн мыкты жазуучусу деп табылып, Түркиянын искусство жана жазуучулар фондунун эл аралык «Түрк дүйнөсүнө сиңирген эмгеги үчүн» сыйланган. «Казак тарыхынын алиппеси», «Комуз күүлөрү», «Комуз жана найза», «Көгүлтүр таң», «Тулпардын өлүмү», «Аяндуу кар», «Коогалуу мезгил», «Шахан шер» – адам жолборс», тарыхый «Казак ордосу» ж.б. китептердин […]