Аалы ТОКОМБАЕВ: Даат

АҢГЕМЕ Арашандын тентек шарынын боюнда аңгеме айтышып олтурдук, Абдулла аттуу жаш өзбек, өзүнүн кезеги менен бир сонун аңгеме сүйлөдү. Ал сүйлөөдөн илгери мага карап жылмайды да: – Мен сиз сыяктуу жазуучу эмесмин. Мен токуу фабрикасынын жаш инженеримин. Сөзүм көркөм чыкпаса, мага капа болбоңуздар? – деп жупунуланып кечирим сурады. Чынында Абдулла сөзгө чебер, мүнөзү сылык, кең көкүрөк, көркөм жигит болучу. Ал сүйлөгөндө ылайыгы менен колун колуна уруп, өзүн өзү күүлөп олтура турган адаты бар эле. Ал аңгемени мындайча баштады… …Өткөн бир […]

Аалы ТОКОМБАЕВ: Өлүм кимди коркутпайт

АҢГЕМЕ Анын Чолпон деген аты издеп тапкандай, өзү да куду чолпон сыяктуу сулуу эле. Чолпон кыз кезинде далай жаштардын жүрөктөрүн толкуткан. Менсинген жигиттер арак ичпей мас болуп, кыялдын терең дарыяларына чөмүшкөн болучу. Чолпон жигиттерден келген толгон каттарга анча терикчү эмес, жылмайып гана кылдаттык менен ачып, окугандан кийин: — Ардактуу замандаш! Кат жазганыңыз айып эмес. Бирок экинчи убара болуп, мен үчүн калем кармабаңыз,- деп кана кыска жооп жазар эле. Мындай жооп далай жигиттерди уялтып, тердеткен болсо, далайларын таттуу кыялга салып дегдеткен […]