«Өлгөндөн калган адабият»: Уучу куру эмес улуттук поэзия (конкурска)

№16 Доорлор алмашып, коомдогу материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар ала сапырыкка туш болгон акыркы 27 жылдын аралыгында Чыңгыз Айматов баштаган адабият алптарын берген улуттук адабият унутта калганын субъективдүү жана объективдүү жагдайлар менен түшүндүрсө жана мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа болор эле. Бирок акын-жазуучуларды качан гана алардын көзү дүйнөдөн өткөндө эстеп, адабият жана маданият ишмерлерин акыркы сапарга узаткан «похоронное бюрого» айланып калган Маданият министрлигинин жана маданият министрлеринин ишмердигин кандайдыр бир жүйөөлүү себеп жана жагдай менен түшүндүрүү кыйын. Маданият министрлигин адабият тууралуу […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Асанбек Стамов жол тандабаган танкка окшош болчу

Алакандай аңгемелерден * * * Стамов Зейненин (Ш.Дүйшеевдин жубайы – ред.) бир тууган таякеси болорун биз баш кошкон 1979-жылы эле уккам. Бирок жардам сурап кайрылган эмесмин. 1982-жылы китеп чыгарсамбы деп, ошол учурда Нарындан которулуп, «Кыргызстан» басмасынын деректири болуп иштеп жаткан Барктабас Абакировго келип кирдим. Жаман алымда кол алдында иштеп калдым эле, балким, жардамы тиер деп ойлоп жүрбөймбү. Абакиров салкын кабыл алып, муздак узатты. Басмадан супсунум сууп чыгып баратып оюма эмнегедир Стамов түштү. «Бишкекке эми дагы качан келеримди ким билет, биротоло […]

Кален СЫДЫКОВА: Акыйкатты туу туткан…

Кыргызстандагы жалгыз университетти 1982-жылы бүтүп, иш издеп барбаган жерим, кирбеген эшигим калбай чарчап-чаалыгып, капа болуп, зарыгып күтүп, бала менен үйдө отуруп калдым. Үйгө батпай буулугам. Асмандын башын эңсеген романтикалуу жаш курак, чиркин. Же эл сыяктуу колдоп коюучу белдүү куда-сөөк, тууган-туушкан жок. Даттанар карапайым ата-энем, кайын ата, кайын энелер өз түйшүгү менен айылда. Аргам түгөндү. Эрмегим чыгармачылык менен алектенип бирдемелерди тынбай жазуу. Ошо кездеги Кыргызстандын биринчи секретарынын жардамчысы болуп иштеген капитан Курман Мусаев жолумду ачты. Кудай жалгап кайсы бир күнү капыстан […]