Абайдан калган акыл-мурас

<<<<< Башы ЖЫЙЫРМА СЕГИЗИНЧИ СӨЗ Эй, мусулмандар! Бирөө бай, бирөөнүн кедей болгону, бирөө оору, бирөөсүнүн соо болгону, бирөө эстүү, бирөөсү эсер болгону; бирөөлөрдүн көңүлү жакшылыкка кылганга, бирөөлөрдүн көңүлү жамандык кылганга тартып турганы – эмнеден деп сурашса, –  сиздер, ал Кудай Тааланын буйругу менен болгон иш деп айтасыздар. Бирок, Кудай Таала бир ант урган жалкоого мал берет экен. Бир Кудайдан жалынып, тилеп, маңдай терин төгүп эмгек кылып, пайда издеген кишинин эмгегин кайтарбай, катын-баласын тыңдап багаарлык да кылбай, кедей кылат экен. Эч […]

Абайдан калган акыл-мурас

<<<<< Башы ОН БИРИНЧИ СӨЗ Ушул эл эмне кылып оокат кылып, эмне менен тиричилик өткөзүшөт? Эки нерсе менен. Алгачкысы – уурулук. Ууру уурулук менен мал табам деп жүрөт. Мал ээси уурдаткан малын таап, аны айыбы менен төлөтүп байысам дейт. Улуктар өндүрүп берем деп доочудан алып, куткарам деп уурудан алат. Карапайым адам ууруга айгак болуп бийликтегилерден сыйлык алып, ошол эле учурда уурудан арзан мал сатып алып пайда тапсам дейт. Экинчиси – бузуку, алдамчылар, бирөөнүн оюна келбеген балээни ойлоп таап, мындай кылсаң […]

Абайдан калган акыл-мурас

Адаттагыдай эле интернет дүйнөсүндө саякатта жүрүп, казак элинин улуу уулу Абай Кунанбаевдин “Кара сөздөрүнө” жолуктум. Казак-кыргыз бир тууган деп бекер айтылбайт да, окуй баштасам, Абай атабыз казактарды айтпай эле кыргыздар жөнүндө айтып жаткандай, болгондо да бир кылым мурда жашап өткөн ата-бабаларыбызды эмес, азыркы заманда айланамда көрүп-билип эле жүргөн замандаштарым жөнүндө айтып жаткансыйт. Болгону илгери төрт түлүк мал жыйнашса, ага азыр өлүү дүйнө жыйноо (кымбат баалуу машине, кабат-кабат үй, ж.б.у.с.) кошулгандай. Негизгиси жашоого болгон көз караштары, бири-бирине кылган мамилелери ошол эле […]